«Боз салкын», «Күкүк Шахра», «Уурунун махабаты»аттуу тасмалардан белгилүү болгон актриса Зарема Асаналиева 21-декабрь күнү Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы төрөт үйүндө көз жарды. Зарема 2 килограмм 900 грамм салмакта төрөлгөн уулуна Алинур деп ат коюп, жолдошу экөө кубанып жүрүшкөн чагы. «Алгачкы жолу минтип эне деген статуска ээ болуп отурганыма бир чети толкунданып, бир чети сыймыктанып турамын. 21-декабрда элдин баары «акыр заман болот»деп ызы-чуу түшүп жатканда, мен, тескерисинче, эң чоң бакытка ээ болдум»,- дейт толкунданганын жашырбаган актриса. Өз кезегинде биз дагы эне-балага ден соолук каалайбыз.