Жакында Индиянын Пуна шаарында кикбокстун лоу-кик версиясы боюнча Азия чемпиондугу орун алды. Мелдеште уруш искусстволору боюнча Бүткүл дүйнөлүк оюнга жолдомо ойнотулуп, 6 салмак категориясы боюнча 12 жолдомо каралган. Кыргызстандын желеги астында аттанган 17 мушкердин 16сы олжо менен кайтышты.
3 мушкер коло, 9 кикбоксчу күмүш тагынса, Алексей Федосеев (67 килограмм салмакта), Ален Офойо (75), Сталбек Дарканбаев (71), Кумар Жалиев (81) жана Рашит Аманкулов (91) чемпиондук менен катар эле жолдомо менен кайтышты. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан Иран, Казакстан жана Өзбекстан командаларын артта калтырды. Жолдомолор жарым орто салмактан өйдөкү салмактарда каралгандыктан, айрым биринчи оруну алган спортчулар жолдомо алган жок.
Эске салсак, уруш искусстволорунун бүткүл дүйнөлүк оюндары быйыл октябрь айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт. Кикбокстон тышкары спорттун олимпиадалык жана олимпиадалык эмес түрлөрүнөн 14 спорт боюнча медалдар ойнотулат. Кыстыра кетсек, бул оюнга мекендешибиз Валентина Шевченко Перунун атынан чыгып, жолдомо алган.