Акыйкатчылык үчүн оппоненттер Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акундун жарышы коомчулукта «абысындардын кармашы» деген аталыш алып, Акундун жеңиши менен аяктады. Бул апта мындан башка да бир топ окуялары менен эсте калды.
ЖУРНАЛИСТТЕР КЕЧИРИШТИ
КТРКнын кабарчылары Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкулованын «Ататүрк» сейил багында жайгашкан хан сарайлардын биринин кожоюну тарабынан сабалышы тууралуу чууга чекит коюлду. Колунан микрофонун жулдуруп, сабалып, мээси чайкалган кабарчы кыздар ырайымдуулугун көрсөтүшүп, кол көтөргөн экс-депутаттын уулу Айдин Кулбаевди кечиришти. КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев талкаланган микрофон үчүн 50 миң сомдой төлөп беришкендигин айтты. КТРК сабалган кабарчысынын мээси чайкалганын кайра-кайра айтып жаткан. Жабыркоочулардын айтымында, айыпкерден бир тыйын алышпаптыр, «Кулбаевдин атынан кечирим сурагандар көбөйүп кетти» дешти.
Апрель окуясы боюнча соттук процессте айыпталуучу катары өтүп жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Данияр Дунганов үй камагына чыгарылды. Эске салсак, Дунганов Спорт Ордосунда өткөн соттун биринчи отурумунда эле врачтардын коштоосунда оор абалда келген болчу. Анын ден соолугу күн сайын начарлап жатканы сотко айтылса да, эки жылдан бери чечим өзгөртүүсүз калып келген. Медиктердин айтымында, Дунганов атеросклерозго чалдыккан. Ал мээ, боор, ашказан, көрүү жана угуу органдарын камсыз кылган кан тамырларынын иштөөсүн аксатат.
БЕКНАЗАРОВДУН МИЛЛИОНДОРГО БААЛАНГАН ЧУУСУ
«Элдик кайрат» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү өтө оор айыпты ачыкка чыгарышты. Алардын айтымында, Апрель окуясында Ак үй таланып-тонолуп кетпесин деп объектти карап чыгууда сейфтердин биринен 16 миллион сом табылган. Активисттер ал сейфти акчасы менен атайын комиссияга өткөрүп беришкен. Алардын айтымында, табылган акчалар Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, аталган комиссиянын башчысы болгон Азимбек Бекназаровго тапшырылып, ал тил кат жазып кеткен. «Ошол акчанын кайда кеткени боюнча Бекназаров отчёт бере элек» дешет коомдук бирикменин мүчөлөрү. Азимбек мырза болсо эч кандай акча албаганын билдирген. Бул аралыкта интернетте Европадагы өлкөлөрдүн биринен өтө кымбат баага Бекназаровдун үй алгандыгы жазылып чыкты. Окуянын калп же чын экенине чекит коюу үчүн Башкы прокуратура жакын арада кылмыш ишин козгошу мүмкүн экен.
КАРИМОВ ЧЕК АРА ЧЫРЫН ЧЕЧЕМ ДЕЙТ
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Ташкенттеги өкмөт жыйынында: «Кыргыз, тажик, өзбек элин эч ким уруштура албайт. Коңшулар арасындагы карама-каршылыкты жараткан маселелерди чечүүгө сөз берем»,- деди. Ал дүйнөлүк коомчулукта борбор азиялыктардын ынтымагына доо кетиргиси келген күчтөр көп экенин баса белгилеп өттү. Бул сөзүнөн эки күн өтпөй Өзбекстан Кыргызстан менен болгон чек арадагы темир жол өткөрүү пункттарын жаап салды. Мындан канчалык кылыбыз кыйшаярына кыргыз өкмөтү комментарий бере элек. Бирок болбогон бир окуялардан улам деле казак тарап да, өзбек тарап да биз менен болгон чек арасын жаап салганы адатка айланды.
ТУРСУНБЕК АКУН КАЙРАДАН АКЫЙКАТЧЫ23-январь күнү депутаттар эртеден кечке Кыргызстанга акыйткачы шайлоону эрмек кылышты. Бизде эсебине сан жеткис укук коргоочулардан тышкары 10 жылдан бери Акыйкатчы институту иштеп келет. Аты эле кадыр-барктуу угулганы менен, кылган ишине байланыштуу жылуу сөз деле угулбайт.
Кыскасы, адилеттикти туу тутам деп 16 талапкер чыкты. Бирок депутаттар Турсунбек Акун менен Турсунбай Бакир уулуна добуштарын беришип, экөө 2-турга чыкты. Шайлоого бир күн калганда бул эки адамдын ортосунда маалымат согушу күчөп, «абысындай» болгон алакасын дагы бир ирет көрсөтүштү. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү жакынкы беш жылдык мөөнөткө Турсунбек Акунду бекитишти.
Кайрадан шайланган Акун 14-февралда парламентте Бакир уулун артта калтырган депутаттарга салтанаттуу ант берүү менен чексиз «сүйүүсүн» кошо билдирмей болду.