ФАРШТАЛГАН ЖУПКА
Керектүү азыктар:
Жупка – 3-4 даана
Краб таякчалары – 200 грамм
Колбаса – 100 грамм
Помидор – 1 даана (өтө чөң болсо жарымын гана кошуу керек)
Майонез – 300 грамм
Укроп
Туз – Татымына жараша
Жасоо ыкмасы:
1. Краб таякчаларын, помидорду, колбасаны жана укропту майда кылып туурап алыңыз.
2. Ага туз жана майонезди кошуп аралаштыруу керек.
3. Андан соң алдын ала бышырылган жупканын бетин майонез менен майлап алуу абзел.
4. Эми фаршты ага тегиз жайып, жупканы оройбуз.
5. Фаршталган жупканы этияттык менен туурап, тарелкаларга салууга болот.
Эскертүү!
ТОБУРЧАК САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Ышталган тоок эти – 300 грамм
Пияз – 2 даана
Картошка – 3 даана
Жумуртка – 4 даана
Консерваланган жүгөрү – 100 грамм
Майонез – 200 грамм
Кооздоо үчүн бадам данектери, ашкөк
Даярдоо ыкмасы:
1.Алгач картошканы жана жумуртканы сууга кайнатып бышырып алабыз. Картошканы сүргүчтөн өткөрүп, жумуртканы, пиязды жана тоок этин майда кылып өз-өзүнчө туурайбыз.
2. Эми ар бир азык тобурчактын формасында кабат-кабат болуп тарелкага жайгаштырылат. Ар бир кабаттын ортосун майонез менен майлап турууну унутпаңыз!
1-кабат – картошка,
2-кабат – тоок эти,
3-кабат – пияз,
4-кабат – жүгөрү,
5-кабат – жумуртка.
Эми салаттын үстүн бадам данекчелери жана ашкөк менен кооздоп дасторконго коё берүүгө болот.
Эскертүү!
Эгер таба алсаңыз, карагайдын же арчанын жаш бутагы өзгөчө окшоштук тартуулайт.
КРОКОДИЛ ПИРОГУ
Керектелүүчү азыктар:
Эт – 500 грамм
Ун – 500 грамм
Капуста – 1 (кичинекей) даана
Пияз – 3 даана
Сүт – 250 грамм
Кумшекер – 2 аш кашык
Ачыткы – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Унга жылуу сүт, ачыткы, туз, кумшекер кошулуп камыр жуурулат. Камыр жылуу жерде 1 саат тыныгып, көтөрүлүүсү абзел.
2. Эт, капуста жана пияз майда тууралат.
3. Эми көмөч казанды кызытып, ага май куюу керек.
4. Алгач этти жакшы кууруп алабыз.
5. Анан пиязды, капустаны салып, туз кошуп капкакты бекем жаап жай отто 10-15 мүнөт демдөө керек.
6. Бул учурда камырды жука жайып, ортосуна тийбестен эки капталынан узун тиликчелерге кесебиз.
7. Фаршты көмөч казандан чыгарып, камырдын ортосуна салуу керек.
8. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып камырга крокодилдин формасы берилет.
9. Мешке салып (180 градус) 45 мүнөттөн соң дасторконго коё бериңиз.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg