Үстүбүздөгү жылдын 29-январында Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко Аламүдүн районундагы Гроздь айылына жаңы мүрзө үчүн жер бөлүнгөнүн билдирди. Шаардык мэрия менен Аламүдүн районунун администрациясынын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мүрзөгө 84 гектар жер тилкеси берилмей болду. «Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинде талкууланып, жаңы мүрзөнү курууга 20 миллион сом бөлүп берүү каралат. Бөлүнгөн каражат мүрзөнүн айланасын тосуу, суу менен камсыздоо жана анын кызматкерлерине шарт түзүп берүү үчүн керектелет. Май айынан тарта ал жерге маркумдар коюла баштайт»,- деп билдирди вице-мэр.