Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, учурда борбор шаарда каза болгон адамдарды жерге коюу үчүн түштүк-батыш Чоң-Арык айылына жакын орун алган көрүстөндө жай калбай калган. 1996-жылы көрүстөн ачылып жатканда анын аянты 69 гектарды түзчү, азыр анын жалпы аянты 300 гектардан турат.
Ошондой эле мэрия кызматкерлеринин айтымында, ички миграциядан улам жашагандыгы тууралуу каттоосу дал келбеген учурда шаардын тегерегиндеги көрүстөндөр көмүүгө уруксат беришпейт. Андан тышкары жер тилкеси, жерге көмүү баасы көбүнчө пенсионер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен колунда жоктордун кирешесине чак келбей жаткандыгын маалымдашты. Ушул жана башка жаралып жаткан көйгөйлөргө байланыштуу Бишкек мэриясы Чүй облустук администрациясы менен Аламүдүн районунун жетекчилигинен Гроздь айылынан 84 гектар жер бөлүп берүүнү сураган. Учурда бул маселе макулдашылууда.