Чек ара чырлары бардык эле жерде, анын ичинде биздин өлкөдө да болуп келет. Бирок бул жолкудай чек арадан өтүп келип жарандарды барымтага алып кеткен учур сейрек гана болот. Баткен облусундагы Өзбекстанга тиешелүү Сох анклавында болгон чырлуу окуя көптөгөн адамдарды тынчсыздандырып турган чак.
ЧЕК АРАНЫ БИЗ ТОССОК БОЛБОЙБУ?
Өткөн жылдын декабрь айында Баткен районунун Чарбак айылына Кыргызстан чек ара тосотун койгон. Аталган тосотко чек арачылар ушул жылдын 5-январында электр линиясын тартмакчы болгондо, бул тосоттун ачылышын башынан эле жактырбай келген Өзбекстанга караштуу Сох анклавындагы Хушяр айылынын тургундары каршылык көрсөтүшкөн. Ал тургай чек арачылар казган чуңкурларды толтуруп, электр мамыларын жыга башташкан. Ал эле эмес, чек арачыларды көздөй таш да ыргытышат. Акыры чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок чыгарганда тарап кетишкен. Чек арачылар ал жер кайсы өлкөгө тиешелүү экендигин аныктоо үчүн Өзбекстан тарапты чакырган учурда алар келишкен эмес.
Эртеси аталган айылдын 700дөй тургуну кайрадан чогулуп келип, электр мамыларын оодарып, зымдарды үзүп, жолдон өткөн автоунааларды (жалпысы 15 автоунааны) талкалап киришкен. Айылдан өтүп бараткан жолоочуларды жана Кыргызстандын аймагына кирип, Чарбак айылынын бир нече тургундарын барымтага алып кетишип, аёосуз сабашкан. Окуя болгон жерге барган айылдын аймактык инспекторун да сабашып, автоунаасын талкалап салышкан. Ошол учурда чек арачылар келип, аны сабап жаткан жеринен алып кетишкен.
Өзбек тарап 30дай кыргыз жаранын барымтага алышса, анын 14үн (аялдар менен жаш балдарды) 7-январь күнү бошотуп, калганын түштөн кийин гана коё беришкен.
Баткен облустук ооруканасына 8 адам жаткырылып, 12 кишиге медициналык жардам көрсөтүлдү. Негизинен, алар баш мээнин чайкалышынан жана денесинен жараат алып түшүшкөн.
«АЙЫЛЫБЫЗГА КИРИП, САБАП АЛЫП КЕТИШТИ»
Өзбек тарапка барымтага түшүп, бошотулгандардын бири, Чарбак айылынын тургуну ИСРАИЛ КЕНЖЕБАЕВ учурда Баткен райондук ооруканасында дарыланууда. Бул окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:– Мен 6-январь күнү Чарбак айылында элем, бир топ өзбек жарандары, 16-18 жаштагы тажик улутундагы балдар жүгүрүп келип мени сабап, машинамды талкалап салышты. Анан Хушяр айылынын ооруканасына чейин сабап, тээп алып барышты. Ал жерде 15тей кыргыз барымтада кармалып, аларды өзбек укук коргоочулары кайтарып турушуптур. Ошол жерде 1 сутка жатканыбыздан кийин эртең менен аялдарды жана жаш балдарды, ал эми түштөн кийин бизди бошотушту. Денем жанчылып ооруп, ооруканада дарыланып жатам.
Чарбак айылынын аймактык инспектору ЧЫҢГЫЗ АБСАТТАРОВ:
– 6-январь күнү Чарбак айылында Хушяр айылынын тургундары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөлү деген максатта баратканбыз. Бизди 50-60 адам болуп ур-токмокко алып, сабап салышты.
КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн коргонуу иштери боюнча орун басары Саиджан Эратов «өзбек тарап күнөөлүү жана алар келтирилген чыгымдарды төлөп берсин»дейт.– Биз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Сох анклавында Өзбекстан жарандары тарабынан барымтага алынган кыргыз жарандарын бошоттук. Азыркы учурда абал тынч.
Сох анклавында жашаган өзбек жарандарына Кыргызстандын жеринен агып өтүүчү агын сууну берүү токтотулат. Суу Кыргызстандын аймагынан чыгат. Буга чейин ал сууну бир аптанын 5 күнүндө өзбек жарандары, калган 2 күнүндө кыргыз жарандары колдонуп келишкен. Аталган айылдын тургундары кыргыз айылдарынын жайыттарына өздөрүнүн мал-жандыктарын жайып жүрүшкөн, эми ага да тыюу салынат. Электр мамыларын жыгып, жарактан чыгарышкандыгынын кесепетинен учурда Чарбак айылынын эли электр жарыгысыз отурат. Сох районунун акими Табакан Ракимов "келтирилген бардык чыгымдар төлөнүп берилет" деп билдирди.
Ал эми Өзбекстан чырдын чыгышына Кыргызстандын чек арачыларын күнөөлөөдө. Алардын маалыматына караганда, кыргыз чек арачыларынын электр мамыларын мыйзамсыз орнотушу Хушяр айылынын элинин ортосунда чыр чыгышына алып келген. Ошондой эле кыргыз чек арачылары аткан октон 5 өзбек жараны оор жаракат алганын билдиришти.
Бирок Өзбекстан сүйлөшүүгө барган кыргыз чиновниктерине жарадар болгон өзбек жарандарын көрсөтө алган эмес. Өзбек тарап «өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү "бизден күнөө кетти, компенсация төлөп беребиз" деп айтты»деген маалымат таратып жибергенге да үлгүрүштү. Ал эми өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаков кечирим сурабаганын айтты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка эки тараптуу иликтөө бүтө электе окуяга байланыштуу такталбаган эч кандай расмий билдирүүлөрдү таратпай туруу тууралуу билдирүү жөнөттү. Буга коңшулар тараптан азырынча жооп жок.
АБАЛ ЧЫН ЭЛЕ ТЫНЧПЫ?
Учурда Чарбак айылында электр мамыларын орнотуу, жарык берүү иштерин калыбына келтирүү, калкты суу менен камсыз кылуу иштери колго алынууда. Чек ара тилкесинде күч кызматкерлери абалды көзөмөлдөп турат. Бул кырдаал боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, ага Чек ара кызматы, ИИМ жана прокуратура кирген. Мындан сырткары прокуратурага Өзбекстандын прокуратурасы менен биргеликте тергөө жүргүзүүгө тапшырма берилген. Президент Алмазбек Атамбаев да бул окуяны өз көзөмөлүнө алды.
Чек ара кызматынын билдиришинче, учурда Сох анклавы аркылуу өткөн жолдор убактылуу жабылган. Бул аймактагы абалды турукташтыруу үчүн жасалып, учурда чек арада жайгашкан айыл тургундары башка жолдор менен каттоодо.
Абал тынч делингени менен, Баткен районунун Жаш-Тилек, Өтүкчү, Чечме айылдарында элдер топтолуп, Сохко кирүүчү жолдорду тосушууда. Алар чек арага байланыштуу көйгөйлөрдү чечип берүүнү жана өзбек тарап талкалаган, өрттөгөн автоунааларды төлөп берүүнү талап кылышууда.
СОХ АНКЛАВЫ ТУУРАЛУУ
Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу район.
Аянты – 352 чарчы чакырым.19 калктуу пункт бар.
Калкы – 59 миң, анын 99 пайызы тажик улутундагылар.
Калкы жыш жайгашкан. Суу, жайыт тартыштыгынан улам Сох анклавынын жана кыргыз айылдарынын калкынын ортосунда тез-тез чыр-чатактар чыгып турат.
Нурбек Абдыкадыров
Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ЧЕК АРА ЖАБЫЛСА СИЗГЕ КАНДАЙ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ АЛЫП КЕЛЕТ?
Эркин Бейшекеев, Ысык-Көл облусу:
– Бишкекке, Казакстанга картошка алып барып сатып иштейм. Эгерде Казакстандын чек арасы ачылбай калса, биздин тонналаган картошканы ким алат?..
Акмат Шайдилла уулу, Ош облусу:
– Кыйынчылык болмок эмес. Тажикстанга кетип жаткан бензин өзүбүздө калып, баасы төмөндөп, жол бузулмак эмес. Бирок чек арада кафе, дүкөн иштеткен тургундарга кыйынчылык туудурат.
Бардагүл Качканакова, Талас облусу:
– Эгерде кыргыз-казак чек арасы жабылса, Таласта кары-картаңдарга Бишкекке барып келүү кыйындайт. Анткени кээлери кан басымына байланыштуу Өтмөк менен каттай албайт. Азык-түлүктүн да баасы өсүп кетмек.
Туратали Маматов, Жалал-Абад облусу:
– Мурун минералдык жер семирткичтерди жана күйүүчү майды Өзбекстандан алып келгендиктен, арзан болчу. Чек ара жабылгандан бери алар кымбаттап, тууган-урук менен да кабарлаша албай калдык.
Бактыбек Муратов, Баткен облусу:
– Мен чек аранын жабылышын колдойм. Анын пайдасы да, зыяны да бар, бирок азыркы Баткен районунда болуп жаткан окуяга таянсак, чек аранын жабылганы эле жакшы.
Жыргал Эдилбеков, Чүй облусу:
– Токмоктогу базарда иштейм. Биздин кардарлар көбүнчө казакстандыктар. Чек ара жабылса, соодабыз жүрбөй, бизге зыяны тиет. Муну чек ара жабылган учурда кардарлардын азайганынан улам билем.
Эркинбек Нурманбетов,Талас облусу:
– Кыргыз-казак чек арасы жабылса, элге эле кыйын болот. Өсүмдүк майы, ун, пияз сыяктуу азык-түлүктөрдүн баасы өсөт. Себеби булар бизге Казакстандан келет.