ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (18-февралдан 24-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичиндеги ар бир кадамыңызды пландап ишке киришиңиз. Көздөгөн максатка жетүү үчүн тарапташтар менен бир пикирге келиңиз.Жакындарыңыздын маселесин чечүүгө туура келет. Каржылык абалыңызды жакшыртууга түшкөн сунушту колдон чыгарбаңыз. Апта соңунда бойдоктор сүйүү сезимдеринин кучагындагы көз ирмемдерге дуушар болушат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта күтүлбөгөн окуя менен башталышы күтүлүүдө. Кызуу кандуулукка алдыруудан этият болуңуз. Болбосо окуя чектен ашкан кадамдарга чейин жетиши мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында көптөн күткөн буюмуңузга жетесиз. Жума күнү ден соолугуңуз начарлап кетүү коркунучу бар. Дем алыш күндөрү жакын адамдарыңыздын чөйрөсүндө өтөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбү жагымдуу кабар менен башталат. Чыгармачылык жаатындагылар ийгиликтерди жаратууга жетишсе, соода жаатындагыларда бир аз тынчтык өкүм сүрөт. Жеке мамиледе эки анжы ойго такаган маселе жаралат. Бирок дароо чечим кабыл алып, кадам таштоого ашыкпай, убакытка тапшырыңыз. Апта аягында ар бир нерсени чеги менен колдонууга аракет кылыңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул жуманын алгачкы күндөрү жагымсыз болушу күтүлүүдө. Шейшембиде ишиңизге көңүл кош мамиле жасап, катачылык кетирип, убара тартууңуз мүмкүн. Ден соолугуңуз да калыбында болбой, чарчайсыз. Жума күнү туугандарыңыздын кебине кулак салсаңыз, пайдасын көрөсүз. Апта соңунда каражатты ашыкча коротуу капчыгыңызга оорчулук алып келет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта ичи иштин көптүгү менен оор болсо да, жыйынтыгы жемиштүү болмокчу. Каржы жаатындагы маселелер оң жагына чечилип, санааңыз тынат. Бейшембиде бойдокторду жагымдуу таанышуулар күтөт. Кээ бирлердин жылдызы келишип, үй-бүлө очогун тутантууга кадам таштоолору мүмкүн. Дем алыш күндөрү төрүңүздөн коноктор орун алат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чечкиндүү кадамдарга баруудан коркпой, ишти өз колуңузга алыңыз жана өз билгениңиздей аткарсаңыз, көңүлдөгүдөй жыйынтыкка жетесиз. Башкалардын кеңешине кулак салсаңыз, адашып калууңуз мүмкүн. Бейшембиде жагымдуу окуянын үстүнөн чыгасыз. Жекшембини досторуңуздун курчоосунда өткөрөсүз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Алдыга койгон планды ишке ашырууга аракет кылыңыз. Ишти жалгыз баштоого көзүңүз жетпесе, жакындарыңыздын жардамына таяныңыз. Сүйүү жаатында күтүлбөгөн окуяга кабылышыңыз мүмкүн. Бирок убактылуу азгырыктан баш тартыңыз. Болбосо үй-бүлө очогуна өзүңүз суу сээп аласыз. Ишембиде жеке жашооңузга байланышкан маселеге башкаларды аралаштырбаңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө көңүлдү чөгөрө турган ушак сыяктуу жагымсыз окуялар орун алат. Шейшембиде жасаган эмгегиңиз үчүн жылуу сөз угасыз. Жардамыңызды аябаңыз. Шаршембиде бирөөгө тапшырган ишиңиз көңүлдөгүдөй жыйынтык бербей калышы мүмкүн. Жума күнү жаңы адам менен кездешүү күтүлүүдө. Эс алуу күндөрүндө үй иштери менен алектенүүгө туура келет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Өз алдыңызча чечим чыгарып иш кылуу катачылыкка алып келет. Андыктан иш билги адамдан кеңеш сураганыңыз оң. Каржылык абалыңызды жакшыртууга шарт түзүлөт, колдон чыгарбаңыз. Шаршембиде кандай чөйрөдө болсоңуз да, сабырдуу болуңуз. Апта соңунда чыгармачыл адамдарды ийгиликтер күтөт. Айрымдар материалдык байлыкка ээ болушат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул апта активдүү күндөргө бай болмокчу. Чөйрөңүз жаңы адамдар менен толукталат. Досторуңуздан түшкөн сунушка макул болуңуз, жыйынтыгы сизге да пайда алып келет. Жума күнү жубайлар же кесиптештер ортосунда пикир келишпестиктер болуп кетүүсү мүмкүн. Кейибеңиз, баары жайына түшөт. Апта соңунда үй иштери менен алектенесиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада кийинкиге калтырууга болбой турган иштер чыгат. Талыкпай эмгектенсеңиз, жыйынтыгы жакшы кирешени камсыздайт. Апта ортосунда кээ бирлер башка жумушка которулуусу мүмкүн. Ал эми аптанын экинчи жарымында үй-бүлөңүз менен жагымдуу окуяга күбө болосуз. Дем алыш күндөрү көптөн күткөн тилегиңиз орундалып кубанасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Келерки аптада маанилүү чечимдерди кабыл алууга туура келет. Тобокелдикке баруучу иштерди кийинкиге калтыра турганыңыз туура. Үй-бүлө мүчөлөрү арасында акчага байланыштуу чатак чыгышы ыктымал. Бейшембиде сезимдер козголуп, жаңы мамиле башталышы мүмкүн. Ден соолугуңузга кам көрүп, ишиңизден эмгек өргүү алганыңыз туура.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан