"АТА МЕКЕН" МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ
Алты айдан бери аягы тыйылчудай көрүнбөгөн Апрель революциясындагы талап-тоноочулук маселеси бизге «жазды» мезгилинен мурда алып келди. Массалык митингдер демейде көктөмдө башталчу эле, бул сапар «ата мекенчилердин» жактоочулары февралдын суугуна карабай 13-февраль күнү «Ала-Тоо» аянтына топтолушуп, чоң митинг өткөрүштү. Митингде партиянын лидерине жана депутаттарына коюлган каралоону токтотуу, тарыхты бурмалабай калтыруу талап кылынды. Бул аралыкта ЖКда 2010-жылы Апрель окуясында Бакиевдерге тиешелүү мүлктөрдү талап-тоноого «Ата Мекендин» депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековдун тиешеси бар-жоктугу боюнча маселе каралып жаткан.
Бир эле окуянын баяндоосун депутаттар кеминде жүз вариантта угушту. Акырында «кимиңердики чын, кимиңердики калп?» деп баш чайкап отуруп калышты. Мындан көрө трибунанын ордуна калп тапкыч детекторду орнотуп коюшса, балким, баш оорутмайдан оңоюраак кутулушат беле?..
ШЫЛУУНДУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГАРЫП АЛЫШТЫПарламентте кызуу талкууланган маселе кимден улам күч алганын билебиз. Тилинен чаң чыккан Абдулла Юсупов аттуу шылуун түрмөдө отуруп алып телеканалдардын бирине «төрт депутат менен талап-тоноо иштерине катышкам» деп саймедиреген. Ошондон бери парламентте тынчтык, депутаттарда уйку жок. Күдүктүү бир адамдын сөзүнө таянып, ишенип, парламенттик трибунадан кесиптештерине доо койгондор көп болду. Алар түрмөдө отурган, баскан-турганы, сүйлөгөнү, өмүр-баяны күмөндүү адамды улам ооз көптүрө айтып отурушуп, республикалык деңгээлге чыгарып алышты. Бул эргул катуу эргип кеткен маалында Апрель революциясынын баатыры Алиясбек Алымкуловду да "мародёр" атап ийген. Дагы жакшы, учурдагы министр Алымкуловдун ишенимдүү алибиси бар эле. Апрель окуясында кан төккөн бул мырза талап-тоноочулук маалында ажал менен алышып ооруканада жатканын жалпы коомчулук билбесе, бул баатырды да кайдагы бир шылуундун кебине таянып комиссиядан комиссияга, соттон-сотко сүйрөп кыйнамак окшойбуз.
Абактагы адамдын айткан сөзүнө таянып комиссия да түзүштү. Анын төрагасы Курманбек Осмонов кыргыз тилинде да, орус тилинде да, оозеки да, жазуу түрүндө да «талап-тоноо иштерине Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин тиешеси жок» деп бүтүм чыгарды. Ал эми Башкы прокуратура менен ИИМ буга чейин айтылган дооматтардын бири да далил таппаганын билдирген.
Парламенттин трибунасынан абдан олуттуу, акылдуу түр көрсөтө, кайдагы бир шылуунга таянуу менен "Ата Мекенди" сындап жаткан айрым депутаттарга суроо бергибиз келет. Урматтуулар, өзүн президенттик тактыга алып келген элине каршы ок аттырып, туулуп-өскөн жерин канга бөлөгөндөргө каршы эмне мынча кызуу сын айтпайсыздар? Үлкөн кызматтагы кишилерге чейин өлтүртүп, өрттөтүп, жерин, кенин саткандарды эмнеге ушундай жулунуу менен сындабайсыздар? Элдин эсебинен миллиондорду кымырып алып, силердин катарыңардан жылуу-жумшак орун алган коллегаларыңарды соттоого келгенде эмне мынча активдүүлүк көрсөтпөйсүздөр? Кыргызстанды бүгүнкү кейипке жеткиргендерди, анын урпактарына чейин кенен жетер кенин болор-болбос акчага пулдап ийгендерди эмнеге ушундай жулунуу, ушундай кызуу кандуулук менен сындабайсыздар? Эмнеге аларды ушундай жулунуу менен соттоп, жазалап, мамлекеттен уурдап алган каражаттарын кайтарууну талап кылбайсыздар? Эмне үчүн кыргыз калкын ушундай зомбулуктан бошотууга жан үрөп аракет кылган партияга шойкомдуу бирөөнүн айтуусу боюнча эле жабышып, аларды боктоп-сындап жатып калдыңыздар? Саясат дегениң ушундай балит экен, кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн көз көрүнөө эле акты кара кылып көрсөтүп салыштары мүмкүн.
Жыйын соңунда депутаттар тиешелүү комиссия, Башкы прокуратура жана ИИМдин маалыматын кабыл алган токтомду токушту. Токтом укук коргоо органдарына жөнөтүлүп, үч ай ичинде Башкы прокуратура парламентке иликтөөнүн жыйынтыгын тааныштырмай болду.
БИР ТУУГАН БАКИЕВДЕР СЫРТЫНАН СОТТОЛДУ
Президенттик администрациянын экс-башчысы Медет Садыркуловдун киши колдуу өлүмү боюнча Курманбек Бакиев 24 жылга, ал эми анын бир тууган иниси Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылды. Бакиевдер колго түшүрүлбөгөнүнөн улам Бишкек гарнизонунун аскердик соту аларды сырттан соттоду. Алардын үй-мүлкү конфискациялана турган болду. Айтмакчы, Жаныш Бакиев «генерал-лейтенант» деген аскердик наамынан да айрылды. Соттолгон ага-ини Бакиевдер Александр Лукашенконун калкалоосу менен Беларуста күн көрүп келишет. Ал эми Улуу Британияда кармалган Максим Бакиевдин кылмыш ишин кароо 13-майга калтырылган.
Ошентип, Медет Садыркуловдун ишине да чекит коюлгансыды. Буга чейин бул кылмыш ишинде айыпталган жетөөнүн бешөөсү 5тен 18 жылга чейин эркинен ажыратылса, калган экөө амнистия менен бошотулган.
ДЕПУТАТТАР АЙЛЫКТАРЫН ЖАШЫРУУГА ӨТТҮ
Жогорку Сот депутаттардын айлыгын элге ачык жарыялабоо боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу депутат Бөдөш Мамырова: «Биз жарандык коомдун алдында өз айлыгыбыз тууралуу отчёт берүүгө милдеттүү эмеспиз. Учурдагы Конституция иштелип жатканда Төлөйкан Исмаилова менен Динара Ошурахунова кайда жүрдү эле? Ошондо андай талапты киргизүү керек болчу»,- деди.
Эске салсак, «Жарандар коррупцияга каршы күрөшүү» коомдук уюму Бишкектин райондор аралык сотуна "Жогорку Кеңеш депутаттардын айлык акылары боюнча коомчулукка ачык маалымат берип турсун" деп арыз жазган. Өткөн жылы аталган сот аны канааттандырган чечим чыгарганда парламент апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот апелляциялык арызды канааттандырган эмес. Бирок үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Жогорку Сот буга чейинки соттордун чечимин жокко чыгарды жана "депутаттардын айлык акысы сыр катары сакталат" деген чечимин жарыялады.