КМШ өлкөлөрүнүн Китеп таркатуучулар ассоциациясынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан аталган мамлекеттердин арасында китеп сатуу боюнча акыркы орунду ээледи. «Бүгүнкү күндө бир китеп сатуучу дүкөнгө 300 миң киши туура келет. Ал эми ушул эле көрсөткүч Орусия менен Казакстанда 50 миң, Европада 15 миң адамдан турат»,- деп Кыргызстандагы Китеп басып чыгаруу жана китеп таркатуучулар ассоциациясынын директору Олег Бондаренконун кайрылуусунда жазылат.
Бул тууралуу кабарды тараткан жергиликтүү агенттиктин маалыматы боюнча, китеп продукциясынын түрдүүлүгү жана көлөмү боюнча өлкөдөгү беш-алты гана китеп дүкөнү талапка жооп берет. Анын баары Бишкек шаарында жайгашкан. «Бишкектеги борбордук китеп дүкөндөрүндө 20 миң аталыштагы ассортимент болсо, Москвадагы дүкөндөр кеминде 200 миң аталыштагы китептен турат»,- деп билдирген Бондаренко.