Кыргызга гана тиешелүү болгон улуттук тамактардан тышкары бир гана аймакка таандык болгон даамдар да бар. Жашоо шартка, калктын турмуш-тиричилигине байланыштуу андай тамактар күнүмдүк рационго кирип, ошол аймактын визиттик карточкасы катары каралып калган. Мына ошондой тамактардын айрымдарын сиздерге сунуштайбыз. Келерки сандарыбызда дагы башка тамактарга орун беребиз.
ЫСЫК-КӨЛ
КУРГАК КЕСМЕ
Камыр сууга салынбай, бууга бышырылгандыктан, кургак кесме аталып калган. Бул тамак тез даярдалганы, колдо бар азыктар менен жасалганы жана оңой бышырылганы үчүн Көл кылаасында популярдуу. Анан да «кайталангыс, өзүнө гана тиешелүү даамы бар» дешет көлдүктөр.
Керектелүүчү азыктар:
Эт – 400-600 грамм
Жуурулган камыр – 2 орточо жайым
Пияз – 1-2 даана
Болгар калемпири – 1-2 даана
Сабиз – 1 даана
Өсүмдүк майы – 400 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Кызытылган казанга май куюп, тууралган этти салып кууруйбуз.
2. Ага болгар калемпири, сабиз кошулуп дагы куурулат.
3. Этти көмгөндөй суу куюп бышыруу керек.
4. Эми камырды жука жайып, аны ичке кылып кесме кескичтин жардамы менен же колго кесүү кажет. Айрымдар камыр жайылган соң бетине май сыйпап, анан кесишет экен.
5. Эт жумшарып, бышууга аз калган маалда камырды касканга салып, эттин үстүнө коёбуз.
6. Эми казандын капкагын бекем жаап, 15 мүнөт демдөө абзел.
7. Камыр бууга бышканда аны табакка чыгарып, үстүнө эттүү чык куюлат.
8. Аралаштырып, дасторконго койсоңуз болот.
Эскертүү:
ЧҮЙ
ЖАТКАН ТӨӨ
Бул тамактын аталышы анын бышып жаткан учурдагы көрүнүшүнөн чыккан. Казандагы үстү камыр менен жабылган картошкалар төөнүн өркөчүн элестетет.
Керектелүүчү азыктар:
Картошка – 1 килограмм
Эт – 300-600 грамм
Жуурулган камыр – 1 чоң (же 2 кичине) жайым
Пияз – 1-2 даана (орточо өлчөмдөгү)
Болгар калемпири – 1-2 даана
Сабиз – 1 даана
Сары май – 200 грамм
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Даамына жараша туз, калемпир
Даярдоо ыкмасы:
1. Картошканы аарчып, чоң-чоң туурап алуу керек.
2. Кызытылган казанга тууралган этти салып, кызарта кууруйбуз.
3. Куурулган эттин үстүнө пияз, болгар калемпири, сабиз салынат. Бир аз суу куюп, жумшарып бышканча демдөө керек.
4. Бул учурда камырды жука жайып, бетине сары май сүйкөп, ороп алыңыз.
5. Эт бышканда анын үстүнө картошка тегиз салынат.
6. Картошканын үстүнө көмөр-көмбөс суу куюп, кайнаганча күтө туруңуз.
7. Камыр оролгон бойдон экиге же үчкө бөлүнүп кесилет (кээ бирөөлөр 3-4 сантиметрден кылып кесишет).
8. Казандагы суу кайнап чыгары менен камырды картошканын үстүнө салыңыз.
9. Орточо отто 10-15 мүнөт дымдап кармоо керек.
10. Тамак бышкандан кийин ширеси камырга сиңиш үчүн жакшылап аралаштырып, анан табакка салууга болот.
Эскертүү:
БАТКЕН
ӨРҮК КУРУТ
Курут кыргыздын улуттук даамдарынын бири катары белгилүү. Ал эми Баткен жергесинде курутту өзгөчө сыйлуу тамак катары аздектеп келишет. Эгер дасторконго эзилген курут берилсе, анда келген мейман өтө сыйлуу. Адатта, куруттун өрүк курут, туздуу курут деген эки түрү жасалат. Өрүк курут өрүк бышкан маалда даярдалат.
Керектелүүчү азыктар:
Айран, жакшы бышкан өрүк, сары май
Даярдоо ыкмасы:
1. Уютулган айранды мата баштыкка куюп, илип коюу шарт.
2. Жакшы бышкан өрүктү эт туурагычтан өткөрүп алыңыз.
3. Айран суусунан арылып, сүзмөгө айланганда аны казанга саласыз.
4. Сүзмөнүн өлчөмү канча болсо, ошондой өлчөмдө эзилген өрүктү кошуп, жай отто 1 саат чамасында кайнатуу керек. Кайнатуу учурунда тез-тез аралаштырып турууну унутпаңыз.
5. Сүзмө муздаганда алаканга салып тоголотуп же мыкчып формага келтириңиз.
6. Формага келтирилген куруттар эми кургатылат.
7. Даяр болгон куруттарды кышкысын, мейман келген учурда же орозо маалында талкалап майдалап казанга салып, бир аз суу куюп, эзилгенче кайнатып алуу керек.
8. Эзилген курутка сары май катыкталып, сый тамак катары берилет.
Эскертүү:
ОШ
ЧЫЧКАН МАНТЫ
Бул манты майда болгондуктан, чычкан манты деп аталат. Кадимки мантыдан айырмаланып, ичине эт эмес, картошка гана салынып, кадимки мантыдай бышырылат. Ал Ош жергесинин тургундарынын сүйүктүү тамагы болуп эсептелет.
Керектелүүчү азыктар:
Жуурулган камыр – 1 чоң (же 2 кичине) жайым
Картошка – 2 килограмм
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Пияз – 1-2 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Картошканы сууга кайнатып бышырып алабыз.
2. Муздаганда кабыгын аарчып, эзүү керек.
3. Эзилген картошкага туз аралаштырылат.
4. Эми камырды жука жайып, чарчы кылып ( 5 же 6 сантиметрден) кесиңиз.
5. Ичине эзилген картошканы салып, камырды бүктөп, четин толук бекитүү абзел.
6. Түйүлгөн мантыларды майланган касканга салып, 15-20 мүнөт бууда бышыруу керек.
7. Бул учурда көмөч казанга өсүмдүк майын кызытып алыңыз.
8. Бышкандан кийин мантылар табакка салынат.
9. Мантылардын үстү кызытылган май менен майланган соң майда тууралган пияз, калемпир себеленип коюлат.
Эскертүү:
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg