Менингит – коркунучтуу оору. Аны убагында дарылабаса, адам кереңдикке, талмага кабылат. Ал тургай өлүмгө учуроосу да толук мүмкүн. Бул оору эмнеден келип чыгат, кантип дарыланууга болот? Ушул суроолорго жооп издеп Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына баш бактык. Оору тууралуу Балдардын инфекциялык оорулары кафедрасынын башчысы Дамирахан Чыныева кеп салып берди.
УБАГЫНДА ДАРЫЛАНБАСА, КЕРЕҢДИККЕ, ТАЛМАГА АЛЫП КЕЛЕТОоруну бактериялар жана вирустар жаратат. Бул дарт оорулуунун чүчкүрүгү, шилекейи, ал колдонгон буюмдар жана суу, кир кол, тамак-аш, өбүшүү аркылуу жугат. Эпидемиялык убак – көбүнчөсү февраль-апрель аралыгы. Анткени бул убакта аба ырайы бирде жылып, бирде сууп, эл суукка көп урунуп, оорунун жайылышына шарт түзүлөт. Анын үстүнө жазга маал нымдуулук күчтүү болуп, бактериялар, вирустардын көбөйүшүн шарттайт. Узак убакыт жабык, желдетилбеген имаратта болуу, эл көп чогулган жайларда жана суукта мончодон чыгып жылаңбаш жүрүү да менингитке чалдыгууга жол ачат. Бул оорудан убагында дарыланбаса, кереңдикке, талмага алып келет.
Менингит оорусу ар 10-15 жылда эпидемияга айланып, кайра кайтып турат. Кыргызстанда акыркы ирет эпидемия 1997-жылы болуп өткөн. Аталган ооруга чалдыккандардын 80 пайызын ымыркайлар, өспүрүмдөр түзөт. Жаштардын арасынан 15-30 жаштагылар көп ооруйт. Анткени бул куракта суукта жылаңбаш жүрүп, жука кийингендер көп.
ТҮРЛӨРҮ
Менингококктуу менингит
Ооруну менингококк бактериясы козгойт. Негизинен аба аркылуу жугат. Организмге кирген соң канга өтүп, кан менен жылып баш мээнин чел кабыгын сезгентет. Өлүп баштаган бактериялардан уу бөлүнүп чыгып, ал уу эң керектүү органдарды (баш мээ, бөйрөк, боор ж.б.) ууландырат. Жүрөккө да терс таасир тийгизип, иштөөсүн бузат.
Кайталанма ириңдүү менингит
Баш мээнин чел кабыгы оорудан улам ириңдейт. Ооруну стрептококк, пневмококк бактериялары, ичеги таякчасы жана башкалар козгойт. Көбүнчөсү баш мээнин жаракатына кабылгандардын, башына же моюнуна операция жасалгандардын оорунун бул түрүнө чалдыгуу коркунучу бар. Анткени жараат алган жерден бактерия кирип, менингитти жаратышы мүмкүн. Ошондой эле адам кулагынан дамамат ириң акканына же гайморит оорусу бар туруп врачка кайрылбай өз алдынча дарыланып жүрө берсе, ал оорулардын козгогучтары мээге өтүп, ооруну пайда кылуусу ыктымал.
Сероздуу менингит
Оорунун бул түрүн вирустар козгойт. Адатта оору жайында пайда болот. Оорулуунун чүчкүрүгү, жөтөлгөндөгү шилекейи, вирус түшкөн буюмдар аркылуу жугат. Чоңдор азыраак, балдар көбүрөөк ооруйт. Эл көп түшкөн көлмөлөргө киринип, булганган сууну жутуп алганда жугуп калуу коркунучу бар.
Кургак учуктуу менингит
Кургак учук менен оорубаган адам деле кургак учуктуу менингитке чалдыгат. Аба, оорулуунун колдонгон буюмдары аркылуу жугат. Мында деле оору козгогучтар органимзге кирген соң кан менен жылып мээнин чел кабыгын сезгентет.
БАШ АРТКА ТАРТЫЛЫП, КУСУУ КҮТҮЛӨТ
Менингит оорусунда негизинен төмөнкүдөй оору белгилери жолугат:
ДИАГНОЗ ҮЧҮН ЖҮЛҮНДӨН СУЮКТУК СОРДУРУЛАТ
Так диагноз үчүн пункция жасалат. Пункция – шприц менен жүлүн суюктугунан сордуруп алуу. Ал суюктук лабораторияда текшерилип, менингитти козгогучтар бар же жок экендиги аныкталат. Пункция жасатуудан коркпоо зарыл. Анткени пункция канчалык эрте жасалса, диагноз да эрте такталып, адам оору тереңдей электе дарылана баштайт.
Дарылоодо дары-дармектер, витаминдер колдонулат. Оору белгилери билингенде эле ооруканага келбесе, адам 1-2 күндө каза болуп калуу коркунучу бар. Дарылануу 10 күн. Тамагына белокко бай азыктар: уйдун эти, балык, быштак, сүт, жумуртка, ошондой эле карагат, лимон сымал витаминдерге бай жемиштер, алардын ширелери берилет. Үйдөн кокус бирөө ооруп калса, анда калган үй-бүлө мүчөлөрү баары текшерилиши зарыл.
ООРУГА ЧАЛДЫКПАЙЫН ДЕСЕҢИЗ...
Күн суукта турак жайды жылуу кармап, убак-убагы менен форточкаларды ачып желдетүү, баш кийим кийип жүрүү зарыл. Оору жукпашы үчүн мүмкүн болушунча эл көп болгон жерлерде (мисалы, базар) жүрбөө, балдарды андай жерлерге алып барбоо зарыл. Жеке гигиенаны сактоо, оору эпидемиялары жүрүп жаткан кезде өбүшпөө кажет.
ВРАЧТЫН ТАЖРЫЙБАСЫНДА КЕЗИККЕН ОКУЯЛАР
Аман калганына сүйүнгөн
Сейнегүл аттуу айым оор абалда келди. Ал «жабык имаратта, цехте эртеден кечке чейин иштечү элем. Бир күнү башым, желкем катуу ооруп, шалдырап чыктым. Ооруканага келсем, менингит дешти. Мен ага чейин арыктайм деп узакка диета кармагам. Иммунитетим начарлап, жабык жайда иштегеним кошул-ташыл болуп, ушул ооруга чалдыгыпмын. Аман калганыма сүйүнүп жатам» деген эле.
Баласын алып кала алган жокпуз...
Бир жаш эне баласы ооруса сасык тумоолоп калган экен деп үйүндө кармап, өз билгенинче дарылай бериптир. Ооруканага кеч алып келди. Канталаган кызыл бүртүкчөлөрү некрозго (ткандардын өлүшү) кабыла баштаптыр. Канча айла кылсак да баланы аман алып калууга болбоду.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg