Кыргыз футболуна наалат айтылып бүтпөгөнү менен, көз тийбесин, бизде кичи футбол өнүгүү жолуна түштү. Футзал боюнча Кыргызстан курама командасы 2012-жылдын жылдык жыйынтыгы боюнча чыгарылган рейтингде дүйнөнүн мыкты 40 командасынын катарына кирди. Ай башында жарыяланган кичи футбол боюнча улуттук курама командалардын рейтингинде Кыргызстан карамагындагы 1071 упай менен 37-орунда турат. Рейтингде сап башында Бразилия, Испания жана Италия өлкөлөрү турса, коңшулаш Өзбекстан 24-орунда, ал эми Казакстан 35-орунда турат. Билсеңиздер, Кыргызстан кичи футбол боюнча Азия футболдук конфедерациясынын рейтингинде 6-орунда. Келечек дагы алдыда. Азыр ушуга каниет кыла туралы...
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg