ЧАЙ-КОНЦЕРТ ЖАКШЫ ӨТТҮ

31-январда Талас шаарындагы «Хан сарай» ресторанында продюсер Эрлан Шүкүрбековдун чай-концерти болуп өттү. Аталган концертте шоу-бизнес жылдыздары Динара Акулова, Гүлнара Калдарова, Мерген Турган жана Назира Жетигеновалар жергиликтүү калкты Жаңы жылы менен куттуктап, той ээсине жакшы тилектерин каалап өтүштү. Ошондой эле концертте ойнотулган лотереядагы кир жуугуч машинаны Манас районунан келген Ысмайыл аттуу конок утуп алса, ал эми телевизорду Кара-Буура районунун тургуну илип кетти. Чай-концертке келген 350 адамдын ар бири чакан белектерге ээ болуп, жергиликтүү ырчы, куудулдардын оюн-зоокторуна да күбө болуп, көңүлдөрү көтөрүңкү маанайда тарашты.

Нургүл Чабдарова
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан