Мырзалардын күчү, акылы, тапкычтыгы, ал тургай капчыгынын калыңдыгынан башка дагы айымдарды багындырчу бир куралы бар. Ал – сексуалдуулугу. Аларды көзү, оозу, мурду сыяктуу дене мүчөлөрү, анан да үнү, көз карашы да сексуалдуу көрсөтөт. Ооба, кыздар арасында сурамжылоо жүргүзгөнүмдө «баланчанын көзүнө зармын, түкүнчөнүн эрдине зармын...» дегендер көп болду. Келгиле, кыздардын элегинен кайсы мырзалар өттү, көз жүгүртөлү.
АЧИ МЕНЕН ЖЕЙКОБДОН КЕМ ЭМЕС!
Атактуу Ачи (Марио Касас) менен Жейкобду (Тэйлор Лотнер) кимдер гана тааныбайт?! Биздин калпакчан жигиттерибиздин арасында деле бул экөөндөй бирөө бар. Ким дебейсизби? Ал – баскан-турганы, жайдары жүзү, сүйлөгөнү, анан да спорттук, зыңкыйган дене түзүлүшү менен сексуалдуу көрүнгөн Эрмек Нурбаев. Кыздардын айрымдары «Эрмек келбеттүү. Чүпүрөк оронуп алса да жарашат. Алпаруучу эмес, модель болсо болмок» дешсе, башкалары «ал иштин майын чыгара жасайт. Иштин майын чыгарган алпаруучу, балким, «башкасынын» да майын чыгарса керек, ээ?» деп оозду ачырышты. Кыздар, бул суроонун жообун Эрмектин келинчеги Чолпон эле билбесе...
КЫЛ МУРУТ АГАЛАР КЫРДАНАТ ДА, СЫРДАНАТ
Ооба, кыздын көркү чач болсо, эркектин көркү мурутта деп коюшат экен. Кептин чындыгы бар. Биз, кыздар, сулуулугубузду ашыруу үчүн күзгү алдында чач жасалгалап тарансак, мырзалар мурутун улам-улам сылап жасанышат. Атактуулар арасында муруту менен сексуалдуу көрүнгөн мырзалар саналуу гана. Алар Асылбек Өзүбеков, Бек Борбиев, Аскат Сулайманов. Булар мурутун сылаганда атактуу Чапай агабыз тирүү болсо өчүп калмак. Агаларыбыздын алды кайната статусун алып калышса да, жигит сынын, сырын жоготуша элек.
ЭРИНИҢ БЫШКАН АЛЧАДАЙ
Эриндерин өпкүң эле келе турган мырзалар да көп тура кыргызымда. Бирок ошолордун арасынан Нурдөөлөт Копоевдин эриндери өзгөчө. Тимеле жалтырап, кызарып, бышып турган алчадай. Чайнабай эле ширесин соруп жүрө бергиң келет.
МУРДУСУНАН ӨБӨЙҮН...
Мүнүшкөрлөр бүркүттүн тумшугунун үстүнкү бөлүгүнө суктангандай, кыздар да жигиттердин мурдуна суктанышат экен. Коңкойгон мурундуулар темпераменттүү болушат дегенге ишенишеби, айтор, кыздардын көпчүлүгү Мирбек Иманбековдун мурду сексуалдуу деп баса белгилешти. Чын эле, мурун өбүшүп-жытташууда чоң роль ойноору баарыбызга белгилүү эмеспи.
ЖИГИТТИН КАРА ТОРУСУ – АЙЫМДАРДЫН ЖҮРӨК ООРУСУ
Ооба, кыздарды жүрөк оору кылгандардын бири – Актан Исабаев. Бул «шоколад» агабызга Кудай бой десең бойду, өң десең өңдү, анан да сексуалдуу коңур үндү аянбай бериптир. Аппак костюм кийип алса, шыңга боюна куп жарашып эле калат. Ал эми ырчынын «визиттик карточкасы» болгон оригиналдуу чач жасалгасы тууралуу сөз кылбай койсок деле болчудай. Анткени айымдардын көпчүлүгү чачы жок мырзаларды темпераменттүү жана акылдуу деп кабыл алышат.
ЖАГЫМДУУ ҮНҮ ЭЛЕ КАНДАЙ АЗГЫРЫК?!
Чечендик жактан эч кимди алдыга салдырбаган, акылга бай ди-джей Азамат Эркинбаевдин бал тилге салып сүйлөгөнүнө ким эле жибибесин?.. Анын үнүнө муюп, үналгынын жанынан карыш чыккысы келбегендер миңдеп саналат. Сурамжылоо учурунда «жанга жагымдуу үнүнө ашык кылып жүрө бербей, мага эле үйлөнүп албайбы. Жашы деле келип калды. Жакшылыктын эрте болгону жакшы эмеспи» дегендер да болду. Азамат мырза кыздардын бул суроосуна качан жооп берет болду экен?..
КЕҢ ДАЛЫЛУУ АЗАМАТ
Кайсы кыздын эле кең далылуу мырзанын кучагында жаткысы келбесин?! Кең далысы менен кыргыз кыздарынын гана эмес, түрктөрдүн да кызыгуусун арттырган ырчы – Гүлжигит Калыков. Жараткан бул жигитке Актан Исабаевге бергендей бой берип койсо... Кудай, өзүң сакта! Канчалаган сулуунун тамагынан аш өтпөй калмак. Жалган айтамбы? Ал «Евразия жылдызы» сынагына катышканда «чечинсин, чечинсин» деп кол чапкандар кимдер эле? Албетте, түрк кыздары. Андыктан, кыздар, кең далылуу жигиттин кучагында көшүлүп жаткыңар келсе, чамдагыла, башкалар тартып кетпесин...
КӨЗҮ ОТ, ЖҮРӨГҮ ЧОК
Бекеринен Даниель «мага көп көз тиет. Ошондуктан бат-баттан дем салдырып турам» дебейт тура. Дегеним, «Даниелдин карагаттай көздөрүнө чөгүп гана кетким келет, чиркин!..» деп кыялданган селкилердин саны арбын. Ал гана эмес, ырчы жигит оттой жанган көздөрү менен өзүнөн улуу эжекелеринин да жүрөгүн багындырганга жетишкен.
БУТУҢДАН СЕКЕТ КЕТЕЙИН
Ой, тобо, узун, түз буттууларга жигиттер гана кызыгат экен десем, мындай шыйрактарга кызыккан айымдар четтен чыгат экен. Алардын арасында «Мерген Тургандын бутуна эч кимдики жетпейт. Мына, жадакалса биздики да аныкындай түз эмес» деп юбкасынын этегин көтөргөндөр болду. Бекеринен ырчы агабыз сахнага кызча кийинип чыкпайт тура. Туура кыласыз, Мерген мырза, мактана турган нерсе болгондон кийин элге көрсөтүш керек, шымга катпай...
Венера Камалова
star@super.kg