Береги сүрөттү караңызчы, окурман. Телеалпаруучу Назира Айтбекова менен «Супер-Инфонун» кабарчысы Бахияна Сатылганованын түшкөн сүрөтү. Гезитибиздин биринчи бетине маданият жана шоу-бизнес чөйрөсүндөгү инсандардын сүрөттөрү чыгары баарына белгилүү. Кабарчы Б.Сатылганова шоу чөйрөнүн өкүлдөрү менен жакшы мамиледе болуп, дайыма «биринчи беттин сүрөтүн мен тартайын» деп турар эле. Албетте, бул чөйрөдөгүлөр менен жаман-жакшы айтышпай, чын дилден маектешип макала даярдачу. Бул сүрөт да Назира Айтбекованы гезитке сүрөткө түшүрүү маалында тартылган. Муну айтып жатканыбыздын да жүйөөлүү себеби бар.
2012-жылдын 30-октябрь күнү кабарчылар М.Орозумбетов менен Б.Сатылганова «Тамаша тор» рубрикасын даярдоо үчүн кетишкен. Натыйжада телеалпаруучу
Н.Айтбекованы тамашага салабыз деп катуу чочутуп алганын айтып, эл алдына чыгып кечирим сурашкан. Далай ирет гезиттин эмгек жамааты, аттуу-баштуу аксакалдар, сыйлуу адамдар менен биргеликте телеалпаруучудан кечирим сурап, бир пикирге келүүгө аракет кылышты. Тиешелүү органдар Назира Айтбекованын арызынан улам кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын башташкан. Бул аралыкта эки журналист дагы, актёр жигит дагы тергөөнү үзгүлтүккө учуратпай, тергөөчү чакырган маалда барып, сурак берип жатышты.
Окуяны ар ким өз билгенинче жоруп, сөзгө сөз кошулуп отуруп Чубактын чуусуна айланды. Роль аткарам деген спортчу Ж.Муратовдун жана 2 жашар баланын энеси, кош бойлуу Б.Сатылганованын СИЗОго камалышы бул чууну ого бетер күчөттү. Соттун гумандуу эмес чечимине нааразы болуп, кесиптешибизге жана спортчуга колдоо көрсөтүп жамаатыбыз менен акцияга чыктык, ал чечимге нааразычылык көрсөтүү максатында кызматтан алынган эки кабарчыбызды кайра жумушка алдык.
Кызматкер катачылык кетирсе, кетирген катасына, жаңылыштыгына жараша айып алат, сөгүш алат же кызматтан кетирилет. Бул көпчүлүк учурда боло жүргөн, болушу керек болгон көрүнүштөр.
Бирок! Ал кабарчылардын максаты атайы кара санатайлык менен телеалпаруучуга зыян келтирүү эмес, тамашага салуу болчу. Колунда 2 жашар жаш баласы бар кош бойлуу келинди тамашалайм деп жаңылыштык кетиргенин билип туруп кышкы чилдеде тимеле коомчулукка коркунучтуу кылмышкерден бетер СИЗОго камап салуу – мына ошол нерсе жеткен адамгерчиликсиздик!
Тамашалайм деп жаңылыштык кетирип, жакшы санаалашым деп эсептеп жүргөн адамдын арызынан соң муздак, сыз абакка отуруу кош бойлуу келин үчүн турмуштун оор сыноосу болду. Болгондо да кара санатайлык менен атайылап жасалбаган тамашанын «кылмышка» айланышы, коомчулук тарабынан жааган сын-пикирлер камалган келин менен спортчунун жан дүйнөсүнө катуу эле батып, өмүрү эстен кеткис сабак болду. Коомчулуктун ачуу сөзү, абак оңой-олтоң нерсе эмес. Мунун кесепетинен курсактагы баланын бойдон түшүү коркунучу жаралып, Бахияна Сатылганова шашылыш ооруканага чыгарылды. Кесиптешибиздин жашоого болгон ындыны өчүп, психологиялык жактан оор жабыркаганын көрүп турабыз.
«Абактын ичин эмес, сыртын бир айланып чыккан адамдын жүрөгү түшөт. Эсимди жоготуп, жыгылып баратканымды билем, калганы эсимде жок. Ойгонсом мурдум, тамагым өзүмдүкү эместей туюлду, күйүп калыптыр. Мени эсине келтиребиз деп спиртти куюп эле салышкан окшойт, абактагы дарыгерлер. Канча убакыт өтсө да, мурдум калыбына келбей, эмне жыт келип жатканын түшүнө албай жүрөм.
Баарынан төрөлө элек балама, менсиз тамак ичпей апалап ыйлаган үйдөгү уулума, кайгыдан чөккөн жолдошума, кайындарыма, туугандарыма, туш-туштан жүйөсүз жеме уккан кесиптештериме кыйын болду. Ата-энемдин санаасын айтпай эле коёюн, карыган апам операция жасатып, балдак менен жүргөн, менин окуямдан кийин баса албай калды. Канча жан алекетке түшсөм да, апамдын кайгысын жеңилдете албайт экенмин... Балам кантип, кандай абалда төрөлөт, аны бир Кудай билет.
Мен эч кимге кыпындай жамандык каалабайм, камакка эч бир жандын камалышын да каалабас элем. Назира менин душманым эмес, экөөбүздүн кесибибиз бир, шоу чөйрөсүнө аралашканыбызга көп болду. Кайдан жолукпайлы саламыбыз түз болчу, экөөбүз тең Балыкчыда төрөлүп, атүгүл бир мектепте окуган экенбиз. Аны кийин билгенбиз. Азыр деле менин ага болгон оюм таза...» Кесиптешибиз ушинтип айтканга араң жароодо. Дарыгерлер «окуяны кайра-кайра эстете бербегиле, нерви катуу жабыркаган» дегенинен улам эстетип, көз жашын агызууну туура көрбөдүк.
Б.Сатылганова үй камагына чыгарылганын уккан кээ бир ММКлар баса калып жазып, билип-билбей, чын-бышыгын сурабай, такталбаган маалыматтарды жайылтып жиберишүүдө. Андан да жаман жан кейиткени, айрымдардын "кызык, арыз жазар замат кош бойлуу боло калыптыр..." деген кептери болду. Бул эмне деген келжиректик? Жараткан ыраа көрсө, берем десе, бала деген кайсы убак болбосун бойго бүтөт. Айлап-жылдап балага зар болуп жүргөн эне-аталар канча?