«ЖЫЛДЫН КЫШ МЕЗГИЛИ БИЗ ҮЧҮН МАЙРАМ»

Ак карга оронгон кыш мезгили ысык чай, жылуу төшөк жана кереметтүү жомоктору менен кызык. Бирок муз тебүүчү базада эс алып жүргөндөр бул пикирди четке кагышат. Атайын борбор калаабыздын четиндеги базалардын бирине барып, кыштын ызгаарында муз тебүү ырахатына жетеленгендер аябай көп экенин көрдүк. Кошумча маалымат алууга да тырыштык.

МУЗ ТЕБҮҮ ҮЧҮН ЖУМУШТАН КАЧКАН АДИЛЕТ
Бишкектин борборунан 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан тоо-лыжа базаларынын бирине жөнөдүк. Кар жааганда бул жакка жол жабылат дешчү эле, тескерисинче, жол атайын техника менен тазаланган экен. Бир саат жол жүрүп, жетчү жерибизге жеткенде биринчи таанышканыбыз Адилет аттуу жигит болду. Аны менен сүйлөшүп, асма жолдогу орундуктарга отуруп өйдө карай жөнөдүк. Адилет сүрөткө түшүп берүүдөн качканы менен, суроолорго жооп берип баратты. «Бул зым карагай быйыл тартылды. 600 метр аралыкка барып-келип айланып турат»,- деди.
Анан бир окуясын айтып берди:
"Биз ушул жерде «жашап» калганбыз. Лыжа менен сноуборддон дале моокумум канбайт. Өзүм борбордогу ири ишканалардын биринде иштейм. Элдер эмгек өргүүсүн жайында алышса, мен кышында сурайм. Бир жолу жетекчилик уруксат бербей коюп, башка шылтоо айтып бул жакка качып келдим. Анан бирөөлөрдүн камерасына түшүп калган экенмин, жетекчилик «кылмышымды» билип койгон".

КАР ЖААШЫН ТИЛЕШЕТ
Дөңдүн кырында лыжа жана сноуборд кармап жүргөндөрдүн жанына келип түштүк. Кызматкерлер айтмакчы, бул жерде сноуборд менен лыжага эң эле көп «куда түшүшөт» экен. Алар калбай калган учурлар да болот.
Кийинки маектешибиз Алымбек Токоев буларга токтолду:
"Мен бул жерде 4 жылдан бери иштеп келем. Жыл санап бул спортту сүйүүчүлөр көбөйүүдө. Алардын талабына ылайык шарт түзүүгө аракет кылуудабыз. Көбүнчө январь айында эс алуучулар көп келишет. Кээде бир күндө 1500-2000 киши келип, элдин көптүгүнөн бирин-бири таппай калгандар кездешет. Бир күндүк эс алуу үчүн дем алыш күндөрү киши башына 800 сом, иш күндөрү 500 сом төлөшөт. Биз болсо Кудайдан кар тилеп коюп ишибизди аткара беребиз".
Андан ары басып, инструкторлор менен сүйлөшүп калдык. Бир жигит:
«Кышты, ушул күндөрдү күтөбүз. Саатына 500 сом акы алып, лыжа тепкенди билбегендерге үйрөтөбүз. Үйрөнүү адамдын дээринен эле болот. Дээринде бар адам 1 саатта үйрөнсө, айрымдарга андан ашык убакыт керек. Кээ бирөөлөр миң аракет кылсаң да үйрөнө албайт»,- деп сөзгө аралашты. Бирөөнүн эс алуучу жайы, бирөөнүн акча табуучу жайы экен деп калдык. Лыжа менен сноубордго кызыкпагандар ары басып, атайын чана, үйлөтүлгөн дөңгөлөктөр менен чер жазышат.

«ӨЗ АЛДЫНЧА БИР КҮНДӨ ҮЙРӨНСӨ БОЛОТ»
Жолдо баратканда бир таанышыбыз «Кудайдын куру азабын тартып жылгаяк теппейт элем. Кыйналып бийиктикке чыгасың да, 30 секундда кайра ылдый түшүп каласың» деген эле. Бирок бул пикирге адреналин алып жүргөндөр кошулгудай эмес. Анткени андан алган ырахатты сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Лыжа же сноуборд менен жогорку ылдамдыкта бараткан кишинин көзүнөн эле анда эмне жатканын окусаң болот. Ошол көз ирмемдерге жетиш үчүн эл акчасын аябайт.
Эс алып жүргөн Урмат аттуу жигит сноубордго аябай кызыгат экен. «Бүгүн лыжаны таштап, сноуборд тебүүгө бел байладым. Сноуборд лыжага караганда коозураак, кызыктуураак көрүнөт. Аны менен катуу ылдамдыкта баратсаң, чалкалай жыгылуу менен абалдан чыгууга мүмкүн. Интернеттен сноуборд тепкендерди көрүп кызыгып калгам»,- деп ой бөлүштү ал.
Максат аттуу жигит болсо: «Эртең менен келип, лыжаны бир күнгө 500 сомго алдым. Инструктор жалдаган жокмун. Бирок өз алдыңча жүрүп, бир күндө үйрөнүп кетсең болот экен»,- деди. Эс алуучулардын арасында кары-жашы да, аял-эркеги да бар. Кыскасы, эс алуу үчүн эч нерсе тоскоол эмес десе болот.

КЫРСЫКТАР ДА БОЛУП ТУРАТ
Канчалык тапталган сайын муз улам тайгак болуп, улам курчуй берет эмеспи. Жогорку ылдамдыкта келатып жыгылгандар көп эле болот экен. Бул тууралуу Казакбай уулу Чыңгызбек төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Бул жерде инструктор болуп иштейм. Музга ишенип болбойт да, тепкенди билген деле, билбеген деле жыгылышы мүмкүн. Бирок көбүнчө жакшы үйрөнбөй туруп, жогорку ылдамдыкты кармай калгандар буту-колун сындырышат. Эгер жараат жеңил болсо, бул жактан карап көрүп, чара көрүлөт. Болбой баратса унаасына жеткирип коёбуз. Көбүнчө шаардагы ооруканаларга барышат".
Ошентип, эл менен маектешүүгө, алардын кубанычтарына ортоктош болууга арнаган кыска сапарыбыз соңуна чыкты. Көк муштум болуп тоңуп калганыбызды качан гана унаабызга отуруп артка кайтып баратканда түшүндүк.

 Кыстарылган видео 
"Кудайдан кар тилеп коюп ишибизди аткара беребиз"18-01-2013
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Knt
2013-01-23 11:21:50
oo daa,snovbord menin dosuum!!!!!! birok bul sportko bizdin kyrgyzbailar an4a kyzyga berbeit
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан