АВТОМЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТӨТ

Жол коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаев Бишкектин автоклубдарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда жакында республика боюнча бардык автомектептер текшерүүдөн өтө турганын айтты. «Азыркы учурда өлкө ичинде 200дөн ашуун автомектептер бар жана алардын үчөөндө гана окуу базасы толук. Ушул көрсөткүч аркылуу эле азыркы айдоочулардын деңгээлин билсек болот. Эң кызыгы, автомектептерге лицензияны МАИ эмес, Билим берүү жана илим министрлиги берет. Машина айдоону үйрөнүп жаткан жаш айдоочулардан сынакты МАИ эмес, каттоо органдарынын өкүлдөрү алат, бирок жол кырсыгы катталса, биздин моюнубузда”,- деди Талантбек Исаев.
Ошондой эле ал окубай туруп айдоочулук күбөлүктү сатып алып жаткандар көбөйгөнүн айтты. Мындай көрүнүш жол кырсыктарынын санын көбөйтүп жатканын белгилеп, 2012-жылы жол кырсыгынын саны 22 пайызга өскөнүн, бул жол кырсыктары автомашинанын рулуна отурганына 1 жыл боло элек айдоочулардын шалаакылыгынан келип чыкканын билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
mis
2013-01-17 23:55:40
Мен ушул кунду аябай кутуп жаткам .
0
nuradyl88
2013-01-18 22:50:30
Ишке ашса аябай жакшы болмок...
0
sanya
2013-02-05 07:57:50
аитканыныз жомок праваны 6000 сомго алып жатпаибы авто школаны текшеру керек
0
№ 532, 11-17-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан