Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жайгашып, эки мамлекетти бөлүп турган Чүй дарыясы акыркы 5 жыл аралыгында Кыргызстандын 500 гектарга чукул аянтын жеп кеткен. Суу жеп кеткен бул аянттын көпчүлүк бөлүгү айдоо аянттары болгон. Ал гана эмес, айрым учурларда турак жайларга чейин зыян келтирип, жергиликтүү тургундар орун которуп, көчүүгө мажбур болушкан.
«Чүй дарыясынын 150 чакырымдык аралыгында 39 жер опурталдуу деп табылып, быйыл анын 12синде бекемдөө иштери жүргүзүлөт. Бул иштерге жалпысынан 200 миллион сом каралып, учурда анын төртөөсүндө тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Аймактагы бардык иштерди бүтүрүүгө 5 жылдык план коюлган жана ага 1 миллиард сом жумшалмакчы. Эгер акча үзгүлтүксүз берилсе, анда жумушту уланта беребиз»,- дейт Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.
Кургак аянтты жеп жаткан суунун нугун буруу үчүн таш төгүлүп, атайын тосмо курулууда. Мындай иштер коркунучтуу жана кооптуу делген жерлерде жүрүп жатат. Мисалы, Камышановка айылында Союз убагында сибирь жарасынан өлгөн малдын тарпы көмүлгөн. Жер алдына бекитилген илдеттин очогун суу жеп кетүү коркунучу туулуп, бул аймактын жээгине биринчилерден болуп таш төшөлүп жатыптыр.
«Казакстан өз аймагын зым тосмо менен тосуп, дарыянын оң жээгин бекемдеп алган. Чек араны такташуу учурунда айрым жерлер казак тарапка өтүп кеткен»,- дейт депутат Эсенгул Исаков. Эл өкүлү бул маселени кайра карап чыгуу зарыл деген пикирде.