МОНИКА БЕЛЛУЧЧИ

АКТРИСА ТУУРАЛУУ

  • Актриса итальян, француз, испан, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.
  • 11 жылдан бери белгилүү «Cartier» зер үйүнүн жүзү болуп келет.
  • Актрисанын өмүр баянын чагылдырган «Малена» деген фильмде өзү башкы ролду ойногон.
  • «Кумирим Роберт де Ниро менен бир тасмада роль жаратууну каалайм. Бул менин ишке аша элек максаттарымдын бири»,- дейт.
  • 2006-жылы Канн кинофестивалында калыстар тобунун төрайымы болгон.

Толук аты-жөнү – Моника Анна Мария Беллуччи
Бою – 178 см
Салмагы – 68 кг
Параметри – 91-60-88

СУЛУУЛУК СЫРЛАРЫНАН

  • Жума сайын чачынын түптөрүнө зайтун майын сүйкөп, массаж жасайт. Чачын фен менен эмес, табигый жол менен кургатат.
  • Кышпы, жайбы, күндө эртең менен муздак душ кабыл алат. Крем тез картаюуга өбөлгө экенин айткан Моника бул каражатты кээде гана колдонбосо, көбүнчө спрей пайдаланат.
  •  Йога жана сууда сүзүү менен машыгат. Өмүрүндө диета кармаган эмес. «Эң таасирдүү диета бул – туура тамактануу»,- дейт Моника.

КАРЬЕРА ҮЧҮН ОКУУСУНАН БАШ ТАРТКАН
Моника Беллуччи. Бул ысымды уккан ар бир адамдын көз алдына чыныгы чырайлуу аялзатынын келбети тартылары талашсыз. Бул айым 90-жылдары кинематографиянын жылдызы атыгып, дүйнөнүн сулуулук эталонуна айланган.
1968-жылдын 30-сентябры. Италиянын Ситта ди Кистельо шаарчасын байырлаган Луиджи менен Мария үчүн эң кубанычтуу дата болгон. Анткени дарыгерлер Марияга «тукумсуз» деп диагноз коюшканына карабай, Жараткан эки жашка наристе тартуулаган. Ал, албетте, келечекте дүйнө жүзүн сулуулугу, таланты менен багынта турган Моника Беллуччи эле. Ошол күндөн тарта наристе үй-бүлөнүн кайталангыс кубанычына, шам чырагына айланган.
Ата-энесинин бактысына Моника сабакты жакшы окугандыгы, үлгүлүү жүрүм-туруму, ал тургай сулуулугу менен мектептеги алдыңкы окуучулардын катарында жүрчү. Кийин ЖОЖдордун бирине юридикалык факультетке тапшырат. Окуу акысын өзү төлөмөкчү болуп, кечкисин кафе-ресторандарда официант болуп иштейт. Айдай сулуу келбетин курмандыкка чалып, минтип студенттик доор менен алпурушуп, өз алдынча жашоону баштан кечирип жүргөн кезинде достору ага модель болууга кеңеш беришет. Моника бул жаатта бат эле өсүш алып, Милан шаарындагы эң престиждүү «Элит» аттуу мода үйүнөн чакыруу алууга да жетишет. Андан кийин, 1987-жылы мода дүйнөсүнүн алптары аталган Дольче менен Габбананын да көзүнө урунуп, алар менен тыгыз иштеше баштайт. Моделдик карьеранын аны биротоло арбап алганын мындан билиңиз, Моника юрист болуу оюнан кайтып, орто жолдон окуусун таштап салат. Туура чечим кабыл алган экен. Анткени дал ушул чөйрө ага кино дүйнөсүнө жол ачып, эң маанилүүсү – өз жемишин берген.

АРАШ МЕНЕН БИР ТАСМАДА
Атактуулуктун баштапкы тепкичинде эле көптөгөн журналдардын жүзү болуп, элге таанылып калган Моникага сулуулугун тасма талаасында да жар салмакка белгилүү режиссёрлордон сунуштар байма-бай келип турган. Анын алгачкы ролу режиссёр Френсис Коппола тарткан «Дракула» деген тасмада жаралган. Тасмадан соң Мониканы кино дүйнөсү биротоло өз кучагына тартып алат. Андан кийин эле француздардын «Квартира» аттуу фильминде баш каармандын ролун аткарып, европалык белгилүү «Сезар» киносыйлыгына татыган. Ошентип, өз мекенинде эле популярдуулукту багынтпастан, Европада да талантын даңазалоого бел байлайт. Бирок эмнегедир анын көпчүлүк ролдору ачык кадрлар менен коштолуп, бул анын башка актёрлордон өзгөчөлүгү, жалгыз гана Беллуччиге таандык мүнөздүү белги катары каралган. Мындан улам «Моника өз денесин ашыкча жарыялап, режиссёрлордун курмандыгына айланып бара жатат» деген сөздөр тараган.
2000-жылдар актриса үчүн атак-даңктын туу чокусу болгон десек жаңылышпайбыз. Себеби ал Голливудга да кол созуп, көптөгөн күйөрман топтоп, жалаң жагымдуу пикирлерди угуп турган. Белгилей кетсек, актрисанын көпчүлүктүн эсинде калган белгилүү ролдорунун бири –  режиссёр Ален Шабага таандык «Астерикс жана Абеликс: Клеопатранын миссиясы» тасмасындагы Клеопатранын ролу. Учурда Италия өлкөсү тартып жаткан "Кериктердин маалы" аттуу тасмада белгилүү иран ырчысы Араш экөө башкы ролду жаратышууда. 

ЖОЛДОШУНУН ЖҮРӨГҮН ЖАН ДҮЙНӨСҮ МЕНЕН БАГЫНТКАН
Көпчүлүк ойлошу мүмкүн, сулуу, көп кырдуу талант ээсинин сүйүү романдарына сан жетпесе керек деп. Эгерде мындай ойго кептелген болсоңуз, жаңылышасыз. Албетте, өмүрү өткөнчө кол кармашып өтүүгө сөз берип, бейиштегидей жашоону убада кылган күйөрман мырзалар болгонун актриса жашырбайт. Ал дайыма жеке жашоосун массалык маалымат каражаттарынан оолак кармоого аракет кылат. Ошентсе да 1990-жылы Клаудио Карлос Бассо аттуу мырзага турмушка чыгып, бирок ортодогу пикир келишпестиктерден улам эки ажырым жолго түшүшкөнү тууралуу маалыматтар бар.
Ал эми 1996-жылы Моника тасма талаасынан франциялык актёр, режиссёр Венсан Кассель менен таанышып, оорун колдон, жеңилин жерден алчу өмүрлүк жолдошу болоруна көзү жетет. Венсандын айтуусу боюнча, Моника аны сырткы сулуулугу эмес, ички дүйнөсүнүн аруулугу менен арбап алган. Экөө 1998-жылы расмий түрдө баш кошуп, учурда Дева жана Леони деген кыздардын ата-энеси.
Белгилей кетчү жагдай, Венсан белгилүү франциялык режиссёр Жан-Пьер Касселдин уулу. Аны өткөн жылдары Даррен Ароновскинин «Кара ак куу» тасмасындагы хореографтын образында баарыбыз көрдүк. Баарынан кызыгы, Франциядагы салык төлөмдөрүнүн кымбаттыгынан улам жакында үй-бүлө күнөстүү Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарына көчүп кеткени жатышат. Жашай турган үйдү да сатып алып коюшканы айтылууда.

Асел Асанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Begim8678
2013-02-11 12:54:48
Укмуш го, жубайлар бирок чогуу жашашпайт. Сагынышканда эле жолугушуп турушат да, анан 1и-1ине дайым ысык болуш керек.
0
Esenbekovich
2013-02-11 13:35:48
Малена деген киносу жагат)
0
konya
2013-02-11 13:58:47
Мониканын Малена деген киносу аябай жагат...
0
N.Bakazova
2013-02-12 00:57:10
Malena jaktyra turgan kino, . . Anan omur baianyn chagyldyrsaaa . . . .
0
Alibek_KG94
2013-02-16 14:53:26
Молодец Моника! Бирок жанагы уят фильмдерин кийин балдары, корсо эмне дейт.
+1
juka82
2013-07-17 14:30:59
эн сулуу укмуш аял
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан