8-январда Ош облусунда күчү 4,4 БАЛЛГА жеткен жер титирөө катталды.
Ош облусунда 2012-жылдын 22-декабрында кар көчкүнүн алдында калып каза тапкан 15 жаштагы Жеңишбек кызы Тахмина жана Замирбек кызы Дилбардын үй-бүлөлөрү президенттин Социалдык коргоо жана колдоо фондунан 50 МИҢ сомдон жардам алышат.
9-январдан баштап кардарлардын укугун коргоо үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында райондук комиссиялар иштей баштады. Мындан кийин сатып алуучулар өз укуктарын коргоп, сатуучулар тарабынан туура эмес иш жасалса, Экономика министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө арыздана алышат.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдиргендей, «мыйзамдагы ууру” КАМЧЫ КӨЛБАЕВ Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин убактылуу тергөө абагында 3-ФЕВРАЛГА чейин калтырылат.
9-январь күнү 74 ЖАШ курагында Кыргызстандагы Улуттук Олимпиада Комитетинин биринчи президенти ЭШИМ КУТМАНАЛИЕВ дүйнөдөн кайтты.
9-январда тотализаторлор жана букмекердик кеңселер тууралуу мыйзамды туура эмес деп санаган 30дай киши Ак үйдүн алдында пикетке чыгышып, мындай мекемелерди жабууну талап кылышты.
Талас облусундагы Кара-Буура районунун Аманбаев айылдык округунун жаңы шайланган депутаты ЖЫПАРБЕК ТОЙЧУБЕКОВ жана Чолпонбаев айылдык округунун депутаты АМАН АСЫРАНКУЛОВ депутаттык мандат жана төш белги албай калганын айтып, КРнын Акыйкатчысы Турсунбек Акунга кайрылышты.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, Кытай Кыргызстанга 20 БЮДЖЕТТИК орун бөлүп берди. Азыркы учурда коңшу өлкөдө 300дөн ашуун кыргызстандык студенттер билим алышууда.
10-январда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Кыялбек Мукашевдин ОРДУНА ЭРИК КУЙКЕЕВ дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.