Чет өлкөлөргө иш издеп кетип, акча таппай эле кордук көрүп кайткандар четтен чыгат. Аягы сексуалдык эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулчулук менен бүткөн учурлар көп. Жакында эле «Казакстанда кулчулукка кабылып, туулган жериме араң келдим» деген Касым мырзанын кебин угуп көрдүк.
«АЙЛЫГЫҢАР 40 МИҢДЕН КЕМ ЭМЕС ДЕШТИ...»
– Мен 1986-жылы туулгам. Үй-бүлөдө беш бир тууганмын. Атамдын жүрөгү ооруйт. Кыйынчылыктарга карабай жогорку окуу жайында экономика бөлүмүндө сырттан окуп жүргөм. Тилекке каршы, окуу акысын убагында төлөй албай, окуудан четтетилип калдым. Анан бош жүрбөй ылайыктуу жумуш таап, ата-энеме бир аз да болсо жардам берсем деп чечтим. Оңой менен жумуш табылбады.
2012-жылдын 16-апрелинде телевизор көрүп отуруп, телеканалдан «куруучулар керек» деген жарнамага көзүм түштү. Дароо телефон аркылуу байланышып, эртеси күнү болжонгон дарекке бардым. Ал жакта менден башка дагы жумуш издеген балдар бар экен. Жумуш шартын сүйлөшө келгенде «Казакстанга куруучулар керек, көп деле кыйналбайсыңар, айлыгыңар 40 миңден кем эмес» деген өңдүү сөздөр менен ишеничтүү сүйлөдү бир адам.
«ДОКУМЕНТТЕРИБИЗДИ БЕРБЕЙ КОЙДУ»
– Ошентип, Ысык-Көл облусунан беш киши Казакстанга иштөө үчүн жөнөп калдык. Бир бай казак кишинин үйүн салып, ичи-тышын жасалгалоо биздин жумушубуз эле. Айрымдарга окшоп тамак-аштан кыйналган жокпуз. Кечкисин иштеген объектте жерге пенопласт төшөп алып уктачубуз.
9-май күнү майрам эмеспи деп күндөгүдөн жумушту эрте токтотуп, жуунуп-тазаланып, жакшы тамак жасап, эрте эс алалы деп пландап жатканбыз. Аңгыча эле үй ээсинин баласы келип, биринчи кабатта иштеп жаткандарга кыйкырып-өкүрүп жатканын угуп калдык. Бир маалда биз иштеген 2-кабатка чыгып «кимиңер лидерсиңер?» дегенинен жамаат башчыбыз жанына барып сүйлөшсө, «силер эмне үчүн жумушту эрте токтотуп жатасыңар? Каяктасыңар билесиңерби?! Биз силерди иштеткени алып келгенден кийин иштешиңер зарыл, керек болсо акчаңарды бербей коём» деп сөзгө келбей сөгүнүп баштады. Бригадирибиз улуу киши болгондуктан, 20 жаштагы бала аны сөгүп, жемелеп жатканын карап тура албай, жанына барып «болду» деп ийининен түртүп койдум. Ичимдик ичип алган бала сөгүнүп алып үйдөн чыгып кетти.
Эртең менен ызы-чуудан ойгонуп кеттим. Саат 4:00 болгон экен. Үй ээсинин баласы жанына балдарды ээрчитип келиптир. Анан «эмне мага кыйын болосуңар?» деп бизди ур-токмокко алып башташты. «Мени түрткөндөй кимсиң?!» деп өзгөчө мени катуу сабашты. Мурдум сынып, денемдин соо жери калбады. Анан баарыбыз «таяк жеп эмнеге иштейбиз, кетебиз» деп чыктык. Биздин үстүбүздөн карап турган бир казак бар болчу, ал үй ээсине телефон чалып жагдайды түшүндүрсө, «мен алардын регистрациясын 3 айга жасаттым, эмне болсо да үч ай иштешсин, анан акчасын берем, башка эч нерсе билбейм» деп ал киши келбей койду. Анын ордуна аялы келип, «доктурга көрүнгүлө» деп катуу жаракат алган экөөбүзгө 10 000 теңгеден берип кетип калды.
Документтерибизди бербей коюшту. Мажбурлап иштетип башташты. Биз буга чыдай албай, кетип калууну туура көрдүк. Алматыга келип, «Кыргызстандын өкүлчүлүгү барбы?» деп сураштырсак, эч ким билбейт. Айла кетип, автобекетке келип бир таксист жигитке сүйлөшсөк, ал «документ жок болсо деле чек арадан өткөрө алам» дегенинен анын унаасына отурдук. Эки тосмодон өтүп, үчүнчү тосмого келгенде бизди кармап калышты. «Документиңер жок, камайбыз» деп башташты. Бизди алып бараткан таксист кебетебизди көрсөтүп, «булар иштеген акысын ала албай, таяк жеп келе жатышат» деп жатып араң дегенде алып өттү. Биз дагы эптеп эле үйгө жетсек экен деген тилекте токтоткондордун баарына болгон акчабызды берип, эңсеген Кыргызстанга келдик.
Бардык кыйынчылык артта калды десек, үйдөгү сенден үмүт кылып күтүп отурган туугандарыңа куру кол, бети-башың тытылган абалда баргандан өткөн кыйынчылык жок экен. Үйгө куру кол баргым келбей, айдоочуга телефонумду сатып алуусун өтүндүм. Ушинтип Казакстанга акча табам деп барып, жергеме араң кайтып келдим.