Түштүк аймагына кеңири белгилүү болгон 7-каналдын көрөрмандары үчүн биздин маек жагымдуу болсо керек. Анткени ушул телеканалдын диктору Шеркул Турганбаев бүгүн бизде конокто.
ТУРГАНБАЕВ ШЕРКУЛ КАРИМБЕКОВИЧ
Туулган жылы – 1991-жыл, 9-май
Туулган жери – Сузак району, Алмалуу айылы
Фобиясы – Жылан
Учурда – 7-каналдын диктору
– Шеркул, Жаңы жылың менен! Алгач кепти кесибиңден баштайлы деп турам.
– Рахмат, жакшы болот. Мен мурдатан журналисттердин, дикторлордун жашоосуна кызыкчумун. Жашоомдо да чыгармачыл адамдар менен жолум көп кайчылашып калчу. Кыялданганым менен, диктор болуу ишке ашпай тургандай сезилчү.
Аскерден жаңы келген кезим, үйдө сыналгы көрүп отургам. Каналдарды которуп жатсам, кайсы бир каналдын түбүнөн жүгүртмө жарнама чыгып жатыптыр. Андан жаңылыктар берүүсүнө алып баруучулукка кастинг жарыялангандыгы тууралуу окуп калдым. Апамдан бул кайсы канал экенин сурасам, «7-канал, жаңы ачылды» деди. Тандоо бир күндөн кийин болушу керек экен. кастингге катышып көргүм келди. Атама айтып, уруксат сурадым эле, «барбайсың!» деп ары карап жатып алды. Атам макул болбогон соң шаарда жашаган эжеме телефон чалып кеңеш сурадым, ал «келе бер» деп калды. Анан атама айтпай баргам.
Шаарды жакшы билчү эмесмин, 7-каналдын дарегин таппай бир топ убара болдум. Акыры келсем, адам аябай көп, 100гө чукул кыздар-балдар турушуптур. Анан кастинг башталды, текст окуп коюп чыгып кеттик. Оюмда эч нерсе жок, интернет-клубга барып отуруп калдым. Аңгыча телефон чалышып, «сен кастингден өттүң, 21-март күнү 2-туруна катыш. Баса, чачыңды кыскарта кел» дешти. Ошол замат чачымды айылдагы эле бирөөгө алдырып келдим. Шашылышта чачым кыска кыркылып, кулактарым делдейип, такыр жарашпай калды...
Ошентип, 2-турдан да өтүп, үйрөнүп, такшалып отуруп ушул күнгө келип, минтип сиздерге интервью берип отурам. Биз ошондо бул каналга эң биринчи тандалып алынган дикторлор болгон экенбиз.
– Атаң каршы болгон экен, азыр алар кандай көз карашта?
– Жаңы келгенимде «Сайтка саякат» деген берүүнү даярдачумун. Ал курч макалаларды талкуулаган берүү болгондуктан, башында апам коркуп жүрдү. «Ушул жумушуңдан чочуйм, этият болсоңчу» деп. Азыр көнүп калышты. Атам эч нерсе деп деле айткан жок.
– Биринчи эфирге чыккан күнүң эсиңде да?
– Биринчи жолу эфирге «Сайтка саякат» берүүсү менен чыктым. Андан кийин эле кабарлардын түшкү чыгарылышын алып чыга баштадым. Ал 10 гана мүнөт болчу, кийин кечки жаңылыктарга дайындалдым. Көп кыйынчылыктар болду. Ар күнкү эртең мененки болчу чогулуш жалгыз мен үчүн болгондой сезилчү. «Шеркул, антип койдуң, минтип койдуң, роботсуңбу эмне, калемди кармаган бойдон эфирди аягына чыгардың» деген сындардан арылчу эмесмин. Азыр ойлойм, ошол сындар болбосо, өсүү болору мүмкүн эмес болчу деп. Азыр чын эле мурдагы Шеркулдун эфирге чыкканын эстеп күлүп калам.
– Такшалгандан кийин деле анча-мынча «ляптар» болуп кетсе керек, ээ?
– Кечээ жаңы жылдык кечеде түз эфир болуп жаткан болчу, телефонумду өчүрбөй калыптырмын. Сүйлөп жатсам, музыка чыгат, телефонумдун үнү экенин дароо тааныдым. Бирок, бактыга жараша, ыгын таап өчүргөнгө жетиштим.
– Жылдыз оорусу деген бар эмеспи, ал сага жете элекпи?
– Жо-ок. Жылдыз болбой эле жерде жүрөм. Жөнөкөй адамдарбыз да биз деле. Бизде деле акчага таңсыктык, бирөөнүн жардамына муктаж болгон күндөр болот. Менин башымдан студенттик күндөр өтүүдө. Айылга барсам, мал карап, үйдөгүлөргө жардам берип, карапайым эле баламын.
– Таанымалдыгыңдын пайдасын көрүп калсаң керек жашоодо?
– Жакында ЦУМга барып калдым, досторум менен. Күн суук болгондуктан, моюн орогучту көзүмө чейин ороп, топуну баса кийип алган болчумун. Сатуучу эже мага суроо берип жатат, «жаңы жылдык берүүдө телефонуң шыңгырап кетти го, ээ?» деп. Мен таң калып калдым, «кайдан тааныдыңыз?» десем, «үнүңдөн тааныдым» деди. Көпчүлүгү эле менин үнүмдөн таанып калышат.
– Жумушуңда атаандашуу, көрө албастык сыяктуу нерселер болобу?
– Жок, биздин кесиптештер арасында атаандашуу болбойт. Жетекчибиз ар дайым ушинтип айтып келет, «биз баарыбыз чогуу болушубуз керек. Биз биргеликте иштешебиз» деп. Жардам берип, бири-бирибизге көмөк көрсөтөбүз.
– Алдыга койгон максатың кандай?
– Максаттарымды айтып отурсам, узун жомок. Эң негизгиси, окуумду аяктап, дипломду колго алсам деп турам. Кесибим боюнча экономист-менеджермин. Азыр да окуу менен жумушумду катар алып кетүүдөмүн, кийин өз кесибим менен дикторлукту чогуу алып кетем го.
– Үй-бүлөң жөнүндө айта кетсең...
– 6 бир тууганбыз, 5 кыз жана мен. Эжелерим өз жолу менен, менден кийинки 2 карындашым мектепте окушат.
– Өзүңдүн билгениңди башка менен бөлүшө аласыңбы?
– Мен билгенимди кызганбайм, билгенимди үйрөтүп эле жүрөм. Анан көп үйрөнөм, жумушта монтаж жаатына кызыгып жүрүп, аны да үйрөнүп алдым.
– Күйөрман кыздарың кызыккан суроону бербесем болбостур, жактырган кызың барбы?
– Бар.
Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg