Дайыр Исмадияров менен ооруканадан капысынан жолугуп калдым. Ал-жай сурашкан соң жаңы жылдык концерттерге ооруканага жатып калып катышпай калганын айтты. Ырчынын күйөрман кыздары Дайырды Супер концертте бир кыз менен колтукташып отурганын көрүп «ким экен?» деп кызыгып калышкан эле, кана, кыздар, чогуу билели анда.
– Дайыр, Жаңы жылды ооруканадан тостуңбу?
– Ушундай болуп калбадыбы. Бирок 31-декабрь күнү үйгө суранып барып келдим. Дарыланып жатканыма 20 күндөй болду. "Чыгаша чыкмайынча киреше кирбейт" демекчи, быйылкы жылы киреше кирсин деп жоруп коюп отурам.
– «Сагынба» деген ырыңа клип тартканда «клибимде мен майып болуп калган кадр бар. Кудай сактасын, түлөө өткөрүп коюшум керек» деп жүрдүң эле?
– Ошону айтсаң, убакыттын тардыгынан улам же анча-мынча ырым-жырымдарга ишенбегендиктенби, түлөө өткөргөн эмес элем. Анан да актёрлор «кинодогу ролум чыныгы турмушта ушундай болду, жашоомо таасирин тийгизди» деп айтып калышса, өзүм скептик болгондуктан, кантип эле ошондой болсун деп ишенчү эмесмин. Бирок «Сагынба» деген клиптен кийин ооруканага жатып калганда ойлонуп калдым. Мен, негизи, Кудай сактасын, өмүрүмдө биринчи жолу ооруканага жатышым. Ошондуктан мындан кийин башка ырчы, актёрлорго болгон кеңешим, эгер тасмада же клипте ооруканага түшүп калган сыяктуу ролдор болсо, аткарбаганга аракет кылгыла же Кудай жолуна деп түлөө өткөрүп коюш керек окшойт. Себеп дегенде бул нерсе чынга айланып кетиши мүмкүн экен. Мен ал клибимде жол кырсыгына кабылып ооруканага түшүп калат эмесминби. Оорунун кесепетинен баспай калган жигиттин ролун ойногом. Клибим бүткөн соң көп досторум, туугандарым «эмне мындай роль аткардың, башкача эле кылсаң болмок» дешкен. Апам клипте мен майып болуп калган жерине келгенде көзүн жумуп, көрбөй отуруп алган эле. Балким, ошондон да мага көз тийдиби же болбосо сөз тийдиби, ушундай болду. Анан ушинтсем «Дайыр майып болуп калыптыр» деп ойлоп калышпасын. Чыгармачылык деп гастролдо ысыкта, суукта жүрүп суук тийген экен, өтүшүп кетиптир, дарыланып жатам. Кудай буюрса, бир жумадан кийин чыгам.
– Ошондой эле болсун. Ии, анан биздин концертте сенин жаныңдан карыш жылбай жүргөн керме каш Өзгөнгө келин болгону жатабы ошондо? Өзүң айткандай, Дубайга алпарып сынап келип туруп, анан үйлөнгөн жатасыңбы?
– Ха-ха... Азыркы учурда, чындыгында, бир кызды сүйүп калдым деп айтуудан алысмын. Бирок көңүлүмө жаккан кыздар бар дедим эле го, ал керме каш ошол көңүлгө жаккан, учурда жакшы сүйлөшүп жүргөн кыз. Буюрса, убакыт-саат көрсөтөт, ал кыз мага ким болорун. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, кышкы эс алууда ооруканада жатып калбадымбы. А баягы айткан сөзүм боюнча, ал жакка кайсы кыз менен барарымды азыр айталбайм, аны турмуш көрсөтөт да. Балким, бул кыз мага жакпай калаттыр же, тескерисинче, мен ага жакпай калаттырмын. Азыр сүйүп калдым, мен ушул кызга үйлөнөм дегенден алысмын.
– Абайласаңчы, ушинтип сүйлөйм деп Кайыргүлдү таарынтып алгансың...
– Кайыргүл тууралуу комментарий бербейм, болду. Ал өттү-кетти да. Адам адашат, туура эмес сүйлөп, ошондо оюмду түшүндүрө албай калсам керек. Балким, Кайыргүл мени туура эмес түшүнүп алып ызасынан жооп кайтаргандыр.
– Дарыланганыңа 20 күндөн ашыптыр, зерикпей элесиңби?
– Ооруканада дарылануу менен биргеликте башыма идеялар, илхамдар келүүдө. Жаз алды менен жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тартып баштайм. Архивимди карап көрдүм. Ырларым көбүнчө жай ыргакта экен. 2013-жылда менде жай ыр болбойт, шайыр, шаңдуу ырлар болот деп сөз бердим өзүмө. Карындаштарга арнап ыр чыгарайын деп турам, сөзү да даяр болуп калды. Буга Нарынга концерт коюп баргандагы окуя себеп болду. Бир 7 же 8-класста окуган окуучу кыз кадимкидей чоң кыздардай болуп тийишип, көзүн кысып коёт мага. Таң калдым, кичинекей эле секелек го депчи. Эми ошолорго арнап «карындашым, сүйүүгө али жашсың...» деген саптары бар ырымды сунам.
– «Мурдагы продюсерим Канат Кадыржан менен иштешип баштайм» дедиң эле, не болду?
– Канат Кадыржан менен иштешпей турган болдук. Мен жалгыз иштегенге көнүп калыпмын. Мага жардам кереги жок экен. Өзүм эле баарына жетишем деп. Менде дагы бир ой болуп жатат, бир кыз, бир баланы алып, балким, аларга продюсерлик кылсамбы деген. Эми ал алдыңкы пландарда да.
– Тилегиңе жет, эртерээк сакайып кет.
Бурул Исмаилова
star@super.kg