Жаңырган жылдын 7-январь күнү Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФА чакан салтанат уюштуруу менен 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарып, футбол жаатында «Жылдын мыктыларын» аныктады. Макаланы ушул теманын тегерегиндеги талаш-тартыштарга арнамакчыбыз.
"АЛТЫН ТОП" КОЛЛЕКЦИЯСЫ
Бул күнү "Жылдын мыкты футболчусуна" ыйгарылуучу «Алтын топ» байгесин аргентиналык Лионель Месси 4-ирет утуп алды. Ошентип, аты рекорд менен синонимдешкен Месси "Алтын топту" үч ирет уткан Йохан Кройф, Мишель Платини жана Марко ван Бастенден ашып түштү. Биздин күндөрдө тарых жазып жаткан Месси: «4-ирет мыкты аталуу – укмуштуу көрүнүш. Сезимдерди айтып жеткирүүгө сөз таба алган жокмун",- деди. "Жылдын мыкты футболчу айымы" Эбби Вамбах (АКШ) болсо, «Жылдын мыкты машыктыруучусу» наамы Испания курама командасынын башкы машыктыруучусу Висенте дель Боскеге тийди. Айтылуу венгер футболчусу Ференц Пушкаштын аты берилген «Кооз гол» наамында словакиялык Мирослав Стох жеңүүчү аталды.
ФИФАнын версиясы боюнча 2012-жылдын символикалык курамына төмөнкү футболчулар кирди: И.Касильяс ("Реал"), Д.Алвеш ("Барселона"), С.Рамос ("Реал"), Х.Пике ("Барселона"), Марсело ("Реал"), Х.Алонсо ("Реал"), Хави ("Барселона"), А.Иньеста ("Барселона"), К.Роналду ("Реал"), Л.Месси ("Барселона") жана Р.Фалькао ("Атлетико"). Ошондой эле жыл бою футболдун өнүгүшүнө салымы зор инсандарга каралган
ФИФАнын президентинин атайын сыйлыгы бул жолу германиялык Франц Беккенбауэрге буюрса, «Таза оюн» ("Fair play") сыйлыгы Өзбекстандын Футбол федерациясына тапшырылды.
"АЛТЫН ТОП" ТУУРАЛУУ
«Алтын топ» байгесин 1956-жылы франциялык «France Football» спорттук басылмасынын башкы редактору Габриэль Ано негиздеп, бүгүнкүгө чейин 56 жолу тапшырылды. Сыйлык башта Европада
УЕФАнын желеги астында ойногон футболчулардын ичинен тандалып, мыктысына берилчү. Ошондуктан 1956-1995-жылдар аралыгында бул сыйлыкты жалаң европалыктар гана алып келишкен. Пеле менен Марадонанын аталган сыйлыкты албаганы да ушул себептүү. 1995-жылдан тарта сыйлык европалык клубдарда ойногон түрдүү континенттин өкүлдөрүнө тапшырыла баштаган. 2007-жылы жобо кайра өзгөрүп, дүйнөнүн бардык клубдарында ойногон футболчуларына добуш берүүгө мүмкүн болуп калды.
АДИЛЕТСИЗДИК ДЕГЕНДЕР ДА БАР...
2010-жылы "France Football" басылмасынын версиясы боюнча тапшырылуучу «Алтын топ» байгеси менен ФИФАнын версиясы боюнча «Жылдын мыкты футболчусу» наамдары бириккен. Сыйлык ээсин ФИФАга мүчө болгон улуттук курама командалардын башкы машыктыруучулары жана капитандары талапкерлердин жыл ичиндеги командалык жана жеке жетишкендиктерине карап аныктай башташкан. Ушул күндөн баштап ФИФАнын дарегине да сын айтыла баштаган.
Месси мыкты. Бирок... Акыркы 4 жыл ичинде «Мессизм» доору өкүм сүрбөгөн дүйнөнүн чоло жери калбады. "Футбол" деген термин колдонулган жерде анын номери, аты жазылган форманы кийген өспүрүмдөргө сан жетпейт. Роналду менен Иньестага караганда Лео көбүрөөк аздектелип, күн санап рекорд жаңылоонун үстүндө. Бирок күйөрмандар «2012-жылы ал командасы менен Испаниянын кубогунан башка эч нерсе ута алган жок» деп быйылкы сыйлыкты ага туура көрбөй жатышат. Андан айырмаланып Иньеста Испания менен Европа чемпиону аталса, Криштиану Испаниянын Лигасын утту. Негизи, киргизген голдор, рекорддор эмес, 1-орунда мелдештер каралышы керек эле.
Атаандаштык жоголуп кетти. Ооба, мындай деңгээлдеги сыйлык тапшырууда адилетсиздик болушу мүмкүн эмес. Бирок мурункудай атаандаштык жоголуп кеткенин эске алып, футбол сүйүүчүлөрү бул жолку сыйлык Мессиге буюрарын болжошкон. Сыйлык ээсин аныктоо иши курама командалардын машыктыруучулары менен капитандарына тапшырылышы эле жеңиш Месси тарапта экенин айткан. Анткени алар оюнчунун жетишкендиктерин талдап, калыс баа берүүнүн ордуна, өз табиттерине карап тандап көнүшкөн. Бир чети какшыктап, «бул сыйлыкты Мессиден башка мыкты бирөө алуусу үчүн же Месси ойнобош керек, же 209 курама команданын башкы машыктыруучулары менен капитандары алмашыш керек» деген сөздөр чыкты.
Баары «Барселона» үчүн... Мессинин ийгилиги ошол эле учурда «Барселонанын» да ийгилиги эмеспи. Ошол себептен
"УЕФА менен ФИФА «Барселонаны» колдойт" деген имиштер да чыккан. Кезинде бул имишти чыгарган мадриддик «Реалдын» башкы машыктыруучусу Жозе Моуриньёнун ушул салтанатка баруудан баш тартканын айрым ММКлар ошол сөзү менен байланыштырды. Ал эми сыйлыктан куру калган Криштиану Роналду: «Үмүт бар. Аракет кылып, "Алтын топту" алса болот»,- деди. «Барселона» менен Испанияга тартат» деген кепке бир чети ишенгиң келет. Анткени жылдын символикалык курамына кирген 11 оюнчунун баары Испаниянын чемпиондугунда ойношот. Башка лигаларда ойногон Златан Ибрагимович, Жанлуиджи Буффон, Андреа Пирло, Дидье Дрогба сыяктуу оюнчулар деле тезек терип жүрбөй, мыкты оюн көргөзүшкөнүн ким танат?
Криштиану Роналду:– Жакындарымдын айтканына караганда, Мессидеги күч менде да бар жана мен да кеминде 3 ирет «Алтын топту» алууга татыктуумун. Карьерамдын аягына чейин бул сыйлыкты алам деп ишенем. Мен бир иш кылсам, баарынан мыкты болууну, биринчи болууну жактырам.
Андрес Иньеста:– Месси ушул темпте ойной берсе, 5-ирет «Алтын топту» аларынан шегим жок. Аны менен бир заманда жашоо, бир командада ойноо мен үчүн сыймык»
МЕССИ ТУУРАЛУУ АТАКТУУЛАРДЫН АЙТКАНДАРЫ