Кыргызстан кийинки учурда өзгөчө окуялар менен дүйнөгө дүң салган мамлекет болуп баратат. 22-январда Санкт-Петербург-Ош аба каттамында Гүлдана Шерикбай кызы 10 миң метр бийиктикте көз жарды. Гүлдананын жана ымыркайдын ден соолугунан кабар алуу үчүн Ош облустук төрөтканасына баш бактык.
– Саламатсызбы, Гүлдана, ден соолугуңуз кандай?
– Рахмат, буюрса, баары жакшы. Врачтардын көзөмөлүндө жатабыз.
– Асманда төрөлгөн ымыркайдын абалы кандай? Канчанчы балаңыз?
– Экинчи уулум. Курсагым кичинекей болгондуктан, балам канча айлык болуп калганын билбейт элем. Санкт-Петербургда каттоого турбагандыктан, Кыргызстандан төрөйм деп келе жаткам. Барганыма 6 ай болуп калган. Ал жакка барганда УЗИге түшсөм, кош бойлуу экенимди айтышкан, врачтар орус болгондуктан, канча айлык экенин деле сурабай чыгып кеткем. Өзүмдүн божомолумда төрөшүмө дагы убакыт бар болчу. Ошол боюнча дарыгерлерге көрүнбөй жүрө бергем. Курсактагы балам кыймылдап калганынан «жакшы эле го» деп жүрдүм. Качан гана оорлошуп, өзүмдүн кыймылдашым кыйын болуп калганда Кыргызстанга жөнөдүм. Учакка түшөрдө бир чоң, бир кичине сумкам бар эле, аларды көтөрүп каттоодон өтүп жатканымда белим бир аз ооруду. «Толгоо окшойт» деп ойлоп койгом. Учак көтөрүлгөндө көңүлүм айнып, жарым сааттай отурганымда эле толгоо башталды. Дарыгер издедик, ага болбой стюардессалардын жардамы менен экипаждын командири Алексей Романюк төрөттү. Балам 2 килограмм 535 грамм салмакта төрөлдү.
– Дарыгер жок, коркуу сезими болдубу?
– Ооба. Буга чейин бөйрөгүм ооручу эле. Ал учурда эс алып, кийин иштеп жүргөм. Көбүнчө бөйрөгүмдөн коркуп жаткам, төрөткө бир топ таасирин тийгизет эмеспи. Биринчи баламды төрөгөнүмдө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, 15 күндөй толготуп, кыйналып төрөгөм. Бул баламды учакта бир саат эле толготуп, анан төрөп койдум. Мени төрөткөн экипаждын командири Алексей Романюкка терең ыраазычылык билдирем. Санкт-Петербургда жолдошум да бул капитанды издеп жатат, ыраазычылык билдирейин деп. Кийин дайынын билбей калдык. Акушердин милдетин бүт бойдон аткарып, баламдын киндигин да ошол кести. Мындай жакшы адамдар аз болот да.
– Туугандарыңызга күтүлбөгөн окуя болгондур?
– Туугандарыма эмес, өзүмө да күтүлбөгөн окуя болуп кетти. 19-январда мен 23 жашка толгон элем, андан көп өтпөй, 22-январда уулум төрөлүп жатпайбы. Кайын журтум, жолдошум да араң ишеништи. «Сумкаларым калып кетти, туугандар алып коюшсун» деп жолдошума телефондон айтсам, анан гана ишенди. Ага чейин чочуп, ишенбей жатышкан. Кайненемдер келип көрүп кетишти. Менин ден соолугум жакшы эле, баланын ден соолугуна карап врачтар уруксат берсе, үйүбүзгө кетебиз го.
– Уулуңуз келечекте учкуч болот го, атын ким коёлу деп жатасыңар?
– Ооба, баары эле учкуч болот окшойт дешүүдө. «Ысымы Алексей Романюктун атынан коюлуптур» деген маалымат тарап кетиптир, бирок ысым коё элекпиз. Кайын журтум менен келишип, биздин тилге жакыныраак кылып Роман койсокпу деген ойлор болуп жатат.
– Гүлдана, кайсы жердин тургунусуз?
– Алай районундагы Согунду айылынын тургунумун. Жолдошум да ошол жерден, аты – Эрлан, 27 жашта. Улуу балабыз Акыйкат бир жаштан ашты. Аны он айында эмчектен чыгарып, кайненемдерге таштап кеткен элем. Ал да келип, иниси экөөбүздү көрүп кетти.
Гүлдананы карап жаткан дарыгер ДАМИРА айымга эне-баланын ден соолугун сурап кайрылдык.– Гүлдана өзү кесиби боюнча дарыгер экен. Бирок баласы канча ай экенин, төрөлөрдө буту менен келип калганын да билбегени таң калтырды. Адатта, бала башы менен чыгат го, бул буту менен төрөлгөн. Айына да жетпей, шарты жок жерде төрөлгөндүктөн, үшүп кыйналыптыр. Учурда реанимацияда каралып жатат. Келиндин каны аз, башка жагынан коркунуч жок.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg