2012-ЖЫЛДЫН СУПЕРХИТТЕРИ

Ырчыны ырчы кылган анын хитке айланган ырлары эмеспи. Бирок ошол ырды элге сиңимдүү, таасирдүү кылып жеткирүү үчүн азыркы убакта катар- катары менен кызыктуу клиптер тартылып жатат. Мына ошол эл назарына коюлуп жаткан клиптерди www.super.kg порталындагы СуперХит сынагы жыл бою сыдыргыдан өткөрүп келет. Бул ирет жыл жыйынтыгын чыгарып, 2012-жылдын суперхиттерин атайбыз.

Жыл ичинде СуперХитте 67 клип ат салышып, алардын алтысы үч апта бою биринчиликти эч кимге бербей, сыйлуу тизмеден орун алышкан. Алар:

    • Гүлнур Сатылганова, "Асман"
    • Дайыр Исмадияров, "Досторум"
    • Куралбек Чокоев, "Билип жүр"
    • Данияр Эрматов, "Аярым"
    • Данияр Эрматов, "Токто, жаным"
    • Асел Касымова, "Эркелеп"

Ошондой эле жыл ичинде башкалардан өзгөчөлөнгөн клиптерди атап өтөлү.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ» – «БИЛИП ЖҮР», КУРАЛбек ЧОКОЕВ
Үнү тунук, аткаруучулук чеберчилиги мыкты, дайыма жандуу ырдоого басым жасаган Куралбек Чокоев клип тартууга да олуттуу көңүл бөлөрүн байкасак болот. Бек Борбиевдин «Билип жүр» аттуу ырына жаңы дем, жаңы жашоо берип, анын аткаруусунда бул ыр кайрадан хитке айланды. Көп өтпөй Куралбек өзү айткандай «пафосу» жок, жөнөкөй, бирок ошол эле убакта абдан кызыктуу клип тарткан эле. Ал клип СуперХитке кошулар замат сынактын төрүн эч кимге бербей, үч ирет биринчиликти багындырып, сыйлуу тизмеге кошулду. Жакында эле "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча «Жылдын супер клиби» наамын багындырды.

СУПЕРХИТТЕ «ЭҢ УЗАК УБАКЫТКА КАРМАЛГАН КЛИП» – «АДАШТЫМ», КАНЫКЕЙ
"2012-жылдын супер ыры" наамына арзыган «Адаштым» аттуу ыр – Нурбек Эгендин «Ээнсиреген үй» тасмасынын саундтреги. Аны Каныкей ырдап, ага клип да тартылган эле. Клипте жашоонун ачуусу менен таттуусу, өйдө-ылдыйы жанаша жүрөрү көрсөтүлгөн. Ырда «адаштым» деп ырдаганы менен, клип тартууда чыгармачылык топ кымындай да адашпаган бейм, клип СуперХитке жыл ортосунда кошулуп, эмдигиче ал үчүн добуш берген колдонуучулар көп. Бул клип 2012-жылы сынакта 25 апта кармалып, 2 ирет биринчиликке жетишти.

SUPER.KG ПОРТАЛЫНДА «ЭҢ КӨП КАРАЛГАН КЛИП» – «СҮЙ ДЕЙМИН», ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ
Бир гана кыргыздын сүйүктүү ырчысы эмес, коңшулаш өлкөлөрдө да өзүнүн уккулуктуу ырлары менен күйөрман топтоого жетишкен Ильяз Абдыразаковдун көп ырлары жарыкка келер замат хитке айланат. Порталыбызда «башка ырчылар жылына бир-эки ыр жаратса, Ильяз жумалап жаңы ырларды жазат» деген сыяктуу билдирүүлөрдү ырчынын күйөрмандары байма-бай калтырышат. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Ильяз Абдыразаковдун «Сүй деймин» аттуу ыры чыгып, көп узабай ырга клип да тартылган. Бул клип порталга жүктөлүп, СуперХит сынагына жыл аягында кошулса да, "2012-жылда колдонуучулар тарабынан эң көп каралган клип" деп табылды.

«КӨП ТАЛКУУГА АЛЫНГАН КЛИП» – «ЛЕЙЛЕКТИК КЫЗГА», ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ
Мурун жалаң кайгылуу ырларды аткарып жүрүп, «бүттү, мындан ары кайгылуу ыр ырдабайм» деп сөз берген Гүлжигит Сатыбеков "Лейлектик кызга", «Тико», «Ошко сапар» сыяктуу бир нече тамашалуу ырларды жаратканга үлгүрдү. Алардын ичинен «Лейлектик кызга» аттуу ырына тартылган клиби учурда СуперХит сынагында. Аны "2012-жылы көп талкууга алынган клип" деп атоого арзыйт. Себеби ал порталга жүктөлгөн мүнөттөн тартып кызуу талкууга алынып, дале колдонуучулардын кызыгуусунда. Кээ бир колдонуучулар клиптеги кыздын кундуздай төгүлгөн чачына суктанышса, кээ бири ырдагы «жүгөрүнү мака дейт» деген саптары боюнча талашып бүтүшө элек.

Гүлзат Мамытканова
forum@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
zuzu86
2013-01-14 15:25:25
а кто такой Данияр Эрматов???
-1
Nurik555
2013-01-15 02:28:16
zuzu86, ким болмок эле ырчыда данияр эрматов
0
aika2009
2013-01-15 14:12:47
zuzu86, данияр эрматовду мен деле тааныбайт экенмин и так ушул ырчылардын норма ырларын уксак болот!
0
altinim
2013-01-15 12:26:12
каныкей сага ийгилик нукура кыргыз кызы!
0
Krasnyi.kg
2013-01-15 12:45:13
Мага дурудум жакты
0
aika2009
2013-01-15 13:38:23
ооо мага дурудум яман жагып коет даааа!ооо а лейлектик кыз жанырганда денелерим озу эле кыймылдап ортого таштайт !
0
capslock
2013-01-15 14:06:29
aika2009,
Кичине жакшы жазсан ыраазы болмокмун урматтуум. Создун коркун кетирип яман жебей:(
Каныкей мыкты, Ильяз эл сыймыгы, Гулжигит таланттуу, Куралдын уну "натурал" да
+1
altinim
2013-01-15 16:58:36
capslock, биз шонтип жазавыз да биз шунтипесек боввойтта :)
+1
aika2009
2013-01-15 22:24:22
altinim, шону айтсан, ииич боуойтат да шу ырларды угуп ямман эле яман болуп атамда)))))
+1
aika2009
2013-01-15 22:22:15
capslock, ямман эле болгон окшойсун аа?яманды окуп ))))))
+1
erko77
2013-01-16 12:04:55
да Абдразаков.всегда первый.
0
Umnitsa
2013-01-17 03:03:00
Ей ямандар каяктан болосунар диалектибиз бир екен.
+1
askar92
2013-01-17 21:39:05
ээ койгулачы тамашанарды баарына ийгилик эрматов жакшы ырдайт
0
№ 532, 11-17-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан