Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Уюшулган кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрүшүү бөлүмүнүн оперкызматкери Рашит Аманкулов кикбоксинг боюнча Азия чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган мелдеш Индияда өткөрүлүп, ага 45 мамлекеттин өкүлдөрү катышышкан. Айта кетсек, Рашит Аманкулов Ош шаарындагы «Мухаммед-Умар» спорт клубунун тарбиялануучусу. Ал бокс жана самбо боюнча өлкөнүн спорт чебери.