9-январда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев менен биргеликте меморандумга кол койду. Ага ылайык, министрлик ассоциацияга маалында облус, райондордун күйүүчү майга болгон керектөөсү тууралуу маалымат берип турат. Өз кезегинде аталган ассоциация май куюучу жайларды, нефтебазаларды күйүүчү-майлоочу май менен үзгүлтүксүз камсыздап турат. «Алгачкы эки тараптуу келишим 2012-жылы түзүлүп, убакыт көрсөткөндөй, бул механизм эффективдүү жыйынтык көрсөттү»,- деп белгилейт өкмөттүн маалыматтык-саясат бөлүмү.