Медина Усупбекова, «Айтыш» коомдук фондунун директору:«ӨЗ КҮЧҮҢ МЕНЕН ЖЕТКЕН ИЙГИЛИГИҢ АЛДА КАНЧА ТАТТУУ»

Жүрөгүндө мекенчилдик сезимди өзгөчө бапестеп баккан инсандарыбызга «Айтыш» коомдук фонду таанымал. Манасчы, төкмө акын, жаш калемгер же жаш режиссёрбу, айтор, көптөгөн өнөрпоздорду канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, өз көмөгүн көрсөтүп келет. Мына ушундай фондду ким жетектейт?

– Фонддун ишмердүүлүгүнөн көпчүлүктүн кабары бар. Мындай фонддун жетекчисинин жашы 60ка таяп калган, ак калпак кийген аксакал болсо керек дедим эле. Өтө эле жаш көрүнөсүң, канчадасың?
– «Айтыш» фонду жыл сайын чоң иш-чараларды өткөрүп келет жана анын артында көп энергияны талап кылган жыш графиктүү жумуштар турат. Бирок биздин фонд мурункудай сөзсүз эле улуу киши келсин, мол тажрыйбалуу бирөө гана директор болсун деген заманда жашабайт. Буга чейин деле 30га чыга элек жаштарга фонддун жетекчилик кызматы тапшырылып келгенин уктум. Мында иштеп жатканыма жазында бир жыл болот. Өзүм Бишкек гуманитардык университетинин экономика факультетин аяктагам, 26 жаштамын.

– Биздин менталитет да бар эмеспи, биринчиден, жашсың, экинчиден, бойдок кыз экенсиң, улуу-кичүү кызматкерлерди башкарып кетүү кыйынга турбадыбы?
– Бул жакка келгенде биринчи бухгалтер катары алындым, кийин башкы бухгалтер кылып дайындашты. Көп өтпөй директордун милдетин аткаруучу кызматына өтүп, жакында эле толук кандуу жетекчилик милдет жүктөлдү. Биринчи келген күндөгү мамилем кандай болсо, азыр деле ошондой. Баары менен сыймын, азырынча жаман сөз уга элекмин. Бир жагынан өзүмдү директормун деп тааныштыруудан тартынам. Мактанычтай сезиле берет.

– Университетти аяктаган көп жаштар «ишке орношууда же таанышың, же бере алчу параң болушу керек» дешет. Сенчи?
– Азыркы күндө алардын айткан сөзүндө да чындык бар. Бирок тааныш же акча деген сыяктуу оңой оокатка шылтап коюу аздык кылат. Өзүң деле тынбай аракет жасай беришиң керек. Өз күчүң менен жеткен ийгилигиң алда канча таттуу сезилет.

– Жаш жетекчи кыз жумуштан сырткаркы убактысын эмнеге коротот?
– Чынын айтсам, иш күндөрү жеке өзүмө таптакыр эле убактым болбойт. Эртеден кечке чейин иш менен гана алек болом. Дем алыш күндөрү гана өзүмө бир аз убактым артат. Андайда келбетиме кам көрүп, салондорго барам. Эс алуу үчүн курбу кыздар менен киного барып калабыз. Анан да жакынкы аралыктагы пландарымда тил үйрөнүү жаатына жана спорт менен машыгууга убакыт табуу деген пункт бар.

– Жигитиңе да убакыт бөлөттүрсүң...
– Жигитим жок. Жогоруда айтып кеткендей, жеке жашоомо убактым деле болбойт. Бирок мени жактырып жүргөн жигиттердин бар экенин билем.

– Кыз бала бой жеткенде ата-эне дагы колуңду сураган адам болсо турмушка чык деген сөздөрдү кыйыта башташчу эле...
– Ооба, кээде четин чыгарып айтып калышат. Бирок анын баары буйруктан да.

– Өзүң да ушул тармакта эмгектенип келесиң. Чыгармачыл жигиттерге турмушка чыгат белең?
– Менимче, жок. Өзүм деле күндө алар менен жолугам, иштешем, байкайм дегендей. Алар тынбай жумушу жөнүндө ойлонушат, жаңы идеялар менен ачылыштардын чордонунда жүрүшөт. Мага көбүрөөк үй-бүлөсүн алдыга койгон мырзалар жагат.

– Өзүң кандай үй-бүлөдө төрөлүп-өскөнсүң?
– Таласта төрөлгөм. Атам – стоматолог, апам – мугалим. Үч бир туугандын ортончусумун жана үйдө жалгыз кызмын.

– Үйдүн эркеси экенсиң да?
– Өзүмө эркелигим деле сезилбейт. Бирок ата-энем "канча жашка чыксаң да, бизге 5 жашар кыздайсың" дешет. Балалык чакты эстегенде бир кызыктуу окуя эсиме келе берет. Ошол 5 жаш курагымда болчу. Атам өзү стоматолог болгондуктан, бир күнү менин маңдайкы тишимди дарылап, анан оюна туура келгенби, айтор, алтын тиш салып койгон. Анан эле бала бакчага барсам да, көчөдөн да чоңдор да, кичинелер да «алтын тишиңди көрсөтчү» дей беришип, акыры атама келип аябай ыйлагам, «алтын тишти алып салыңызчы» деп. Бала чагымда абдан эле эрке, тентек болдум. Бирок кийинчерээк токтолуп, чоң класстарда окуп калган кезде көп сүйлөбөгөн, момун кызга айландым.

– Жакшы экен. Алдыга умтулуу сапаты сага кимден оогон?
– Баары ата-энемдин тарбиясынан. Мени катуу кармашканы менен эркиндигимди эч качан чектешчү эмес. Өз алдынча болууга үйрөтүшүп, эрте иштеп баштаганым да дайыма алдыга умтулуу шыгын иштеп чыгарды окшойт.

– Кирип келген жылга кандай пландар менен кирдиң?
– Учурда энергиябыздын басымдуу бөлүгүн «Кыргызфильм» киностудиясы менен чогуу тартып жаткан «Курманжан датка» тасмасына сарптоодобуз. Буюрса, ушул жылдын август айында тартылып бүтүп, эмдиги жылдын жаз айларында эл алдына алып чыгабыз. Андан тышкары жакында 25 жашка чейинки жаш төкмө акындардын айтышын, Нооруз майрамына карата чоң казак-кыргыз айтышын, "Калемгер" адабий клубунун поэзия кечелерин уюштурууну пландап жатабыз. Анан да бул жылга "Манас" айтуу боюнча эл аралык сынак менен «Кыргызстан – кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү» деп аталган эл аралык кинофестивалды өткөзүү пландарын камтыдык.

– «Айтыш» фонду көп иш-чараларды уюштуруп келет. Анын акыркысы декабрь айында өткөн «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалы болду...
– Биздин фонд аталган кинофестивалды экинчи ирет өткөрдү жана мындан ары да жыл сайын уюштуруу ниетибиз бар. Алдын ала чоң даярдыктар жасалды, жыйынтыгында фонд тарабынан каржыланган иш-чара текке кетпей, мыкты деңгээлде кабыл алынды.

– Фонд дагы кандай иштер менен алек?
– «Айтыш» фонду 2001-жылы түзүлгөн, өлкөдөгү маданиятка чоң көңүл бурат жана үч башкы багыт менен иштейт. Алар: төкмө акындар жана манасчылар, жаш калемгерлер менен жаш режиссёрлор. Дал ушул өнөрпоздорду колдоо менен алекпиз.

– Иш-чараларды уюштурууда каржы булагы кайдан алынат?
– Биз чет мамлекеттерден грант албайбыз. Анткени алар кыргыздын нукура маданиятынын өнүгүп-өсүүсүнө, айрым багыттардын сакталып калуусуна кызыкдар эмес. Өзүбүздүн маданий байлыгыбызга өзүбүз гана күйө алабыз. Фондго кыргыз маданиятына көңүл кош карабаган жарандарыбыз демөөрчүлүк кылышат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Маданиятыбызга чет жердиктер күйбөйт" дейт Медина Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
zhyzi
2013-02-11 23:33:33
боорду эзген,аягына чейин коро албай койдум.аябай акылдуу,оорду менен суйлогон кыз экен десе,тантырайт.ушундай орунда отургандан кийин бираз ойлонуп суйлош керек го
0
Sezy
2013-02-12 04:59:17
Кичинекей кыздай болуп эмненин баарын айтып берип атат, директор кылып Ким койду экен ? Жетекчи болгондон кийин орунду , туура суйлосо болмок, кылчук дебей кылчыбуз деп туура суйлосон ! Эми ишине ийгилик,
+1
altinim
2013-02-13 12:24:29
маладес! Кылчук деп коёп Айтыш фондуна директор экен акылдуу кыз жаштыгынан,сулуулугунан кантип пайдаланыш жолдорун билет экен зато азыр заман ошондой ичин калтырак болсо да тышын жалтыраса болду калганы не имеет значения беле?
0
azigrun
2013-02-15 02:25:08
maga bul aym takyr jakkan jok, direktor bolgonu menen akyly kyskaraak adamga okshosh, bashkacha aitkanda "opyt kerek eken" suilogonunon ele bilinip turat!
0
admin_media
2013-02-15 09:13:31
azigrun,
Саламатсызбы! Сиз жазган комментарийлер өчүрүлбөй эле мына бул жерде турат.
http://www.super.kg/media/?type=video&id=81815

Сизге эскертүү!
Суроо же талабыңызды болсо электрондук почта аркылуу жөнөтүшүңүз керек!
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан