10-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2012-жылдын 3-октябрындагы окуялар боюнча биринчи сот иши башталды. Соттолуучулардын катарында Жогорку Кеңештеги «Ата Журт»партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов, алардын эки жардамчысы, бир жан сакчысы менен мурунку аскердик прокурор Кубатбек Кожоналиев бар. Алардын баарына "бийликти күч менен алууга аракет жасады" деп айып тагылган.
Сот ишине депутаттардын тарабын колдоп башка эл өкүлдөрү Курманбек Осмонов, Жылдызкан Жолдошова, Турсунбай Бакир уулу жана башкалар келишти. Алар сот процессинин жүрүшүндө «кылмыш иши мыйзамсыз козголгон»деп айтышты.
Камчыбек Ташиевдин адвокаты Азимбек Бекназаров сот ишинде коргоп жаткан кардарынын ден соолугу начарлап кеткенин, бирок судья Абдыразак Боромбаев баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартканын айтты. Ошондой эле Азимбек мырза тергөө органдары ага кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк бербегенин билдирди. Аны менен Камчыбек Ташиевдин дагы бир адвокаты Икрамидин Айткулов да судьяны алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылып, соттук курамга ишенбей турганын айтты. Жыйынтыгында бул өтүнүч канааттандырылды. Ошентип, кийин соттук отурумдун мөөнөтү белгисиз бойдон калды.
Адилет министрлигинин комиссиясы Икрамидин Айткуловду лицензиясынан ажыратуу боюнча соңку жыйын убактысын да жылдырды. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 7-декабрында Башкы прокуратура тарабынан адвокатты кесиптик ишмердүүлүгү боюнча лицензиясынан ажыратуу маселесин кароо көрсөтмөсүн киргизген болчу.
Соттук иш Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында 100гө чукул кишинин митингге чыгышы менен коштолду. Алар «Ташиев, Жапаров, Мамытов чыксын!»деп кыйкырышып, тез арада бошотулушун талап кылып жатышты.