ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖЕТЕКЧИЛЕР ЭМНЕГЕ ЧЫЧАЛАШТЫ?

Ошто облустук коллегия өтүп, аймактык жетекчилердин баары чогулушту, акимдер, айыл өкмөттөрү, начальниктер... Андайда түшүнүктүү эмеспи, улам бири сөз алып, «кыйратып жаткандыктары» тууралуу отчёт беришти. Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановго сөз кезеги келгенде ал жалпы республикалык көрсөткүч менен алганда жакыр үй-бүлөлөрдүн саны жагынан Ош облусу алдыда экендигин, жөлөкпулга муктаж бүлөлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн ушул облустун тургундары түзөрүн айтты. Жетекчилердин «кыйратып жатабыз» дегени мындай көрсөткүчтөрдөн соң суу кечпей каларын, жакырлардын көптүгү жетекчилердин ишинин начардыгынын белгиси экенин баса белгиледи. Чындык ачуу да. Коллегиянын катышуучуларынын көпчүлүгү жер тепкилей, кол чаап, министрдин сөзүн укпай койгонго аракет кылышты. «Сиздерди мурдагыдай Ак үй эмес, жергиликтүү калк шайлап жатат. Бул жерде жер тепкилеген менен, эртең эл жер тепкилеп келгенде анын алдында жооп беришиңерге туура келет, ошону унутпасак»,- деп эскертти министр. 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
elka88
2013-02-21 17:40:36
ой тообо,.. ушундай эл деп суйлогон да адам бар бекен?
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан