Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы билим жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо борбору 2013-жылдын 14-январынан тарта райондогу орто мектептердин мугалимдеринин билимдерин жогорулатышат. Алар милдеттүү түрдө 5 жылда бир жогорулатуу курстарынан өтүп туруулары керек.
Бул жолу математика, дене тарбия жана башталгыч класстын мугалимдери мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушат. Окуу курстары жарым айга чейин созулуп, алыстан келген мугалимдер жатакана менен камсыз болушат. Жыйынтыгында окуудан өткөн мугалимдер сертификаттарга ээ болушуп, активдүү катышкандар диплом, грамота жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышмакчы.