Кеңсебизге 4 баланын атасы, 2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айдар Усупов баш бакты. Айтымында, ал 5 жылдан бери акыйкаттык издеп, бирок чындыктын өтөсүнө чыга албай жүрүптүр.
АДАМДАН ТЕМИР КЫМБАТПЫ?
Жалгыз кызы заматтын ортосунда кантип майып болуп калганын ата төмөнкүчө арман кылып отурду:– Кызым Мээрим Усупова мектепти аяктап, 2008-жылдын 8-октябрында борбор калаабыздагы «Дос-Конфи» ЖЧКсынын кондитердик ишканасына жумушка орношкон. Жумушка орношкондо эмгек келишими түзүлбөптүр. Бул ишкана мыйзам чегинде иш алып барбайт экен. Мындан тышкары жаңы ишке орношкон адамдарга коопсуздук эрежелерин кантип сактоо тууралуу түшүндүрүү иштери өткөрүлүш керек болчу. Ал да болгон эмес.
Ошондой көңүл кош мамиледен улам Мээрим иштегенине бир жарым ай болгон соң, тагыраак айтканда, 2008-жылдын 22-ноябрында иш үстүндө болгон кырсыктан улам оң колунан оор жаракат алып, өмүр бою майып болуп калды.
Окуя мындайча болгон. Кызым иш ордуна барса, станок тазалагыч жок экен. Жанындагы кыздан сураса, ал кулагына наушник тагып музыка угуп жаткан неме көңүл бөлбөй «колуң менен түрт» деп коёт. Мээрим колу менен түртсө, тегеренип жаткан станоктун барабаны колун кыпчып кетет да, жанчып, бүт талкалап таштайт.
Кызымдын колу станокто кыпчылып, ыйлап турса, ишкананын жетекчиси, слесары, жумушчулар – баары чогулушат. 20 мүнөттөн ашык убакыт өтөт. Анан слесарь «колун чыгарыш үчүн станокту кесиш керек» десе, ишкананын жетекчиси Павел Десятников (учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты) «станок кымбат турат, кесем деп ойлобогула! Башка айла тапкыла» дептир. Анан тигилер станокту кайра артка айлантат, кызымдын колу дагы бир жолу жанчылып чыгат. Ошонун азабынан тарамыштары, эти кесилип, 7 саатка созулган операциядан кийин кызымдын оң колу азыр сенек болуп катып, кыймылдабай калды.
«СТАНОКТУ КЕСИШКЕНДЕ, БАЛКИМ, КЫЗЫМ МАЙЫП БОЛБОЙ КАЛАТ БЕЛЕ?..»
– Ишкананын жетекчиси Павел Десятников кырсыкка байланыштуу мыйзам боюнча Н-1 актысын түзүүдөн баш тартты. Жеке кызыкчылыгын көздөп, «кырсык боюнча актыны сурабагыла, кызды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген деп Борбордук майыптыкты аныктоочу комиссиядан өткөрбөгүлө, мен ЖОЖдун контрагын төлөп берем. Силер «дообуз жок» деп жазып бергиле, андан соң «разбежимся». Эгер буга көнбөсөңөр, акчам бар, адвокаттарды жалдайм. Соттордун артынан жүрө бергиле, алардын да баасы бар. Соттор менен сүйлөшүп, ашып кетсе 500 сом айып төлөп кутулам!» деди. Мен ага «сени ордуңа коё турган чынчыл адамдар, тиешелүү мекемелер табылат!» десем, ал «макул, билген жериңе бар!» деп жооп кайтарды.
Тилекке каршы, ошондон бери П.Десятниковдун сөзүн сүйлөгөн коррупционер, саткын кызматкерлер бар экенин өз көзүбүз менен көрдүк. Арасында өз ишине так, чынчыл кызматкерлер да жок эмес. Бирок ушунча убакыттан бери депутаттын адвокаттары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды чүлүктөгөн букадай кылып сүйрөп келишти. Барбаган сот калган жок. Кызым айына 4200-4300 сом айлык акы алчу, бирок ишкана сотко «айына 500 сом гана алчу» деп жасалма документке кызымдыкына окшотуп өздөрү кол коюп алып келишти. Ал колду бирөө окшоштуруп койгондугун экспертиза аныктап берди.
Менин сиздерге акыйкаттык издеп кайрылганымдын себеби, ишкананын жетекчилиги Мээримдин иш үстүнөн алган жаракаты үчүн тийиштүү мекемелер менен соттордун эсептеп, төлөп берсин деген чечимдерин аткарышын талап кылам. Ишкананын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Эмгек кодексин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылсын. Мындан тышкары ишти акыйкатсыз, толук эмес караган тиешелүү мекемелердин кызматчыларынын иш-аракетине юридикалык баа берип, алар мыйзам чегинде жоопко тартылышсын. Азыр депутат ММКлар аркылуу «кырсыкты убагында териштирип, акт түзүлгөн, мыйзамдын талаптарын аткаргам. Төлөмдөр өз убагында төлөнгөн, 1 бөлмөлүү үй берсем, 2 бөлмөлүү үй доолап жатат» деп жалган маалымат таратып жатат.
«КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨӨДӨН КАЧКАН ЖОКПУЗ»
«Ал эми буга экинчи тарап кандай жооп кайтарат болду экен?» деп ишкананын ээси ПАВЕЛ ДЕСЯТНИКОВго жолугуп, анын да пикирин уктук. Бизге колундагы соттун чечимдерин, документтерди көрсөтүп, буларды айтты:– Мыйзам чегинде биз соттордун төлөгүлө деген акчасынан баш тартпай төлөп келе жатабыз. Буга чейин Мээрим Усуповага 200 миң cомдун тегерегинде компенсация төлөп бердик. Мындан тышкары операцияга, дарысына жана ЖОЖго окуусуна акча бердик. Бирок кыздын атасы 2 миллион сом компенсация төлөгүлө жана 2 бөлмөлүү үй алып бергиле деп жатат. Биз ага каршыбыз.
Мээрим жакшы иштеген кызматкерибиз болчу. Тилекке каршы, кыздын атасы кырсыктан пайдаланып, биздин компаниядан акча өндүргүсү келип жатат. Баары мыйзам ченемдүү болуш керек. Жакында боло турган Жогорку Соттун чечимин күтүп жатабыз. Свердлов райондук соттун чечими менен депозиттик эсебине 149 миң сом компенсация төлөгөнбүз, эгер Жогорку Сот мындан эки эсе көп компенсация төлөгүлө десе, биз макулбуз. Бирок кыздын атасына миллиондоп акча төлөп бере албайбыз.
Юристтин кеңеши
«ЭМГЕК КЕЛИШИМИ ТҮЗҮЛҮШ КЕРЕК»
Жогорудагыдай кырдаалдын алдын алуу үчүн жумушчу менен ишкана эмнеге милдеттүү экенин юрист
АЙНУРА СЫДЫКОВА бизге төмөнкүчө түшүндүрдү:– Жаран жумушка жаңы орношуп жатканда, мыйзам боюнча, иш берип жаткан ишкана менен эмгек келишими түзүлүш керек. Ошол келишимде жумушчунун канча айлык ала тургандыгы, кошумча төлөм, иштин ден соолукка канчалык деңгээлде зыяндыгына карата же иш үстүндөгү кокустуктарга жараша төлөнүүчү компенсациялардын көлөмү жазылат. Мындан тышкары ишкана тарабынан жаңы ишке кирген жумушчуга анын кызматы, коопсуздук эрежелери тууралуу кенен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү шарт. Ушундай талаш учурларда эки тарап тең эмне кылыш керек экендиги эмгек келишиминде көрсөтүлөт.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg