КАНДАЙ ЖАЗДЫК БАШКА ЫЛАЙЫКТУУ?

ЖАЗДЫК ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?
Жакшы жаздык жаткан адамдын башын жана моюн омурткасын бирдей кармап туруусу керек. Андыктан жаздыкка башты жана моюнду тегиз тийгизип жаткан туура. Жаздыгы жок жаткан адамдын моюн омурткасы ийрейип, толук кандуу эс албай калат. Мунун таасири баштын жана омуртканын оорушуна алып келет.

ЖАЗДЫКТЫ ТУУРА ТАНДАҢЫЗ
Формасы
Формасына ылайык жаздыктар классикалык жана ортопедиялык болуп экиге бөлүнөт. Классикалык жаздыктар көпчүлүк колдонгон кадимки төрт чарчы формада болот. Ал эми ортопедиялык жаздык моюн бөлүктү коюуга ылайыкталган дөңчөсү бар формада жасалат.

Калыңдыгы
Жаздыктар негизинен 6дан 16 сантиметрге чейин калыӊдыкта болот. Көпчүлүк адамдарга 10-14 сантиметр калыӊдыктагы жаздык туура келет. Бирок өзүңүзгө ылайык болуусу үчүн жаздыктын калыӊдыгы сиздин ийиниңиздин туурасы менен тең болушу шарт.

Катуулугу
Эгер сизге капталдан жатып уктоо ылайыктуу болсо, анда катуу жаздыкты тандаңыз.
Эгерде чалкаңыздан жатып уктасаңыз, орто катуулуктагы жаздык туура.
Ал эми көмкөрөңүздөн жатып уктаган ыңгайлуу болсо, анда сизге жумшак жаздык керек.

Жаздыктын ички материалы
Жаздыктын ичине табигый жана синтетикалык материалдар салынат.

Табигый материалдар менен толтурулган жаздыктар
1) Канаттуулардын канаты жана мамык жүндөрү уктап эс алууга эң жакшы шарт түзөт. Койдун жүнү толтурулган жаздыктар ден соолук үчүн пайдалуу. Ал кызыл жүгүрүк, муун жана булчуң оорулары бар адамдарга жакшы таасирин берет. Кемчиликтери – жүндөр бат эле томолоктошуп, жатууга ыңгайсыздык жаратат. Эгерде жакшы тазаланбаган жүн болсо, анда ал жагымсыз жыттанып турат. Бул кене, кантала сыяктуу зыянкечтердин жаздыкка топтолуусуна жол ачат. Эскертүүчү жагдай, жүндөн аллергиясы бар адамдар үчүн табигый материал толтурулган жаздыктарды колдонууга болбойт.
2) Жибек менен толтурулган жаздыктарда эч кандай жыт болбойт, аллергияга таасирин тийгизбейт жана томолоктошпойт. 10 жылга чейин колдонсоңуз да сапатын жоготпойт. Баасы кымбат.
3) Өсүмдүктөр менен толтурулган жаздыктардын артыкчылыгы – аңкыган жыпар жыты эс алууга жагымдуу шарт түзөт. Ошондой эле башка массаждык таасир тийгизип, эч кандай аллергияны козгобойт. Кемчилиги – 2 жыл гана чыдайт, ары-бери кыймылдаган сайын кытыраган үн уйкуга тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
4) Табигый латекс. Бул тропиктик гевея дарагынын жумшартылган чайырынан жасалат. Мындайча айтканда, кадимки каучук. Бул жаздыкка башы тийген адам анын серпилгичтигин, баштын формасына ылайык ар кандай абалда өзгөрүп турарын сезет. 20 жылга чейин колдонууга жарайт. Бирок баасына көптөрдүн капчыгы туура келе бербеси бышык.
5) Табигый материал толтурулган жаздыктардын эң арзаны пахта жаздык. Артыкчылыгы – аллергияны козгобойт. Ал эми кемчилиги – тез эле томолоктошуп, колдонуудан эрте чыгат.

Синтетикалык материал толтурулган жаздыктар
Аллергиясы бар адамдар синтетикалык материалдар толтурулган жаздыкты колдонушат. Синтетикалык жаздыктардын да бир нече түрү бар.
Синтепондун жыты жок, аллергияны козгобойт, кене, кантала сыяктуу зыянкечтерди өзүнө тартпайт. 7-10 жылга чейин колдонууга болот. Кир жуугуч машинага салып жууганга мүмкүн.
Комфорель үлпүлдөгөн синтетикалык буладан шарик түрүндө даярдалат. Бул да аллергияны козгобойт, жаздыктын калыбын жоготпойт жана оңой жуулат.
Силикон жаздыктар табигый латекс сыяктуу серпилгич касиетке ээ. Дагы бир кызык жери – бул жаздыкты чапкылаган сайын көөп, жумшак болуп калат.

ЭГЕР...
Жатканда жаздыктын же башыңыздын астына колуңузду коюу адат болсо, демек, сиздин жаздыгыңыз жапыз болуп жатат.
Түз жатууда денеңиз ыңгайсыз абалда болуп жатса, анда өтө бийик жаздыкка жатып алгансыз.
Эртең менен турганда мойнуңуз, ийиндериңиз ооруксунуп калса, анда жаздыгыңыз өтө жапыз болуп калган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kg_07
2013-01-16 03:27:45
mm
0
№ 532, 11-17-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан