Чычкандардын үйдөгү оокаттарды кемирип, тамак-ашка мурдун тыгып, уурулук кылган салты бар. Бул салты өзгөчө кыш мезгилинде, талаада дан эгин жок калганда күч алат эмеспи. Анан да чычкандар адам өмүрүнө коркунуч алып келе турган бир топ оорулардын козгогучтарын алып жүрөрү белгилүү. Андыктан алар менен табакташ болбой, жок кылып, үйдөн алыс кубалоо зарыл.
ҮЙГӨ ЖОЛОТПООНУН АМАЛДАРЫ
Эң биринчи кадам чычканды кантип кармаш керектигинде эмес, аны үйгө жолотпоодо. Бул үчүн төмөнкү аракеттерди көрүүңүз абзел.
Күл
Кадимки жыгачтын күлүнүн курамында жегич (щёлочь) заттар болгондуктан, чычкандарды коркутуучу каражат. Себеби чычкандын организмине күл кирип кетсе, ички органдарын зыянга учуратат. Мына ошондон улам чычкандар күлдүн үстүнөн басып өтүүдөн коркушат. Андыктан үйдүн, кампанын тегерегине күлдү сээп чыкса чычкан жолобойт.
Бөтөлкө
Ичи бош айнек бөтөлкөлөрдү үйдүн айланасына көмүп чыгуу керек. Бул үчүн бөтөлкөнүн оозун бир аз жерден чыгарып, 45 градус жантайыңкы абалда көмүү зарыл. Жел болгондо бөтөлкөдөн күңгүрөгөн дабыш чыгып турат жана ал жер алдындагы чычкандарды үркүтүп, үйдүн тегерегинен алыстатууга жардамчы болот.
Карагат
Кара карагаттын жыты чычкандарга жагымсыз. Карагат тиксеңиз түшүмүн да алып, үйүңүздү да кемирүүчүлөрдөн коргой аласыз. Кыштын күнү карагаттын кургатылган жалбырактарын үйдүн ичине илип коюу да жардамын берет. Ошондой эле ромашка, сарымсак, пияздын жыты чычкандар үчүн жагымсыз жыт болуп саналат.
Кирпи, мышык
Кирпи жана мышык – чычкандардын негизги душманы. Бул эки жандыктын жыты бар жерден чычкандар жаа бою качышат. Анткени аларга жем болуп калгысы келбейт.
КЕЛЕМИШТЕРГЕ АҢ УУЛОО ЗАРЫЛ
Келемиштер чычкандарга караганда акылдуу, митаам келишет. Оңой менен колго түшпөйт жана ар бир кадамын айлана коопсуз экендигин билген соң гана ташташат. Үйгө жакын жолотпоо үчүн жогорудагы айтылган күлдү үйдүн тегерегине сээп чыгуу менен алардын жолун тосууга аз да болсо мүмкүнчүлүк бар. Бирок анын да жолун таап, үйүңүздүн төрүнөн орун алган келемиштерди жок кылуудан башка арга жок.
Келемиш кармоочу мышык
Мышыктардын ичинен келемиштен коркпогон, келемиштерди кармоочу мышыктын түрү бар. Мына ушул мышык гана аларды жок кылууга күчү жетет.
ЧЫЧКАН ЖАНА КЕЛЕМИШТЕРДИ ЖОК КЫЛУУЧУ КАРАЖАТТАР
Гипс жана акиташ
Чычкан, келемиштерди өлтүрүүнүн жеңил жолдорунун бири – акиташ жана гипс. Бул үчүн акиташ менен кумшекерди же гипске унду аралаштырып келемиштерге азык кылып берүү керек. Муну жеген келемиш өлөт.
Капкан
Капкандар көптөн бери колдонулуп келаткандыктан, келемиштер капканга түшүүдөн сактанып калышат. Капкандардын ичинде келемишти өзүнө тарта турган жыт кошулган, үстүндө желим сыйпалган кагаз капкандар бар. Бул капкандын үстүнө келемиш, чычкандар жабышып калат да, чыга албай, ордунда ачкадан өлөт.
Химиялык каражаттар
Атайын кемирүүчү зыянкечтер үчүн чыгарылган химиялык ууландыруучу каражаттар бар. Бирок аларды колдонууда сыртындагы көрсөтүлгөн эрежелерди сактабаса, адамдын ден соолугуна да зыянын тийгизет.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg