ОШ ШААРЫНДА ЖУРНАЛИСТТЕР АЛЛЕЯСЫ АЧЫЛДЫ

8-декабрь күнү Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна Кыргызстан журналисттеринин аллеясы ачылды. Аллея 1,8 чакырым жерди ээлеп, өлкөбүздүн жети дубанынан келген журналисттер тарабынан 200дөн ашык арча көчөтү отургузулду. Ош шаарынын жетекчилиги бул аллеяны жаз мезгили келери менен Кыргызстан журналисттеринин басма сөз борбору, атайын аянтча куруу пландалып жатканын айтты. Буга шаардын бюджетинен 6 миллион сом каражат бөлүнгөн. Кыргызстан журналисттеринин аллеясын ачуу демилгеси Ош шаарынын мэри тарабынан 2012-жылдын 7-Ноябрь – Журналисттердин эл аралык майрамында колдоого алынган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
gulia90
2013-01-15 01:56:35
Мырзакматовго данк жана дунк, Ордолуу Ошубузду онуктуро берин.
0
№ 532, 11-17-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан