Тасмаларда мүнөзү оор "стерванын" ролун жараткан актриса, клип, жарнамалык түрмөктөрдөн жүзү таанылган модель, бир кездеги телеалпаруучу Аида Чоткараева жашоодо сылык-сыпаа сүйлөгөн, назик кыз. Ар бир суроого кылдаттык менен жооп берген Аида «бизде модель болуп жарытылуу акча таба албайсың»дейт.
АИДА ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА...
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы – Сыр тутат
Бою – 170 см
Салмагы – 51 кг
Параметри – 88-60-90
Жылдызы – Эгиздер
Тартылган тасмалары – «Ашыктык асманында», «Сулуулар жана миллион»
Тартылган клиптери – Амир Аскаровдун «Сени эстеп», «Алдадың», Тилек Каниметов «Girl number one», Бека «Гламурная жизнь»жана башка
Ийгиликтери – "Мисс Айчүрөк", "Мисс мен эң мыктымын" (БААУ/КОСУ), "Мисс БААУ", "Вице-мисс Кыргызстан-2007" деген наамдарга ээ болгон
Учурда – Модель, актриса
– Аида, моделдик бизнеске кантип келип калгансың?
– 5 жашымда эле подиумга баскан моделдерди сыналгыдан көрүп, туурап баса берчүмүн. Үйгө коноктор келсе, апам баарын тизип отургузуп алып, «Аида, моделдердей болуп басып койчу»деп калар эле. Мен да тыпыйып ары-бери "модель" болуп басып берсем баары күлүп калышчу.
– Эң алгачкы подиумуң эсиңдеби?
– 2009-жылы жазгы мода жумалыгына биринчи жолу чыктым. Подиумга чыксам эле толтура киши, свет жаркырап турат. Өзүмдү кармап, басып кеттим. Оюмдун баары кулап кетпесем экен деп, буттарым титиреп араң чыккам.
– Моделдик бизнесте атаандаштык күч эмеспи. Көпчүлүктүн көлөкөсүндө калбаш үчүн эмне кылыш керек?
– Туура айтасыз, моделдер арасында атаандаштык өтө күч жана катаал. Модель болом деген кыздар аябай көп. Мисалы, мода жумалыгына эле 100дөй кыз кастингге келет. Ал эми заказ андай көп эмес. Көпчүлүктүн арасына сиңип, жок болуп кетпеши үчүн адам сүйкүмдүү болуп, жаман сапаттарды жоготуш керек. «Бул мага жакпайт, аны кийбейм»деп тандап, кыял көрсөтүүгө акыбыз жок. Анткени кардарлар, дизайнерлер бизге акча төлөшөт. Кардар анын айтканынын баарын кылууну талап кылат. Ошону жок дебей аткара билиш керек.
– Өзүңдүн актёрдук чеберчилигиңе кандай баа бересиң?
– Өзүмдү сындай албайм, көрүүчүлөр баа беришсин. Алгач «Ашыктык асманында»тасмасында мүнөзү катаал кыздын ролун жараткам. Андан кийин баары мени ролдогудай кабыл алып, жалаң ошондой "стервалардын" ролун сунуштап башташты. Жаңы таанышкандар да мени «жашоодо такыр башка кыз турбайсыңбы»деп таң калышат. Кинодо мен роль аткарам да, образга кириш – менин милдетим.
– Эмне үчүн экономисттик кесибиңди эмес, дал ушул чөйрөнү тандадың?
– Мага сүрөткө түшүү, образ жаратуу, аны кайра карап суктануу жагат. Сүрөт деген бул – продукт, көп эмгек жумшайсың. Жыйынтыгында сулуу сүрөт чыкса, абдан жагымдуу.
– Киного тартылып, модель болгондон тарта жашооңдо эмнелер өзгөрдү?
– Аябай чоң өзгөрүү болду деп айта албайм. Бирок кичинекейимдеги максатым ишке ашкандыктан, көңүлүм жай алып калды.
– Жүрөгүңдү багынткан мырза барбы?
– Ооба, сүйлөшкөн жигитим бар. Аны менен 10 жыл мурун таанышкам. Алгач жөн гана жакшы тааныш-дос катары сүйлөшүп жүрүп, мамилебиз токтоп калган. Бир жыл мурун экөөбүз кайра кезигип калып, ортобузда сүйүү жаралып, азыркыга чейин уланып келет. Анын мени баалаганын көрүп-сезип турам, бул мен үчүн чыныгы бакыт.
– Бош убактыңды кандай өткөрөсүң?
– Бош убактымдын 90 пайызын жигитим менен өткөрсөм керек. Экөөбүз кинотеатрларга, ашыкча көз жок, тынч кафелерге барабыз. Үйдө болсом психология боюнча китептерди көп окуйм.
– Кемчилигим деп кайсы сапатыңды эсептейсиң?
– Уйкучулугум болсо керек. 12 саат болсо да уктай берем. Анын айынан көп жумуштарым артка сүрүлүп, жасалбай калат.
– Кыздар үчүн эмне маанилүү деп ойлойсуң? Сулуулукпу же ички дүйнөбү?
– Ички дүйнө демекмин. Анткени сулуулук деген түбөлүк нерсе эмес. Ал азыр бар да, 20-30 жылдан кийин жок. Ички жан дүйнөң менен өсө берсең, көп ийгиликтерге жетишесиң.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg