Акыркы күндөрү тамашалуу, тойлордо бийлегенге ыңгайлуу ырлар модага айланып баратканы баарыбызга маалым. Куудул Талант Анарбаев да учурдун талабынан пайдаланып калайын дедиби, айтор, бул жылдын феноменине айланган айтылуу «Гангнам стайл»ырына пародия жаратты. Ал «Оттой жанган сайын»деген аталыштагы тамашалуу ыр. Куудул: «Бул ырдагы бий кыргыз бийине окшош экен. Анын кыймылдарын камчы менен ат чаап бараткан кишиге окшоштурдум. Жылдын популярдуу ырынын обону да жагып, ыр жаздым. Клибин тартып бүтөйүн деп калдык. Буюрса, бүтөрү менен силердин "Медиа-
порталыңарга" алып барам»,- дейт. Мындан тышкары Талант февраль айында Ош, Бишкек шаарларында жеке концертин берүүгө камданып жатканын айтат. Аталган ырды куудулдун аткаруусунда концертинен угуп калат экенбиз.