«ӨРҮКЗАРЛУУ ЖЕРГЕБИЗГЕ ЖЕҢИШ МЕНЕН КЕЛГЕНИБИЗГЕ СЫЙМЫКТАНАБЫЗ»

Бишкек шаарында өткөн оор атлетика боюнча Кыргызстандын Биринчилигинде Баткен облусунун спортчулары 1-2-орундарды ээлеп, оор атлетика боюнча «КРнын Спорт чебери» наамынын нормативин толтурушту. Жеңүүчүлөр менен маектештик.

– Жеңишиңер кут болсун! Өзүңөр тууралуу айта кетсеңер...
Захид Токтобаев: – Мен окуучулук мезгилден баштап эле спортко аябай кызыкчумун. 9-класстан баштап спорттун оор атлетика түрүнө жигердүү кирише баштагам. Азыркы учурда бизди машыктырган Абдирашит агайдын жардамы менен ийгиликтерге жетиштим.
Рустам Тажидинов: – Мен да Баткен районунда 1997-жылы төрөлгөм. Атам спорт адамы болгондуктан, анын жолун жолдоп, спорттун оор атлетика түрү менен алектенем. Кичинемден атам өзү машыктырып, менин ар бир ийгилигиме күбө болуп келет.

– Кандай жетишкендиктериңер, ийгиликтериңер бар?
Р.Т.: – 2012-жыл мен үчүн же­миштүү жыл болду. Себеби мен- ин көптөн бери самап жүргөн максатым ишке ашты. 2012-жылдын 25-26-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн оор атлетика боюнча мелдеште 62 килограмм салмак категориясында 2-орунду ээлеп, Спорт чебери наамын алдым. Буга чейин көптөгөн турнирлерге катышып ийгиликтерди жараткам. Учурда 8 медалдын жана көптөгөн диплом, Ардак грамоталардын ээсимин. Эл аралык мелдештерге да катышып келе жатабыз.
З.Т.: – Буга чейин деле Тажикстанда өткөрүлгөн мелдештерге катышып, 1-2-орундарга татыктуу болуп келгем. Мен да жогоруда Рустам айтып кеткен турнирде 69 килограмм салмак категориясы боюнча 1-орунга татып, КРнын Оор атлетика боюнча спорт чебери наамын алдым.

– Силерде ушундай мелдештерге барууда каржы маселеси пайда болбойбу?
З.Т.: – Мелдешке барган учурда жол киреге кеткен каражат өкмөт тарабынан төлөнүп берилет. Ал эми жатаканабызды өзүбүз каржылайбыз.

– Келечекте кандай пландарыңар бар?
Р.Т.: – Көпчүлүк эле спортчулар сыяктуу эле жогорку деңгээлдеги эл аралык, дүйнөлүк мелдештерге катышып, татыктуу жеңиштерге жетишип, өз мамлекетинин гимнин ойнотуп, желегин желбиретүү.

Бегайым Тажибай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Knt
2013-01-14 15:44:16
azamatsynar jerdewter!iygilikter!
0
nurbek_posol
2013-01-15 16:03:01
Азаматсынар!
0
doni_djd
2013-01-18 17:12:45
Азаматсынар инилерим,дайыма эле биринчи орунду алып журо бергиле,биз силерди колдойбуз!
0
№ 532, 11-17-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан