Иса Өмүркулов:«МЕНИН ФАМИЛИЯМА ӨТҮП АЛГАН КҮЙӨРМАН КЫЗДАР БАР»

Кыргыздын Жастин Бибери атыккан жылдыздуу, сүйкүмдүү, таланттуу ырчы жигит Иса Өмүркулов азыр 2-курстун студенти. Окуусу менен кошо чыгармачылыгын тең алып жүргөн ырчы жаштык доорун армансыз өткөрүп жатканын баяндап берди.

– Салам, Иса, Жаңы жылың менен! Студенттик доорду кандай сүрүп жатасың?
– Рахмат. Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетинде 2-курста окуп жатам. Быйыл аскерге чейинки даярдык курсу кирип, ар дүйшөмбүдө аскер кийимин кийип, өзүмдү кадимки жоокерлердей сезип жүргөн кезим.

– Былтыркы жыл эмнеси менен эсте калды?
– Жылдын башында той-корпоративдерден кол бошогон жок. Октябрда Астанадагы «Дельфин оюндары» деген фестивалга барып катышып келдим. Ноябрда бир тууган агам, декабрда эжем балалуу болуп кубантышты. Боюм болсо 187 сантиметр болуп калды, жыл сайын 1 сантиметрден өсүп жатам. Буюрса, 20 жашымда окуумду аяктайм, боюм болсо 190 сантиметр болот экен (күлүп).

– Кепти сени сүйгөн күйөрман кыздарыңа бурсак. Өзүң айткандай, таенең кубалаган кыздардын саны азайып калдыбы?
– Жок, бар дагы деле, ха-ха... Сейилдемиш болуп үйүмдүн жанынан өтүп калганын же чогулуп турушканын көрүп калам. Мага билдирбейин дешет, бирок баары бир байкап коём. Ии, баса, бир окуяны эстеп кеттим. Менин туулган күнүмдө Мирбек, Арсен, Омар, Сайкал, айтор, биздин шоу-бизнестин ырчылары куттуктап келишкен эле. Өзүм Пишпек районунда жашайм да. Ошол күнү бүт Пишпекке менин үйүмө жылдыздар келгени жайылып кетиптир. Түнкү саат 3-4кө чейин эшигимдин алдында, короомдон аңдыган, дарактарга жашынып кол телефонуна тарткандар болду. Ошондо аябай таң калдым.

– Анда күйөрмандарың азайбай эле, көбөйгөн го...
– Ошондой окшойт. Социалдык тармактарда менин фамилияма өтүп алган күйөрман кыздар бар. Атайын өздөрүнүн фамилиясын меникиндей өзгөртүп, баланча Өмүркулова болуп алышат. Анан да өздөрүнүн сүрөттөрүн мажбурлап эле меникине чаптап кошуп алгандарычы. Бир чети күлкүм келсе, бир чети алар менин күйөрмандарым да деп өзүмдү токтотуп коём.

– Күйөрман кыздарыңдын арасынан сулууларына сөз айтып, тийишесиңби?
– Кандай десем, ооба, арасында сулуу кыздар көп эле болот, бирок мен статусумду кармаганга аракет кылам. Баары менен эле тааныша берсем болбой калат го.

– Учурда кыргыз ырларын казакча которуп ырдоо мода болуп калбадыбы, сенин ырларыңа казак туугандар тийише элекпи?
– Ии, жакшы эстеттиңиз, өзүм көргөн жокмун, бирок тааныштарым айтышты, менин «Сүйүү жазы» деген ырымды казактардын «Жебе» деген тобу ырдаганын Казакстандын бир телеканалынан көрүшүптүр. Башка өлкөдө ырдап, хит кылса мейли, бирок биздин бар экенибизди эске алып, бир ооз сурап коюшса болмок. Дагы бир казак продюсер ошол ырды сурап келди, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

– Сахна босогосун эрте аттагансың. Азыр ошол кичине кезиңдеги видеолоруңду көрүп суктанасыңбы өзүңө?
– Ооба, кипкичинекей болуп алып клиптеримде улуу эжелерге көз артып, тийишип ырдаганымды көрүп, ошондо эле тентек экенмин деп коём. Ошол видеолорду көрүп кадимкидей ностальгия болом.

– Чынында эле өзүңдөн улуу кыздар жагабы сага?
– Сиздердин порталда «Кош канат» деген ырымдын клибине бирөөнүн «Исага өзүнөн улуу кыздар жагат» деген комментарийин окуп алып күлгөм. Ойлосом, чындап эле бүт клиптеримде улуу эжелер менен тартылыпмын. Мага өзүм теңдүүлөр эле жагат, эмне кылам «старушкаларды», ха-ха...

– Түнкү клубдарга эс алганы барып турсаң керек?
– Жок, ырдаганга эле барбасам, эс алганы барбайм. Күндө той-корпоративде эс алып эле жүрөм да.

– Кыздар сенин эмнеңе арбалышат деп ойлойсуң?
– Кудай мени эч нерседен кем кылбаптыр. Бой десе боюм, ой десе оюм бар дегендей. Арбалчу сапаттарым толтура эле.

– Кино жаатында өзүңдү сынап көрөйүн деген ойлор жокпу?
– Бар. Өзүмө индия кинолору аябай жагат. Анан жакында эле «Курманжан датка» фильмине дал мендей бою узун, кең далылуу жигиттер керек экен. Барып видеопробадан өтүп кеткем, бирок ошондо фестивалга даярдык көрүш керек болуп баш тартканга туура келди.

– «18ге чыкканда «Жаңы толкун» сынагына катышам» деп айткан элең. Алдын ала даярданып жатасыңбы?
– Негизи, жаш курагым көп жерден тоскоолдук жаратып коёт. Эсептеп көрсөм, ал сынакка дагы эки жылдан кийин барат экенмин. «Евразия жылдызы» сынагына да өтүп кеткен болчумун, бирок «жаш экенсиң» деп коюшкан. Учурда 17 жаштамын. Буюрса, алдыда көптөгөн Эл аралык сынактарга катышам деген тилегим бар.

– Кел, келечекке көз чаптырып көрөлү. Канча жашыңда үйлөнгүң келет?
– Менимче, отуз жаштан өткөндө. Ырчы Ома деле отуздан өткөндө үйлөндү го. Качан чоң особняк салып, машина алып, бак тиккенден кийин дебейинби. Ошондо да ойлонуп көрмөкмүн, үйлөнгөнгө даярмынбы же жокпу деп.

– Канча жашыңа чейин ырдагың келет?
– Ырдай албай калгыча. Мейли, чачым агаргыча.

Кыялыңдагы кызды сүрөттөп берсең?
– Чынын айтсам, антип кыялданып көрбөпмүн. Болот го бир көргөндө кайсы бир жери менен жагып калат. Эмнеси жакканын деле билбейсиң. Анан, албетте, ата-энемди, бир туугандарымды сыйлаган, ыймандуу кыз болсо.

– Канча жашыңда темир тулпарлуу болдуң?
– 12 жашымдан баштап эле машина айдачумун. Алгачкы жеке концертимди 12 жашымда берип, түшкөн акчага ата-энем машина алып беришкен. Ал эми айдоочулук күбөлүктү алганыма аз эле болду.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Иса Өмүркулов: "Күйөрман кыздар номеримди сурашса экен дечүмүн"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (60)
gulzarali
2013-01-16 15:12:15
Биз кыргыздар ушинтип бири бирибизди кемсинте берип ошон учун онукпойбуз. Эми Иса мактанганчалык бар да,аябай таланттуу бала,кичинесинен бери ырдайт. Анын эмнеси бар экен. Ал эми старушкалар деп тамашалап эле койду да. Кыскасы бар эле болгула да туугандар!
-1
akjol1989
2013-01-16 17:54:36
ЕЕЕЕУУУУУУ ышкыртып коментарий бергендер!!!! Жашынар канчада? Кыйн экенсинер 12 жашынарда машина алып 17 жашынарда ырчы болуп силер да супер инфого "старушкалар" деп интервью берип коргулочу??? Колундан келсе айран чал дейт кыргызда. колундан келбейби суйлобош да ээ...
0
sanay
2013-01-16 22:35:41
Isa,saga iygilik,eldin oozundasyn baardyk sozdu tarazalap tuura oiundu elge jetkire bil.Chygarmachylygyn orkundosun.Azamatsyn.
0
Umnitsa
2013-01-17 02:30:16
Altinim социалдык тармактарда баланча биберовна деп ачып алгандар толтура.



Иса 17 Жашта болсо 95-турбайбы. Мен 93 деп ойлоптурмун.
Баса озу социалдык тармактарда катталган бекен логинин же номерин бергилечи анча тааныбайт болчум таанышып алайын)))
0
angelo4ka_96
2013-01-19 19:31:56
Umnitsa, o_isa@mail.ru
0
menedjer
2013-01-17 16:26:32
ийгилик! мынча ичинер таааааар ушинтип жазбаса дагы кантип жазсын ????? жонокой эле жазылып турбайбы.,тамашалашып позитивдуу жазыптыр
0
magic1721
2013-01-17 21:12:14
Урматту форумчулар! кеп коро албаган же жаман коруудо эмес! Ар ким озунун оюн жазганга укуктуу!!!
+1
N.Bakazova
2013-01-18 00:47:39
Ech kim bul balany koro albai jatkan jerleri jok, ar kim ozunun oi pikirin aityp jatat.
+1
aus_Deutschland
2013-01-18 04:23:05
Pfffff...polnyi otstoi,net slov...a vot Adelite peredayu privet,jelayu uspehov,molodetc!
0
magic1721
2013-01-18 12:04:24
N.Bakazova значит это тебя не касается
0
NurAngel
2013-01-18 14:46:25
Ay uwu bizdi sinatip ele koyso Isa saga iygilik!!!
0
Aliyar85
2013-01-19 02:24:04
мен жазбай еле коеюн
+1
mga88
2013-01-19 05:29:57
..)
0
Love_kg
2013-01-20 11:13:25
действительно слишком зазнался ...... чтобы быть красивым и душа в первую очередь должна быть красивой, так сказал будто ее будущая жена или там мама и сестры не постареют никогда, придет время ты тоже постареешь.. наверно девушки которые снимались в клипе обижены к такому интервью.....!
0
shirin27
2013-01-22 23:07:13
E he he hehe
0
Smileboy
2013-12-04 16:46:01
unu ,4ygarma4ylygy jakwy ordunda 1 soz m.n ERRRKEEK!iygilik!
0
№ 532, 11-17-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан