Табигый кырсыктардан өлкөдө 2012-жылы 47 адам бул дүйнө менен кош айтышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кар көчкүдөн 15 адам жабыр тартса, 8 киши өрттөн жан берген. Ал эми 8 жаранды сел алып, шахтада газ менен ууланып каза болгон адамдардын саны 5, чагылган соккусунан 4, коомдук даараткананын кыйроосунда 4 киши, таш түшүүдөн 1 киши, дагы 1 киши кутурма оорусуна чалдыгып, 1 адам шахтанын кыйроосунан каза болгон. Өзгөчө кырдаалдар министринин айтымында, өткөн жылы 449 өзгөчө кырдаал катталган. Буга кеткен материалдык чыгым 924 миллион сомду түзгөн.