Бул апта алсызды күчтүү токмоктогон, кедейди бай басынткан, акты жеңгиси келген каранын окуялары менен эсте калды.
ХАН САРАЙ КОЖОЮНДАРЫНЫН ЖАРЫК ҮЧҮН ЖАРЫМ ТЫЙЫНЫ ЖОКПУ?
Карапайым калктын дээрлик көпчүлүгү электр энергиясынын төлөмүн кечиктирбейт. Кийинки айга калды дегиче, электриктер 100-200 сомдун көзүн карабай өчүрүп кетүүгө маш. Ошол эле учурда эки-үч кабаттан турган хан сарайлардын ээлери дайыма электриктерди какшатып, атүгүл милиция кызматкери менен келген рейд учурунда деле тоготпой, дарбазасын да ачып коюшпайт.
Бул сапар да электриктер «Ататүрк» сейил багынын тегерегинде жайгашкан үйлөргө рейд жүргүзүшкөн. Алар убагында шаардын борбордук бөлүгүндөгү сейил бактын аймагына үй тургузуп алышкандыгы үчүн чуу болушуп, экс-президент Курманбек Бакиевден өйдө ошол районго барып, «мыйзамсыз курулган үйлөрдү буздуруу керек» деп күпүлдөгөн. Басылмаларга үй кожоюндарынын ысымдары жарыяланып, арасында парламент депутаттары, күч органдарынын башчылары жана башка кыргыз элитасынын күркүлдөрү жашаары маалым болгон. Турак жайынын ызы-чуусу унутула электе минтип электр энергиясы үчүн тыйын төлөбөй жүрүшкөндүгү коомчулукту кыжырданта турган иш болду. «Түндүк электр» ААКсы билдиргендей, «Ататүрктө» турган баш-аягы 23 хан сарайлардын арасында 400 миң сомго чейин электр энергиясына карызы барлар бар. Ызы-чуудан кийин хан сарайлардын ээлери электр энергиясы үчүн карыздарын төлөй башташыптыр.
7-январь күнү КТРКнын кабарчыларын ээрчитип электриктер рейдге чыгышкан. Бирок байлыктан көзүн май басканбы же майрамдын мастыгы таркай элекпи, «Ататүрк» сейил багындагы үйлөрдүн биринин жанында бир жигит кабарчы кыздарды ур-токмокко алып кирген. Оператор жигит болсо камерасын талкалап салбасын деп кесиптештерин калкалоого чамасы болбой калган.Жабыркаган кабарчылар – Бурулай Пусурманкулова менен Ширин Асанакунова. Токмоктогон адам экс-депутат Абдраим Кулбаевдин уулу, учурдагы Бишкек шаардык кеңештин депутаты Аида Кулбаеванын бир тууган иниси Айдин Кулбаев болуп чыкты. Көп өтпөй «Түндүк электр” ААКсы маалымат таркатты. Көрсө, былтыркы жылдын ичинде эле электриктер жапа чеккен беш окуя катталган экен. Арасында катуу токмок жегени да, итке таланганы да бар. КТРКнын кабарчысын сабоо окуясын президент Алмазбек Атамбаев жеке көзөмөлүнө алып, кылмыш иши иликтенүүдө.
СОХ МЕНЕН КУРШАБ «БАРЫМТАСЫ”
Сох анклавында орун алган окуя тынчыбай жатканда Куршаб дүң болду. Эске салсак, дээрлик тажик улутундагылар жашаган Хушяр айылынын тургундары кыргыз тарап орнотуп жаткан электр линияларынын курулушуна каршы чыгып, коңшу турган Чарбак айылынын жашоочуларын барымтага алышкан. Мекендештерибизди бошотуу операциясы аягына чыкпай жатса, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында турган Кытайдын жарандары жергиликтүү эл менен чатакташа кетишти.
Ош облустук Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 9-январь күнү «ТВЕА” компаниясынын 4 кытай жумушчусу көчөдө бара жаткан жергиликтүү тургун Мураталы Сасыковду «чөнтөк телефонду уурдап алды» деп ур-токмокко алышып, «Астан-Ата» аттуу кафенин имаратына сүйрөп киришип, камап коюшкан. Андан соң кытайлар дагы бир жергиликтүү тургун Шайыргүл Жумабаеваны көчөдөн кармап алып сабап, ушул эле кафеге алып киришкен.
Барымтага алынган Мураталы Сасыков ата-энесине телефон чалууга жетишип, атасы кафеге келсе, кытайлар аны да сабап салышкан. Атүгүл окуя болгон жерге келген Куршаб айылынын милиция бөлүмүнүн кызматкерлери да токмок жеген.
Жергиликтүү тургундарды сабаганы аз келгенсип, барымтага алып, камап койгону айыл ичинде желдей тарап, кыжырданган 100гө жакын кыргыздар аталган кафенин алдында топтолуп, камакка алынган адамдарды бошотууну талап кылышат. Жыйынтыгында массалык жаңжал башталган. Мушташтан 11 милиция кызматкери жана 2 жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага кайрылышкан. Кытайдын 18 жараны жаракат алып, ооруканага жеткирилип, алардын экөө реанимацияга жаткырылды. Барымтага алынган айылдын жашоочулары жана милиция кызматкерлери 2 сааттын ичинде бошотулганын Ош ИИБи билдирди. Бул окуя боюнча 6 кылмыш иши козголду.