Элексиз элеп, даяр ун берет,
Жебейбиз аны, бирок турмушта керек.
Ар жылда келет, бул эмне делет?
(Кар)
Кийим кий десең,
Кылдан башканы кийбейт.
Тамак же десең,
Сакалы бийлейт.
(Эчки )
Колу жок, согуп турат,
Буту жок, жүрүп турат.
(Саат )
Эртең менен тура калам,
Эки жолго түшө калам.
(Шым)
Дамира Арстанова
balakai@super.kg