Таң калычтуу, бирок уюлдук телефон, болгону, бир нече жыл мурун гана пайда болуп, азыр кишинин сөзсүз колдоно турган буюмуна айланды. Ал дүйнө жүзү менен байланышта болуп турууну камсыздап, ошону менен бирге эле стилдүү аксессуарлардын катарын да толуктайт. Уюлдук телефондорго суроо-талап өскөн сайын ал чөнтөкчүлөрдүн капчыктан кийинки эле аңдыган бутасы болуп калган. Учурда бардык катталган кылмыштардын үчтөн бир бөлүгүн уюлдук телефондорду уурдоо түзөт. Чынында, бул сан мындан да көп болушу мүмкүн, себеби «баары бир табылбайт» деп милицияга кайрылбай койгондор көп.
КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?
Милиция кызматкерлеринин бир ооздон ырастоосуна караганда, чөнтөк уурулуктарынын көпчүлүгүнө өзүбүз күнөөлүү болот экенбиз. Өзүбүз керексиз учурда деле маанилүү документтерди, банктык карталарды жаныбызга алып жүрүп же сумканын оозун ачык таштап коёбуз. Ал гана эмес, автобуста же маршруткада баратып таанышыбыз менен телефондон канча айлык алганыбызды же буюм алганы баратканыбызды айтып сүйлөшөбүз. Бул ууруларды сөзсүз түрдө өзүнө тартат эмеспи.
КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?
Чөнтөкчүлөрдүн курмандыгы болууну каалабасаңыз, төмөнкүлөрдү эстей жүрүңүз.
ЭГЕР УУРУНУ КАРМАП АЛСАҢЫЗ...
«УУРДАТСАҢЫЗ, СӨЗСҮЗ МИЛИЦИЯГА КАЙРЫЛЫҢЫЗ»
Чүй облустук ИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Асан Токтомамбетов: – Чөнтөкчү уурулар негизинен эл көп, тыгын болгон автобус, маршрутка сыяктуу коомдук унааларда, базарларда иштешет. Кышында телефонду ички чөнтөккө салып жүрүп, жайында болсо базар аралаганда же коомдук унааларга түшкөндө колго эле кармап алган оң. Көп учурда уурдалган телефондор базарлардагы алып-саткандардан же эмгиче экинчи-үчүнчү адамга сатылып, колдонулуп жүргөндөрдөн табылат. Мындай учурларда алар «мен базардан же башка жерден сатып алгам» деп келип эле ууруга жетпей чынжырча үзүлүп калат.
Негизи, телефонду жаңы сатып алуу керек, арзанына карап мурун колдонулганын сатып алган учурда да базарда дайыма иштеп турган орундан гана сатып алуу зарыл. Ал эми «коридорчу» деп аталган базарларда бир орунда турбай, басып жүрүп саткандардан албай эле койгон оң. Себеби алган телефонуңуз уурдалбаган болсо да, эгер бузулуп калса аларды таппайсыз, тапсаңыз да далилдеп бере албай калышыңыз толук мүмкүн. Кепилдик кагазын бере ала турган соода орундарынан гана сатып алуу керек.
Ууруну байкап калсаңыз, анын өң-келбетин, кийип жүргөн кийимин жаттап калып, чукул арадагы милиция бөлүмдөрүнө кайрылуу керек. Өзүнүкүн уурдатпаса да, жарандык милдетин аткарып, кылмышкердин фотороботун түзүүдө жардам берип, аны кармоого салым кошмок.
Эгер сиз сатып алган телефон уурдалган же ээсинен тартып алынган болсо, жагымсыз окуяга кабылып калышыңыз мүмкүн. Жабырлануучу арыз жазып, милиция кызматкерлери телефон аркылуу сизди баары бир табышат. Үйүңүздүн алдына келген милиция кызматкерлерине шектүү катары сурак берген эч кимге деле жакпаса керек. Ошондуктан бул кеңештерибиз телефонуңузду уурулардан сактап калууга жардам берет деп ишенебиз.
ЧӨНТӨКЧҮЛӨР ТУУРАЛУУ
20-кылымдын баш чендеринде чөнтөкчүлөр кылмыш дүйнөсүнүн ак сөөктөрү катары эсептелген. Уурулук шыкты өстүрүү үчүн бир нече жыл машыгуу талап кылынган. 20-кылымдын башында Англия менен Францияда чөнтөкчүлөрдү даярдоочу атайын мектептер болгон. Окутуунун тартиби өтө катаал болуп, укпаган окуучуларды балак алып жазалашкан.
Орусиядагы чөнтөкчүлөрдүн эң атактуусу болуп «Инженер» деген каймана аттуу Миша Полонский эсептелген. Ал саат канча болгондугун билүү үчүн бирөөнүн саатын уурдап коё алган. Мындан сырткары ал жөнүндө ар кандай легендалар айтылып, ал легендалар полициянын (кийинчерээк милициянын) протоколдорунда тастыкталып турган. Криминалды изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү мыйзамдагы уурулар чөнтөкчүлөрдөн жана карта шулерлеринен чыккан деп эсептешет. Назик колдорун аяп иштебеген чөнтөкчүлөр кара жумушка иштеткен каторга, түрмө жана лагерлерге түшүүдөн коркуп турушкан. Ошондуктан зонага түшүп калганда жашап кетүү үчүн чөнтөкчүлөр менен шулерлерге бийликти тартып алуу зарыл болгон. «Мыйзамдагы уурулар» да ушундан улам келип чыккан. Бирок уурулук кесиптин бүгүнкү күндө «каралар дүйнөсүндө» мурункудай сый-урматы жок.
Чөнтөкчүлөрдү ыкмасына жана уурдаган ордуна карап ар кандай түргө бөлүшөт.
«Ширмачтар» курмандыгынын чөнтөгүн, портфелин же баштыгын колуна илип алган плащы менен жаап турат. Плащтын астындагы колу кардарынын чөнтөгүн тазалагыча, бош колун кыймылдатып алаксытып турат. Кээде плащтын ордуна башка кийим же чоң гүлдесте болуп калышы да мүмкүн.
«Трясундар» тыгындарда иштешет, көбүнчө коомдук транспортто. Алар «объектке» кыналып туруп алат да, жыгылып бараткан киши болуп ылдам, бирок түз соккулары менен чөнтөктү аңтарып чыгышат. Мунун бардыгы бир секунддан ашык убакытка созулбайт.
«Писарлар» баштыкты же чөнтөктү курч буюмдар (лезвие же курчутулган тыйын) менен кесишет. Мындай учурда капчык өзү эле түшүп калат. «Писарлардын» арасында «хирург» аталгандар да бар, алар уурулукта скальпель колдонушат. «Писардын» өзгөчөлөнгөн белгиси болуп денесине тартылган каздын канаты менен китеп жазып жаткан монахтын татуировкасы эсептелет.
«Балыкчылар» өз иштеринде балык кармоочу кайырмак колдонушат. Кайырмак менен баштыктан же чөнтөктөн капчыкты илип алышат. Булар көбүнчө поезддерде иштешет, үстүнкү текчеге чыгып алып төмөнкү коңшусунун мүлкүнө кайырмагын түшүрүшөт.
«Щипачтар» булар башка категориядагы чөнтөкчүлөрдөн айырмаланып жумушка тобу менен чыгышат. Бирөөсү курмандыгын алаксытып турса, калгандары анын баштыгын же чөнтөгүн аңтарганга үлгүрүшөт, көбүнчө майрамдык мааракелерде иштегенди жактырышат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg