КРОКОДИЛДЕР ТАШ ЖУТУП АЛЫШАБЫ?
Ооба, бул таң каларлык, бирок чындык. Крокодилдер жуткан майда таштар жеген тамагын ашказанында майдалоого жардам берет экен. Анан да таштар алардын салмагына салмак кошуп, сууга терең кирүүгө өбөлгө түзөт.
КОЁНДОР ЧЫН ЭЛЕ КОРКОКПУ?
Жок, бул жалган маалымат. Ооба, мультфильмдердин көпчүлүгүндө коён коркок каарман катары берилет. Албетте, алар да башка жаныбарлар сыяктуу душмандарынан коргонушат, качышат. Бирок коёндордо деле курч, өткүр тырмак жана тиш бар экенин биле жүргүлө.
БЕГЕМОТТУН "БАЛА БАГУУЧУСУ" БАРБЫ?
Бегемоттордун ар бир үйүрүндө «бала бакча» бар экени баарыбыз үчүн таң каларлык нерсе болсо керек. Эгер эне бегемот бир жакка бара турган болсо, анда балдарын башка энеге "табыштап" кете берет экен.