Учурда дүйнө жүзүндөгү кинотеатрларда көрүүгө коюлган тасмалардын сап башын дал ушул биз бүгүн сөз кыла турган эмгек ээледи көрүнөт. Буга аталган
фильмдин сатык боюнча алдыга озуп чыкканы жана быйыл 11 номинация боюнча «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөнү далил.
Тарткан өлкө – АКШ, Кытай
Режиссёру – Энг Ли
Продюсери – Энг Ли, Жил Неттер, Дэвид Уомарк
Сценарийин жазгандар – Янн Мартел, Дэвид Мэги
Жанры – Курч окуялуу драма
Башкы ролдордо – Сураж Шарма, Ирфан Хан, Рейф Сполл
Тасманын узактыгы – 127 мүнөт
Бюджети – 120 миллион доллар
Сатыкка коюлган жылы – 2012-жыл, ноябрь
АДАМ МЕНЕН АЙБАН 227 КҮН БОЮ БИР КАЙЫКТА
Пи Патель аттуу мырза башынан өткөн адам ишенгис окуясын жазуучу Янн Мартелге баяндап отурат. Анда Пи 15 гана жашта болчу. Бир күнү атасы Индиядан үй-бүлөсү менен көчүп кетишерин айтат. План боюнча, өзүнүн зоопаркындагы жаныбарлардын тең жарымын Канадага ала кетип, аларды сатып, жаңы жашоо башташмак. Тилекке каршы, жолдо чоң кырсыкка кабылышат. Катуу шамал менен жаандын каарына калган алар бараткан кеме кыйроого учурайт. Жыйынтыгында бул кырсыктан бир гана Пи аман калыптыр. Жаан басылып, суу толкундары тынчыганда Пи өзү отурган кайыкта зоопарктагы бир нече жаныбарлардын да бар экенин байкайт. Алар: чөө, зебра, Апельсинка аттуу маймыл жана Ричард Паркер деген ысымдуу жолборс.
Албетте, тамак-ашы жок, кичинекей кайыкта жашоо үчүн айыгышкан күрөш жүрүп, жыйынтыгында Пи бир гана Ричард Паркер менен калат. Экөөнүн ортосундагы чыныгы тиреш эми башталып, жолборс Пиге кол салууга аракет кылат. Бирок каарман ага жем болууну каалабайт. Экөө 227 күн бою ачык океан бетинде кайыкта өмүр сүрүп, дельфиндер, киттер жана табышмактуу аралчага туш болушат. Ал аралыкта достошууга да жетишишет. Акырында кайык калкып отуруп Мексикага жетет. Ошол жерден жолборс Пи менен коштошпостон өз жолуна түшөт.
Кыйроого учураган кемени сапарга чыгарган япониялык компаниянын өкүлдөрү ооруканада Пи менен болгон окуя жөнүндө баарлашышат. Бирок алар Пинин айткандарына ишенишпей, чындыкка коошкон окуяны айтып берүүсүн суранып туруп алышат. Айласыздан Пи жаныбарлар эмес, адамдар катышкан башка окуяны баяндай баштайт. Муну менен режиссёр адамдар жаныбарлардын айбанчылыгына ишенбей, адамдардын айбанчылыгына көбүрөөк ишенип калганын айтат.
Ал эми бул баянды угуп жаткан жазуучунун «окуяны эки түрдүү баяндадыңыз, кайсынысы чындык?» деген суроосуна Пи «кайсынысына ишенсеңиз, ошонусун жаза бериңиз» деп жооп берет.
ДҮЙНӨЛҮК КАССАДАН 500 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ЧОГУЛТТУ
«Пинин жашоосу» деп аталган 3D форматындагы философиялык блокбастердин өзөгү канадалык жазуучу Янн Мартелдин ушундай эле аталыштагы чыгармасынан алынган. Ал 2002-жылы «Букеровск» сыйлыгына татып, дүйнө жүзүнө 9 миллион нускада сатылган. Ал эми бул чыгарманы чагылдырган «Пинин жашоосу» тасмасы да элге сиңимдүү, жагымдуу болду деп айтууга болот. Анткени тасманын бет ачары өткөн жылдын ноябрь айында гана болгонуна карабастан, дүйнөлүк сатыктан 500 миллион доллар чогултууга жетишти.
Аталган тасманын режиссёру Энг Ли кенедей дагы интрига жаратууну каалаган эмес. Аны окуянын башында эле башкы каармандын тирүү калганын ачык көрсөткөнүнөн байкасак болот. Ошентсе да фильмди «жолборс качан Пини жара тартат?» деген коркунуч менен көрөсүң. Бул режиссёрдун чеберчилигинен болсо керек. Анан да тасмада дин маселеси тууралуу терең философия камтылганын байкоого болот. Режиссёр Энг Линин башкы ролго эч кимге таанымал эмес Сураж Шарманы тандаганы да бекеринен эмес. Бул кинематография дүйнөсүн адабий шедевр менен шыктандыра алган.
ТАСМАДАГЫ ТААСИРДҮҮ ЦИТАТАЛАР
КАДР СЫРТЫНДА
СУРАЖ ШАРМА АКТЁР ЭМЕС, ФИЛОСОФСураж Шарма – келечектеги философ. Актёрлук кесипти аркалап кетүү жөнүндө азырынча ойлоно элек. 10 жылдан бери каратэ менен машыгып келет. Учурда 19 жашта. Инженер менен экономисттин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. «Пинин жашоосу» тасмасында алгачкы жолу роль ойноду.
Чолпон Сүйүнбаева
kino@super.kg