«АТА ЖУРТЧУЛАРДЫН» СОТУ СПОРТ ОРДОСУНА КӨЧӨБҮ?

24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров боюнча сот иши уланды. Анда Садыр Жапаровдун жактоочусу Шералы Токтосунов өз кардарына карата козголгон кылмыш ишин токтотууну суранды. Жактоочу видеотасмаларды мисал кылып, Садыр Жапаровдун 3-октябрдагы окуя боюнча күнөөсү жок экенин айтты. «Аны административдик жоопкерчиликке гана тартууга мүмкүн»,- деди Токтосунов.
Ал эми Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов 3 депутатты ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүндү. Мамлекеттик айыптоочу абактагы эл өкүлдөрүнүн ден соолугу начарлап кеткенин тастыктаган документ берилбегендиктен, алардын абалы жайында экенин айтып, соттон бул өтүнүчтөн баш тартуусун суранды. Бул жагдайды карап чыгууну сот 25-январга калтырды.
Бул сот ишин Бишкектеги Спорт Ордосунда өткөрүү керектигин депутат Курмантай Абдиев айтты. «Бул сот залы абдан тар, сотко катышууну каалагандар батпай жатат»,- деди Абдиев. Аталган райондук соттун имаратынын алдына депутаттардын тарапташтары топтолуп, «Депутаттарга боштондук!» деген ураан менен айыпталуучуларды бошотууну талап кылышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Xamer
2013-01-28 14:14:47
Эмне имаратты алмаштырса бир нерсе чыкмак беле.
0
ingos_kg
2013-01-31 15:47:58
Ушу шумпайлардын соту бутпой койду го, коросунор го булар чыгып кетет! Бизде адилеттуу сот жок да. Элди каратып туруп чыгарып жиберишет!
0
N.Bakazova
2013-02-01 10:30:54
Tawievdi azyr chygara koiuwpait, Japarovdun ak ekenin kopchuluk bilip tursa kerek... Bork al dese baw algan biyliktin kurmandygy bolup jatat.
0
kypchak80
2013-02-03 12:07:23
Sen aytkan 'shumpaylar' eldin kizikchiligin kozdop miting uyushturushtu... Alardan aytkan sozundo chindik bar. Bashchilardin kumtordo kolu bolgonduktan - shumpaylardi baskintiktoogo bashtadi.
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан