«МЕН АНЫН ӨЛҮМҮНӨ КҮНӨӨЛҮҮМҮНБҮ?»

Талас облусундагы райондордун биринен келген биздин каарман өзүнүн армандуу тагдырын айтып отурду. Канчалык карманайын десе да, катуу чыңалган нервден көздөрүнүн ичи канталап, бир чыны кофени иче албай, колдору калтырайт. Анда кеп Марина (белгилүү себептерден аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу айымда.

"ИЧКИЛИКТИН АЙЫНАН АЖЫРАШЫП КЕТТИК"
-Жашым 35те, кимге барып арманымды айтып, кимден жардам сураарымды билбей, сиздерге кайрылдым. Жолдошум экөөбүз 1996-жылы баш кошуп, эки балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Буга баягы эле ичкилик себеп болду. Күйөөм ичип келген күндөрү анын кызыл камчысынан коркуп, эки кичинекей чүрпөмдү жетелеп алып коңшуларымдын короосуна, бир күнү мончонун ичине, анын эртеси жер төлөгө жашынып, жегенге тамагыбыз жок калган күндөр болду.
Аялзаты балдар атасыз чоңойбосун деп баарына баш ийип жүрө берет турбайбы. Алты жыл бою «арагын токтотуп, бактылуу үй-бүлө болобуз го» деген үмүт менен жашап жүрдүм. Акырында чыдабадым, үй-жайга, эч нерсеге карабастан балдарымды алдым да, кете бердим. Эки жыл бою жолдошум артымдан келип жүрдү. Жарашайын дейм, бирок сабаганынан корком, барбайын десем, сүйөм, сагынам, ыйлайм... Кыскасы, ажыраштык.
Белди бекем бууп, ар кимдин идишин, полун жууп, балдарымды эч нерседен кем кылбай бага баштадым. Көп өтпөй бир аз жыйнаган акчама ижарага имарат алып кафе иштетип, өзүмө эле эмес, төркүнүмө да жардам берип жүрдүм. Алтын менен күмүштүн түрүн тагынып, кымбат баалуу кийим кийип, санаадан арыла баштаганда балдарымдын атасы капыстан кезикти. Ага чейин мен башка адамга баш кошуп, бирок турмушубуз болбой, ажырашып кеткен элек. Жолдошум да үйлөнүп, бир балалуу болуп калган экен.
Арадан 10 жыл убакыт өтсө да, бири-бирибизге болгон аруу махабатыбыз өчпөптүр. Мурункудай ичпей, алда канча салабаттуу адамга айлангандай көрүндү көзүмө. Телефондон тез-тезден сүйлөшүп, сүйүүлөр жандана баштады. Экөөбүз бири-бирибизди аябай сагынган экенбиз, тим эле дүйнөдө бизден бактылуу адам жоктой сезилчү.

"БҮТ АЙЫЛ МЕНИ ЖАМАН КӨРҮШТҮ"
-Ал убакта аны экинчи аялы баласы менен үйүндө күтчү. Бир күнү жолдошум «мен мындан ары экинчи аялым менен жашай албайм. Бир туугандарыма, ата-энеме айтам, экөөбүз кайра жарашабыз. Убагында сенин, балдарымдын баркын билбей жүргөн экенмин, эми баары жакшы болот. Мени кечирип кой, экинчи аялыма деле сага эрегишип үйлөнүп алгам. Туура көрсөң, жарашалы» деген сунуш киргизди. Ошентип, тууган-уруктун каршы чыкканына карабай жарашып, чогуу жашап калдык.
Ал жакындары менен да менин айымдан киришип-чыгышпай калды. Үчүнчү перзентибиз жарык дүйнөгө келди. Анан кайрадан баягы жашоо башталды. Ичпей жүргөн жолдошум ичип, ызы-чуу чыгарып, адатынча уруп-сабаган күндөр... Кетип калайын десем, балдарым «атам менен эле жашайлычы» деп көнбөйт. Акыры улуу баламды атасынын жанына таштап, мен төркүнүмө баса бердим. Бир апта өткөндөн кийин балам чалып «апа, атам кайтыш болуп калды» деди. Ошондон бери кайын журтум анын өлүмүнө мени күнөөлөп келишет. «Сен келбесең, ал жакшынакай эле жүрмөк. Сен үй-бүлөсүн бузуп келип алып, мына эми эмне болду?..» деп кайын журтум эле эмес, бүт айыл жаман көрүп келишет.
Жолдошумдун кыркылыгында алар өзүнчө куран түшүрсө, мен өзүнчө түшүрдүм. Жер которуп кетип калайын десем, үй-жайымдан ажырап, балдар менен кайда барам? Кээде түшүмө кирип, муңайым көздөрү менен «мен сага жардам бере албай, тигилерге айта албай жатпаймынбы» деп жалооруй карайт. Алардын мени күнөөлөгөндөрүнүн себеби, мен келгенге чейин жолдошум экинчи аялы менен абдан үлгүлүү болуп, элге алынып жашашкан экен. Балким, чыны менен эле анын өлүмүнө мен күнөөлүүдүрмүн деп өзүмдү жектеп келем.

Каарманыбызга «Триумф-инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА кеңеш берет.

"ЖАҢЫ ТУРМУШ БАШТООГО БЕЛ БАЙЛАҢЫЗ"
-Сиз бул ишке күнөөлүү эмес экениңизди айта кетейин. Биринчи иретте өзүңүздү колго алып, ички жан дүйнөңүз менен иштеңиз. «Эмне үчүн менин жашоом мындай болуп жатат?» деген суроонун үстүндө жакшылап ойлонуп көрүшүңүз абзел. Балким, мындай жагымсыз окуяларда ар дайым эле өзүн курмандык катары сезе беришинин себеби тээ тереңде жаткан чыгар. Психологияда айтылган «ар бир жашоо түйүндөрдү» карап чыгуу керек.
Бала чагыңызды, жаштык кезиңизди, күйөөңүз менен жашаган учурларды карап чыгыңыз. Баарын эстөө сиз үчүн оор, бирок ошолорду эстегенде гана кайсы жерден ката кеткенин биле аласыз. Анан баарын эмоция менен эстеп, кайсы жерден ката кетиргениңизди билип, ал маселени толук чечип туруп, жаңы максаттар менен жакшы турмуш баштоого бел байлаңыз. Буга өз күчүңүз менен жетише албасаңыз, психологго кайрылууну сунуштайбыз.

Нургүл Чабдарова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Miraida2012
2013-01-21 14:02:54
Чынында эле сиздин абалыныз оор экен. Жер которуп,белди бекем бууп балдарынзды жакшы караныз. Сизге кайрат куч кубат берсин кудайым. Сабырдуу болунуз убакыт баарын дарылайт эмеспи.
0
nurrayan93
2013-01-22 00:07:49
сиз озунузду куноолуумун дебениз баары Аллахтан
0
kuba1985
2013-01-27 01:03:14
nurrayan93, туура айтасын, мандайга эмне жазылса коробуз да
0
kulpun88_kg
2013-01-22 16:18:46
кудайым сизге жардам берсин алга гана жол артка жол жок
0
topi
2013-01-22 16:29:35
ekinchi ayali akilduu eken kuyoosun ongdop koyso siz baryp kayra buzuptursuz demek siz soo emessiz bashin aylantkansiz.
0
alinur91
2013-01-26 21:17:16
topi, кандай деп ойлойсун биле албадым.адам деген тируу жан ар кимдин озунун башы бар аялы эмне жаман болсун дедиби?ушундай адамдар начарсынар жашайбыз и жашап келебиз.эч кимге конул бурбай балдарынызды ойлон
0
Alima96
2013-01-23 12:06:08
Окунучтуу ...
0
killerka8905
2013-01-23 14:18:06
baary allahtango birok erdi er kyla turganda ayal kara jer kyla turganda ayal ekinchi ayaly er kylyp koiso siz kara jer kylypsyz.
0
Mirko.93
2013-01-23 17:40:20
Аллахтан эмес! куноо суйуудо,аракта, сиз кунолуу эмессиз, Откон кундор кайра келбейт, окунгон м.н пайда бербейт, намаз окунуз, баары жакшы болот.
0
Venchuk
2013-02-09 10:18:45
Менин экинчи аялында боорум ачып жатат анда эмне куноо ал да баласы менен калды да ара жолдо.Эх эркектер бироонун тагдырына балта чаап
+2
tazagul86
2013-04-11 00:54:43
Аялдар эч качан жаман болсун дебейтда,менда куйомду ичпе жакшы жашайлы дейм макул дейт ,кайра эле ичет,жакшылык алып келбейт деп коп айтам.баарын кылган ичкиликго деп ойлойм.себеби бир эженин куйосуда ичип алып кетип жатса машине уруп кетип 5баласын таштаап кете берди.олгондун озунун эле шору бары жашап жатат бир жакшынабалдары чонойду дегендей. Сизге айтаарым эч качан озунузду кунолобонуз баары жакшы болот.
0
Kyrgyzstanym
2013-04-21 08:02:52
Биздин жашообуз да дпл ушундай бирок менин апам 19жылдан бери чыдап келет мен 18ге толгон убагым далее ичет азыркы убакта Орусияда иштейбиз атам бизге жардам бербейт апам экообуз иштеп уйдун баарын бутургонбуз бул жылы шаардан уй алганбыз эми кудайым буйруса ошол уйлорду ремонт кылабыз...Атам озунун кара башын да бага албайт карыз алат айлыгын ошолорго берет дагы ичет ушундай жашоо...Ар бир пендеге айтаарым ичкиликке берилбей уй-булоонорду ойлогула бул силердин милдетинер...Ичкен адамды азыркы у
+1
Kyrgyzstanym
2013-04-21 08:04:51
толук жазылбай калыптыр кечиресинер....
+1
erkeleim
2018-09-10 16:07:33
Чу дегенде эле калпго 35 жашта болсо 1983 жылкы же 82. 1996 жылы 13 жашында чыгабы турмушка
+1
jurogumdosun
2018-09-11 09:59:57
erkeleim, 2013 - жылы жазылган экенго.
+1
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан