Нарын шаарындагы борбордук стадиондогу муз аянты нарындыктарга кызыктуу кышты тартуулап келет. Бул жерде коньки тепкен жаштарды, чанага балдарын сүйрөгөн ата-энелерди кезиктирүүгө болот. Бул чыгарылышта спорттун кышкы түрү болуп саналган хоккей, анын Нарындагы абалы жана республикадагы деңгээли тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Футбол спорт оюндарынын падышасы жана дүйнөнүн бардык бурчуна таанымал түрү десек болот. Футболдун атактуу оюнчуларынын көбү Бразилиядан чыккан. Кепти футболдон баштаганыбыздын да себеби бар. Нарындын климаты катаал. Кыш катуу болуп, суук узак убакытка созулгандыктан, суудагы муздар калың жана көпкө тоңуп турат. Бразилияда кум үстүндө, көчөлөрдө топ ойногон балдар мекенин футбол менен таанытса, Нарын шаарынын жаштары Кыргызстанды хоккей менен таанытабыз дешет.
Хоккей Кыргызстанда 70-жылдардан тарта башталган. Союздун курамында тургандыктан, «жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска» дегендей, Кыргызстандан курама команда тандалып, көптөгөн ийгиликтерди жаратканы менен, өлкөнүн аты чыккан эмес. 1990-жылдары хоккей Кыргызстанда ойнолбой калган. Ортодон 11 жыл өткөндө Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда экс-депутат Эркинбек Матыевдин элесине арналып хоккей боюнча мелдеш уюштурулат. Нарын шаарындагы борбордук стадиондун аянтына суу толтурулуп, 2002-жылы «Ала-Тоо-Дордой» хоккей клубу негизделген. Ошол жылдан тартып бул хоккей клубу эл аралык деңгээлдеги оюндарга катышып, жеңиштерге жетишип келе жатат.
Бул жаатта бизге Кыргыз Республикасынын Хоккей боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу БОЛОТБЕК БЕКТЕМИШОВ Нарындагы хоккейдин учурдагы абалы тууралуу маек куруп берди.
– Хоккейди Нарын жергесинде абдан сүйүп баалаган балдар өнүктүрүп жатат. Учурда профессионал машыктыруучудан экөө гана. Балдарды тарбиялоого жетишпейбиз. Кадр маселесинен сырткары оюнчулардын формасы абдан кымбат турат. Бир оюнчунун формасы 1500 долларды чапчыйт. Коньки, клюшка, шайба, мунун баарын алыш үчүн каражат керектелип, баягы эле акча маселесине барып такалат. Формаларыбызды Казакстандан тиктирип келгенбиз. 2010-жылы Нарын университетине келген Крис Баллард аттуу волонтёр 14 баланын формасын чет мамлекеттен алып келип берген эле. Алардын ар бирин көздүн карегиндей сактап, улам башка хоккейчилерге өткөрөбүз. Оюнчулар жаңысын алса, эскисин башкаларга берип, ынтымакташып хоккейди өнүктүрүп келе жатабыз.
– Сиздердин ийгиликтериңиздер көп деп уктум эле...
– «Бизде көйгөй көп» дей бербей, жеңиштерибиз менен да мактанып кетсек болот. 2011-жылы Астанада уюшулган VII Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан курама команда катышып, буга Нарындан 3 оюнчу барган. Ошол эле жылы Алматыда өткөн топ менен ойнолчу хоккейдин түрү боюнча Нарын облусунан 16 бала катышып, Азия боюнча 3-орунду камсыз кылып келишкен. Учурда Нарындын «Ала-Тоо-Дордой» курама командасы Республикалык чемпиондукка кызуу даярдык көрүп жаткан учуру. Декабрь айында бул чемпиондуктун 1-туру Бишкек шаарында өтүп, 1-орунду Бишкектин «Арстан» курама командасы алса, биздин команда 2-орунду камсыз кылды. Ушул эле чемпиондуктун 2-туру 25-27-январда Нарын шаарында өткөрүлөт. Ал жакта жеңишке жетишкен командалардын арасынан Кыргызстандын курама командасы түзүлүп, 16-24-мартта Таиланддын Бангкок шаарында өтүүчү Азиянын чемпиондугуна катышууга жолдомо алышат.
– Анда жеңиштүү кайтыңыздар.
Жаңы жылдан кийинки эс алуу күндөрү да оюнчулар суукка карабай даярдык көрүп жатышканын байкадык. Ал эми шаар тургундары үчүн жасалган муз тебүүчү аянттын жанына атайын хоккейчилер үчүн муз аянтчасы жасалып, учурда суу толтурулуп жаткан экен. Болотбек мырза 3 күндүн ичинде даяр болуп каларын жана республикалык хоккей боюнча Биринчиликтин 2-туру ушул аянтта өткөрүлөрүн да белгилеп өттү. Баса, стандартка жооп берген бул хоккей аянтына жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg